Капиталисттик цивилизациянын «мөмөлөрүнөн»: Франция эркиндик күрөшчүсү эмес

279
0

Капиталисттик цивилизациянын «мөмөлөрүнөн»: Франция эркиндик күрөшчүсү эмес

«Ал-Жазира нет» сайтында хижрий 1442-жылы 28-рабиулаввал, миладий 2020-жылы 14-ноябрь күнү мындай кабар жарыяланды:

«Эл аралык Амнистия уюму маалымдашынча, француз мугалими Самюэль Пати Пайгамбар ﷺды акараттаган карикатураны көрсөтүшү артынан өлтүрүлүшү Франциянын үрөйүн учуруп, акыбетте өкмөт Франция мусулмандарын кемсинтүү кампаниясын дагы да күчөткөн.

Бу жөнүндө эки күн мурун уюмдун изилдөөчүсү Марко Перолини уюмдун сайтында жана Америкада чыккан «Newsweek» журналында макала жарыялады. Марко өз макаласында Франциянын ал эркиндиктин күрөшчүсү деген сөздөрү жалгандыгын, бул жөнүндөгү кайрылуулары эки жүздүүлүк экенин айткан.

Автор макалада мындай дейт:

«Франция өкмөтү ал айткандай эркиндиктин күрөшчүсү эмес. мунун мисалы: 2019-жылы эки киши тынчтык демонстрация чагында президент Эмманюэль Макрондун сүрөтүн өрттөгөнү үчүн сот аларга «кастык козутуу» айыбын коюп өкүм чыгарган. Азыр француз парламенти расмийлердин сүрөтүн социалдык тармактарда таратууну кылмыш эсептеген жаңы мыйзам долбоорун талкуулоодо… Француз өкмөтү бир тараптан ушундай багытты карманса, экинчи тараптан Мухаммад ﷺдын сүрөтүн карикатура кылуу укугун жан үрөп коргоодо. Анын бул аракеттерин түшүнүү кыйын… башка тараптан, бул өкмөт сөз эркиндиги укугун катуу коргоп жаткан болсо да, бирок, «Республика ыктоолорунун универсалдыгы» деген нерсени жүйөлөп мусулмандардын сөз жана ишеним эркиндигине адатта анчейин маани беребей жатат… Өкмөт илманийликти курал катары пайдаланып Франциядагы мусулмандарга диний кийим кийүүсүнө же мектептереде жана мамлекеттик мекемелерде диний кийим кийүүгө тыюу салууда… Франциянын башка тармактардагы сөз эркиндигинин абалы да жаман ахвалда. Анткени «мамлекет кызматкерлерин акараттоо» айыбы менен жыл сайын миңдеген жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылышат. Бул көз жаздымда калып жаткан «кылмыш иштери» болуп, өкмөт тынч оппозициянын үнүн өчүрүү үчүн ушундай мыйзамдарды жана сот өкүмдөрүн колдонууда… Франция исламий уюмдарды таркатып, мечиттерди жаап, муну «экстремизм» деген бүдөмүк түшүнүк менен түшүндүрүүдө жана өзгөчө абалды шылтоолоп жатат. «Экстремизм» сөзү көпчүлүк учурда диндар мусулман үчүн метафора катары колдонулууда… Франция өкмөтүнүн сөз эркиндиги деген жүйөсү анын шерменде эки жүздүүлүгүн жашыра албайт… Сөз эркиндиги баарына бирдей колдонулбаса, анын мааниси болбойт… Өкмөт сөз эркиндигин коргоо кампаниясынан адам укуктарын бузуу, кыйноо колдонуу сыяктуу өзүнүн иш-чаларын жашырууда пайдаланбашы керек… Биз мусулман азчылык Франциядагы улутчулдуктун курманы болуп жатканын айтуубуз экстремизм эмес».

 

Роя гезити, №313, 2020жыл, 18ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here