Тынчтык келишимиби же Судан калкынын кыйынчылыктарынан кирише алып алардын жарасына туз себүүбү?!

331
0

Тынчтык келишимиби же Судан калкынын кыйынчылыктарынан кирише алып алардын жарасына туз себүүбү?!

«Sudan Tribune» сайтында хижрий 1442-жылы 29-рабиулаввал күнү мындай кабар жарыяланды:

«Жекшемби күнү Судан борбору Козголоң Фронту жетекчилерин кабыл алды, алардын айрымдары Хартумдан чыгып кеткенине жыйырма жыл болгон.

Аэропортко биринчи болуп Мани Арка Мунавий делегациясынын атайын самолёту конду. Андан кийинки рейсте Козголоң Фронтунун Хадий Идрис, Малик Аккар жана Жибрил Иброхим жетектеген делегациясы келди. Эки делегация министрлер кеңсесине баруудан мурун алардын урматына аэропортто – абдан күчөтүлгөн коопсуздук чаралары менен бирге – расмий тосуп алуу ырасымы өткөрүлдү.

Премьер-министр Абдуллха Хамдук Козголоң Фронтунун жетекчилерин тосуп алып: «Бүгүн качкындар лагерлериндеги азап-кыйынчылыктарды токтотуу үчүн биринчи кадам ташталды», – деди.

Ал: «Биз Судан тарыхында биринчи жолу ушундай бир тынчтыкка жетиштик, ушул аркылуу Судан кризисинин тамырларын жок кылабыз. О.э. Судан мамлекеттүүлүгүн куруу маселесине да этибар берип, согушка, туруксуздукка жана маргинализацияга байланыштуу проблемаларды түптөн чечүүгө аракет кылабыз», – деп кошумчалады».

Роя:

Бу чыныгы тынчтык келишим эмес. Бул – кызмат орундарды колго алуу жана өкмөт менен куралдуу кыймылдардан турган саясий күчтөр ортосунда мансаптарды бөлүшүү келишими. Бул жерде тараптар бүткүл Судан вилаяттарын азапка салган проблеманын тамырын талкуулашпады. О.э. бул куралдуу кыймылдар да, калган Судан вилаяттары атынан кол койгондор да, өткөөл өкмөт да, эч бири Судан калкын айгинелебейт. Жок, алар колонизатор мамлекеттердин куурчактарынан башка нерсе эмес. Колонизатор мамлекеттер ушул куурчактары жардамында «тынчтык» маскасы астында Суданды бөлүп ыдыратуу планын ишке ашырууга аракет кылышууда.

Андан тышкары, бул келишим – өкмөт адамдарды ишендирүүгө урунуп жаткандай – экономикалык абалды оңдобойт. Тескерисинче, экономикалык кризисти курчутушу мүмкүн. Маселен, жаңы министрлик түзүлөт жана 300 же андан көп мүчөдөн турган мыйзам чыгаруу кеңеши түзүлөт жана суверендүү кеңеште да кошумча 3 орун бекитилет. Бул адамдардын баары бийликтен «майлуу үлүшкө» ээ болууну каалашат. Алардын кызматтарын жана каражаттарын адамдар түрдүү төлөм жана салыктар менен төлөшөт, бул болсо, элдин дагы да жакырлануусуна, азап-кыйынчылыктарды тартышына алып келет.

 

Роя гезити, №313, 2020жыл, 25ноябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here