Дин комиссиясы диндер аралык диалогду күчөтмөкчү

322
0

Дин комиссиясы диндер аралык диалогду күчөтмөкчү

Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы 20-февралдан 25-февралга чейин 18 – 25 курактагы жаштар үчүн “Биримдик көп түрдүүлүктө” аттуу форум-лагерь өткөрүп жатат. Ага өлкөнүн жети аймагынан жаштар катышууда. Бул шерине “Кыргызстандагы дин таануу изилдөөлөр борбору” аттуу өкмөттүк эмес уюмдун өнөктөштүгү менен уюштурулган.

Иш-чаранын максаты өлкөдөгү дин аралык баарлашууну түзүүгө зарыл болгон жаштардын билимин жана көндүмдөрүн калыптандыруу. Программанын алкагында Имам Сарахси атындагы борбордук мечитке, Архангел Михаилдик чиркөөсүнө, Воскресенское жалпы чиркөөсүнө ж.б. диний жайларга саякат, аларды жеринен тааныштыруу чаралары жүргүзүлөт. Ошондой эле дин маселеси боюнча адистердин катышуусунда Кыргызстандагы диний көп түрдүүлүк, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат жана медиа-маалыматтык, санариптик сабаттуулук багытында атайын сабактар өтүлөт.

2010-жылдын башында АКШ президенти Барак Обама конгресс алдында сүйлөгөн сөзүндө, “Биз эми исламий өлкөлөрдө өз аскерлерибиздин жанын коркунучка салбайбыз. Эми алар өлкөлөрүндөгү “терроризм, экстремизмге” каршы жана алардын кооп-коркунучун алдын алуу үчүн өздөрү иш алып барышат. Биз аларга бул иштерде жардам көрсөтөбүз” деген жаңы стратегиясын жарыялаган.

Диндер аралык диалог түпкүлүгүндө мына ушул стратегиянын алкагындагы мээлүн Ислам долбоорунун бир бөлүгү болуп эсептелет. Бул долбоор, исламий өлкөлөрдө түптөлүп жаткан мабдаий исламга каршы алып барылмакчы. Бул үчүн куфр системасы бийлик өкүлдөрүн, коопсуздук кызматын, орган кызматкерлерин, исламий белгилүү адамдарды, исламий жамааттарды, муфтиятты, имамдарды өзүнө тартууда. Алар өздөрү көтөрүп чыгып жаткан бузук робиталары менен карапайым калкты чалгытып, аларды куфр менен келишилген исламий алакаларга чакырышууда! Муну менен куфр акыйдасына негизделген жана исламий өлкөлөрдө иш жүзүндө өкүм сүрүп келген капиталисттик идеологияга исламий түс берүүнү максат кылат. Бул болсо, үммөттү зулумдукка тартып бараткан исламий көрүнүштөгү куфр системасынын өмүрүн узартууга жардам берет. Аны коомдо жетекчи пикир катары сактап калууга аракет кылат. Натыйжада куфр системасы бир ок менен эки коён аткан болот. Тагыраагы, куфр биринчиден мусулмандарды Исламдан чалгытат. Экинчиден, аны куфр кызматчысына айландырып алат. Себеби, мээлүн мусулманчылыкты карманган адам бир аз убакыт өткөн соң, өзү таркатып жаткан “мээлүн исламды” коргой баштайт. Натыйжада мээлүндүк түшүнүгүнө каршы турган ар кандай күчтү жок кылууга бел байлайт. Өзүндө кубат жок болгондуктан, куфр уюмдары жана жергиликтүү орган кызматкерлери менен кызматташууга киришет. Үммөттү да ушуга чакыра баштайт. Себеби, өзү үчүн артка жол жок деп билип калат!

Мындай абалдын алдын алуу мүмкүн. Бул үчүн мабдаий даъватты өз мойнуна алган даъватчылар бул долбоордун канчалык кооптуу экенин түшүнүп жетишибиз керек. Андан соң куфрдун бул долбоору бизге каратылганын жана бизди коомдон түртүп чыгарып алган соң, бүткүл идеологиялык даъватты коомдон чыгарып жиберүүнү максат кылып жатканын түшүнүшбүз зарыл!

Демек, куфр тарабынан Ислам жана мусулмандарга келип жаткан бардык кооп-коркунучтар, мойнубуздагы важиб милдеттерибизди аткарууга олуттуу этибар каратышыбыз менен гана жокко чыгат! Эгер мабдаий даъватты үммөткө көтөрүп чыгууда суздук кылсак, куфр акыйдалары биз бошотуп койгон чөйрөнү ээлеп бара берет. Алар, биздин көз алдыбызда имамдарды өз жолдошторуна айландырып барышууда. Эми болсо, келечегибиз болгон жаштарды өздөрүнө тартып, мечит, шаар, кыштактарда жыйындарды уюштуруп, ал жерлерде пикир жеткирүү услубдарын күчөтүүдө. Алар биз көңүл бурбай калган бардык тармактарды өз көзөмөлүнө алышмакчы. Андыктан, Ислам терисин жамынган дин комиссиясынын аракеттерине, аларды өз жүгүртөктөрүнө айланткан куфр саясатына кайдыгер карабайлы. Тескерисинче, куфрдун ар бир аракетине исламий мабдаъий позицияларыбыздан туруп какшаткыч сокку берүүнү көз ирмемге да токтотпойлу. Аллах баарыбыздын кадамыбызды бекем кылсын! Анын нусратына татыктуу абалда турушубузду, жашашыбызды жана өлүшүбүздү насип кылсын!

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here