АКШ Сауд Арабиядагы аскерий базаларын көбөйтүүдө

278
0

АКШ Сауд Арабиядагы аскерий базаларын көбөйтүүдө

Дүйнөлүк маалымат каражаттары кабарлашынча, АКШ Ирандын ыктымалдуу чабуулун жүйө келтирип, Сауд Арабиядагы аскерий базаларын көбөйтүү үстүндө иштеп жатканын билдирди. Бул тууралуу АКШ күчтөрүнүн Жакынкы Чыгыш боюнча борбордук командачылыгынын башчысы генерал Кеннет Маккензи мындай деди: «Биз жогорку тобокелчилик маалында учурдагы базаларды жаппастан, башка базаларга которулуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууну каалайбыз». АКШ бул өлкөнүн батыш тарабында жаңы аскерий базаларды курмакчы экендиги айтылууда.

Сауд Арабияда АКШнын аскерий базалары Перс булуңундагы кризистен кийин, 1992-жылдан баштап пайда болгон. Ал кезде Ирак Кувейтке бастырып кирип, АКШ жетектеген колициянын чабуулунан улам Кувейттен кайра чыгып кеткен. Мына ушул окуя (Ирак коркунучу) Саудияда АКШнын базаларын ачууга шылтоо болгон.

Ал эми, бүгүнкү күндө сунний-шиа маселеси атайын курчутулуп, Иран-араб өлкөлөрү ортосунда чоң чыңалуу жаралууда. Натыйжада АКШ Иранды мокочо кылып көрсөтүп, Иран коркунучу деген нерсе пайда болду. Ага кошумча, дагы бир коркунуч бар, бул – Йемендеги Хусийлер. Азыр Хусийлердин аткылоосу күчөгөн маал. Бул да шылтоо болуп берет. Негизи, хусийлер да АКШ куралы болуп, бирок, Иран колдоосу менен пардаланган. Ак үйдүн пресс катчысы Жен Псаки мындай дейт: «Сауд Арабия региондогу коркунучтардан коргонуп жаткан абалда турат. Алар өзүлөрүн коргоого абдан муктаж». Мына ушундайча АКШ бул коркунучтардан араб өлкөлөрүн коргоону шылтоолоп Перс булуңундагы өлкөлөрдө жана Саудияда аскерий базаларын сактап калды жана жаңыларын ачууда.

Бул коркунучтар жана Иран-араб чыңалуусу АКШга, Иран жана араб режимдерине пайдалуу болууда. АКШ андан пайдаланып, Жакынкы Чыгыштагы базаларын бекемдеп жатса, ал эми араб режимдери өз эли алдында актанып, АКШнын аскерий базаларынын болуусуна жогорудагы коркунучтарды шылтоо кылып көрсөтүшүүдө. Иранда экономикалык, социалдык абал абдан оор жана элдин режимге каршы нааразылыгы күч, ошондуктан элди басуу үчүн шылтоо керек, тагырак айтканда, сырткы душман керек. Кошуна өлкөдө «эң чоң шайтандын» аскерлери жайгашуусу эң жакшы шылтоо болуп берет.

Ушундай таризде АКШ Жакынкы Чыгышта өзү каалаган абалды жаратып, андан пайдаланып, өз кызыкчылыгын ишке ашырууда. Ошондуктан, бул чыңалуулар жалаң гана колонизатордун кызыкчылыктарына кызмат кылат. Эгер АКШнын бул саясатына каршы чыгып токтотулбаса, ал региондо согуш чыгаруусу да турган кеп.

Харун Абдулхак

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here