Шинжаңда жүз миңдеген мусулмандар пахта талаасында мажбурлап иштетилет

340
0

Шинжаңда жүз миңдеген мусулмандар пахта талаасында мажбурлап иштетилет

Америкалык аналитикалык борбор Бээжин Шинжаңда жүз миңдеген уйгурлар менен башка түпкүлүктүү мусулман элдеринин өкүлдөрүн күчтөп пахта талааларындагы ишке салганын билдирди. Шейшембиде «Глобалдуу саясат борбору» жарыялаган баяндамада айтылгандай, Кытай өкмөтүнүн расмий документтери жана маалымат каражаттарынын кабарлары уйгурлар көп жашаган үч райондо эле бери дегенде 570 миң киши пахта терүүгө жөнөтүлгөнүн айгинелейт. Алар жакырчылыкты азайтуу боюнча мамлекеттик программанын алкагында ишке тартылган.

Баяндамда Шинжаңдан экспорттолгон пахтанын көбү болжол менен элди күчтөп иштетүү аркылуу өндүрүлгөнү белгиленет. Жакында автоном районундагы жарым-жартылай аскердик «Шинжаң өндүрүш жана курулуш корпусу» аттуу мекеме менен байланышы бар компаниялардын пахтасын жана андан жасалган товарларын импорттоого АКШ тыюу салган. Сөз болгон бөлүк Кытайдагы ири пахта өндүрүүчү мекеме болуп саналат.

Өз кезегинде Кытай тышкы иштер министрлиги америкалык борбордун маалыматын четке кагып, Шинжаңдагы улуттардын өкүлдөрү кайсы жумушта иштөөнү өздөрү тандашарын, аларды эч ким күчкө салбаганын билдирди.

 Комментарий: Кытай 1949-жылы Чыгыш Түркстанды басып алгандан бери Чыгыш Түркстандагы мусулмандар кудайсыз Кытай режими колунда жырткычтык кыргындар жана азап-тозокторду башынан өткөрүп келет. Коммунист Кытай өкмөтү бир жагынан Чыгыш Түркстандагы байлыктарды ээлеп алган болсо, башка жагынан регион калкынын көпчүлүгүн түзгөн уйгур мусулмандарына карата репрессиячыл саясат колдоно баштады.

 Кытай Чыгыш Түркстанды басып алгандан бери ар түрдүү жырткычтык ыкмалары аркылуу миллиондогон мусулманды кырып жиберди. Кудайсыз өкмөт ушуну менен эле чектелбестен, мусулмандардын жүрөгүнөн Исламды өчүрүп салууга олуттуу киришти. Мусулмандарга диний билим алууга тыюу салынды. Жаштарга исламий билим берип жаткан аалымдар менен уламалар куугунтукталып, ар түрдүү айыптар менен камакка алынышты. Эркектерге сакал коюуга, аялдарга хижаб кийүүгө тыюу салынды. Имамдар аянта бийлөөгө мажбурланышты. Ал тургай, рамазан айында орозо кармоого, мамлекеттик кызматта иштеген мусулмандарга намаз окууга тыюу салынды. Мусулмандар чочконун этин жегенге, муслима карындаштарыбыз болсо нажас хань кытайлары менен турмуш курууга мажбурланышты…

Кытай бийлиги 2016-жылдан баштап “кайра тарбиялоо лагерлери” деп аталган аскерий лагерлерди куруп, ал жерлерге 1 миллиондон 3 миллионго чейин уйгур, казак, кыргыз жана башкалардан турган мусулмандарды жайгаштырды. Лагерлерге ташталган мусулман ата-энелердин балдарынан бир миллиондон ашыгын “мээримдүүлүк үйү” деп аталган лагерге тапшырып, аларды коммунисттик сакафат менен тарбиялай баштады. Расмий өкмөт 25 миң мечитти бузду. Тарыхий мечиттерди көңүл ачуучу жайларга айландырды.

Кудайсыз Кытай өкмөтү Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүн терроризм жана экстремизм менен күрөшүү шылтоосунда ишке ашырууда. Кытай өзү “кесипке даярдоо борборлору” деп атаган лагерлерди эл аралык уюмдар “кыйноого алуучу” жана акы төлөбөй иштетүүчү, эне тилинен пайдаланууга о.э. өздөрүнүн маданий жана диний каада-салттарын карманууга тыюу салуучу “концлагерлер” деп аташты.

Кытай өкмөтүнүн уйгур, казак, кыргыз жана башка аз сандуу мусулмандарга карата колдонуп жаткан зулумдары дүйнөлүк коомчулуктун, айрыкча, исламий өлкө башчыларынын көз алдында ишке ашууда. Исламий өлкөлөрдүн малай акимдери болсо мушрик өкмөттү тыйып коюунун ордуна, анын мусулмандарга каршы саясатын “Кытайдын ички иши” деген шылтоо менен колдоп келет.

Ушундай болгон соң, биз мусулмандар эл аралык коомчулуктан же башка малай акимдерден үмүттөнүп отурбастан, пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалыкты кайрадан тикелөө жолунда  жан-дилибиз менен кылышыбыз керек. Чыгыш Түркстандагы эле эмес, бардык исламий өлкөлөрдөгү мусулмандардын коопсуздугун жана акы-укуктарын Халифалык мамлекети гана камсыздай алат. Мына ошондо гана мусулмандар бардык ааламдардын Жаратуучусу болгон Аллах Тааланын бардык буйруктарын эч кимден тартынбастан,  ээн-эркин аткара алышат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here