Малай акимдер үммөттүн биригишине негизги тоскоолдук болууда

225
0

Малай акимдер үммөттүн биригишине негизги тоскоолдук болууда

Монгол императору Чыңгыз хандын Бухара шаарына болгон жортуулу ийгиликсиз аяктап, күчү жетпешине көзү жетет. Ошондо Чыңгыз хан Бухара калкына кат жолдоп мындай дейт: “Ким биздин катарыбызга кошулса, анын коопсуздугуна кепилдик берем”. Натыйжада шаар калкы монголдордун сунушун кабыл алабыз жана кабыл албайбыз деген эки тайпага бөлүнүп калат. Бул кабарды уккан Чыңгыз хан кайрадан кат жолдоп: “Бизге каршы чыккандарга каршы, биздин катарда туруп согушкандарга шаардын бийлигин беребиз”, – деп кайрылат. Натыйжада, монголдорго моюн сунгандар согуш баштап, жеңишке жетишет. А бирок, шаарды караткан монголдор кыянаттык кылгандардын колунан куралдарын алып, аларды өлтүрүүнү буйруйт. Андан соң Чыңгыз хан ушул белгилүү сөзүн айткан: “Эгер өз жетекчилерине ишенгенде, душманы болгон биздин пайдабызга кыянаттык кылышпайт эле”. (Ибн Асир, Камил фит-Тарих)

Ислам тарыхында үммөттүн башына түшкөн кордуктар өз жетекчилерине ишенбей, баскынчы каапырлардын күчүнө ишенгендиктери акыбетинде жүз бергени талашсыз. Тилекке каршы бүгүнкү күндө дагы үммөттүн башына келген мусийбаттар өз жетекчилерибиздин үммөттүн эмес, каапыр колонизаторлордун күчүнө таянгандыгы себептүү болуп жатат. Буга Сирия кризиси жаркын мисал боло алат.

Жакынкы Чыгыштагы Үммөттүн козголоңу уурдалып, анын аесуз бастырылышына колонизатор АКШ, Европа жана Россия менен бирге аймактагы Иран, Саудия жана Түркиянын саткындык аракеттеринин ролу чоң болууда. Анткени, Америка Шам козголоңу региондогу башка козголоңдордон айырмаланып турганын түшүндү. Ошондуктан, аймактагы малай акимдерге роль бөлүп берди. Маселен, Ирандын “хизбулла” уюму Асад режимин бекемдөө үчүн Исламды алып келүүгө аракет кылгандарга каршы согуш алып барат. Саудия менен Бириккен Араб Эмирлиги болсо бир тараптан эл аралык коалициянын чыгымдарын жаап, экинчи тараптан күрддөргө каржылык, курал-жарак жактан көмөк көрсөтүү ролун алды. Мындай жардамдар эң башта жихадий уюмдар үчүн да ачык болуп, кийин алар АКШ кызыкчылыгындагы сүйлөшүү столдоруна катышпай коюп, эшиктер алар үчүн жабылды. Түркия болсо Асад режимине альтернатива катары пайда болгон “Сирия эркин армиясы” менен бирге “Ислам мамлекети” уюмуна, күрд күчтөрүнө каршы күрөш алып барат. Ошондой эле күрддөр тарабынан “Сирия демократиялык күчү” түптөлүп, АКШ кызыкчылыгына ылайык, алар жихадий уюмдарга каршы күрөшүүдө.

Бул акимдердин милдети – зомбулук, кыргын жана Шам калкынын үй-жайларын ойрон кылып, аларды качкынга айлантуу болду. Маселен, «RT» веб-сайты 10-январда Ирандын Сирияга аралашуусу 500 миң адамдын өлүмүнө себеп болгонун жарыялады. Буга кошумча жарандардын жарымынан көбү жер которууга мажбур болгон. Калктын 90%ынын күнүмдүк кирешеси 2 доллардан төмөн. Ал эми козголоңчуларга «дос» көрүнгөн акимдер Американын малайы Башар режимин кулоодон сактап калуу үчүн козголоңчуларды максаттарынан-талаптарынан чалгытуу милдетин аткарып жатат. Алардын аракети менен «Женева-1»ден баштап, кийин Вена, Рияз, Москва, Астана жана Сочи сыяктуу сүйлөшүү столдору уюштурулду.

Буга кошумча Исламды жек көргөн жана Шам козголоңунун жеңишинен корккон чет элдик разведка тыңчылары Түркияда чогулуп, козголоңчуларга каршы айла-амал пландашты, согушкер топтордун жетекчилерин жана таасирдүү кишилерди туура жолдон адаштыруу үчүн аларды ыплас акчалар менен сатып алуу үстүндө иштешти. Алар Шам козголоңун да Мисир, Тунис, Ливия жана Ямандагы абалга салышмакчы. Бул өлкөлөрдө режим сакталып калып, айрым саясатчылар гана өзгөртүлдү, муну баарыбыз жакшы билебиз. Ошондуктан, он жылдан бери АКШ, Европа, Түркия, Россия жана Иран Сириянын келечеги «саясий чечим» деп келишет! Бирок, бул чечимди аскерий жол менен зордоп тыгыштырышууда, учактар, замбиректер, ракеталар, орус кресттүүлөрүнүн жана Асад Нусайрилеринин чабуулдары менен ишке ашырылууда. Түрк режими саясий айла-амал кылып, согушкер топтордун курал-жарагын көзөмөлгө алууда… Ал эми, топтордун жетекчилери «колдоочу» мамлекеттер менен алака кылып, алардын буйруктарына итаат кылышууда!

Ошентип, учурда Сириянын 53,38 пайызын Асад режими, 25,65  пайызын “Сирия эркин армиясы”, 10,32 пайыз аймакты Түркия көзөмөлдөп турат. Калган майда аймактар жихадий уюмдар тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Жыйынтыктап айтканда, Сирия козголоңунун он жылдан бери басылбай жатканынын бирден бир себеби, АКШнын араб жазы өлкөлөрүндө колдонгон ыкмасы ишке жарабай калганында. Тагыраагы, АКШ башка ыңкылаптарда башкаруучу малай акимди алмаштыруу менен же аскерий көтөрүлүш аркылуу башкаруучу режимди алмаштыруу менен калкты сооротуп келген. Сирия маселесинде, үммөт АКШнын бул эки стратегиясына тең алданбады. Асаддын ордуна, анын режиминин ордуна сунушталган эч бир режим калк тарабынан кабыл алынбады. Натыйжада, АКШ баштаган күчтөр Асад режимин коргоого аргасыз болуп жатат. Ага каршы тарапты болсо ырайымсыз бастырууга аракеттенип жатышат. Бирок, идеологияга каршы аскерий күч менен күрөшүү ыкмасы тарыхта эч качан ийгилик алып келген эмес! Тескерисинче, Шамда болуп жаткан бул кыргын, кыянат жана зулумдар ыйманий мухитти, мабдаъий түшүнүктөрдү жана идеологиялык аракеттерди күчөтүүдө. Куфр дүйнөсү бул акыйкаттан албетте кабардар. Бирок, алардын кырдаалды убактылуу болсо да аскерий аракеттер менен бастырып, жашырып туруудан башка чарасы калбады!

Өкүнүчтүүсү, мусулман өлкөлөрүнүн акимдери эч уялбастан үммөткө саткындык кылууларын токтотпой жатат. Аларга акыйкат баян кылынган сайын өз кожоюндарын дагы көбүрөөк ыраазы кылып, өз мансаптарын сактап калуу үчүн ал акыйкаттан дагы да узакташууда. Алар өздөрүнөн мурдагы малай акимдердин тагдырлары кандай болгонуна назар салышпады, ал малайлардын доору бүткөн соң кожоюндары түкүрүп коюшкан эле. Буга Саддам Хусейн, Муаммар Каддафи, Хусни Мубарактардын жана башка малай акимдердин таржымалы жаркын мисал боло алат.

Мындай кордук 100 жылдан бери үммөттүн коргой турган калкансыз калгандыгы себептүү жүз берип жатат. Демек, абалдан чыгуунун чыныгы жолу да мына ушул улуу мамлекетти тикелөө менен болот. Албетте Аллахтын нусраты жакын…

«Албетте, Аллах Өзүнө (динине) жардам бергендерди үстөм кылат. Шек-күмөнсүз Аллах күчтүү, кудуреттүү»                                                                                                 [22:40]

Мумтаз Маверанахрий     

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here