Америка кызыкчылыктары бөлүнүп кеткен малайларды жакындаштырат

1225
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Америка кызыкчылыктары бөлүнүп кеткен малайларды жакындаштырат

Устаз Махмуд Лайсий – Мисир вилаяты

Биз мурун Эрдагандын Мисир режимине каршы, аны сындаган билдирүүлөрүн көп угуп келгенбиз. Муну ошол убакыт жана Америка кызыкчылыктары талап кылган. Мисалы, ал 2013-жылы ноябрда Түркия элчиси Мисирден чыгарылганда: «Биз төңкөрүш аркылуу бийликти ээлеп алгандарды эч качан урматтабайбыз», – деп билдирүү берген. О.э. Эрдаган Түркиянын түндүгүндө Гиресун вилаятында сүйлөгөн сөзүндө: «Кече Мисирде төңкөрүш жетекчиси Сисий уюштурган Европа Союзу менен Араб Мамлекеттери Лигасынын мүчөлөрү ортосунда жыйын болуп өттү», – деп: «Бийликти колго алгандан бери 42 кишини өлтүргөн Сисийдин чакыруусуна жооп бергенден кийин Европа Союзундагы демократия жөнүндө сүйлөөгө болобоу?!», – деп кошумчалаган. Эрдаган телевидениеге берген интервьюсунда алгачкы ирет Сисийге каршы сөз айткан. Ал Мисир президенти менен жолугушуу өткөрүү жөнүндөгү суроого минтип жооп берди: «Эмнеге Сисий менен жолугушпайсыз, деп суроо бергендерге жообум – мен андай адам менен таптакыр жолугушпаймын». («Русиял Явм», 2019-жыл, 26-февраль). Эрдаган Сисийге жана анын режимине ушундай мүнөз берген. Өз ара сөз “согушу” ушундай болгон. Айрыкча, Түркияда 2016-жылы мамлекеттик төңкөрүш жасоо аракетин колдогондой болуп көрүнгөн Мисир бул “согушту” катуу алып барган. Бирок, бул айтышуу жана сөз “согушу” чындык эмес. Тескерисинче, бул оюн Американын атаандаштары Мисир режиминин оппоненттерин, айрыкча, исламчыларды өздөрүнө тартып, алар аркылуу Американы Мисирден чыгарууга мүмкүнчүлүк берген чөйрөнү жаратууга аракет кылбашы үчүн оппозицияны жана исламчыларды токтотууга багытталган. Америка каалаган нерсесине жетти. Себеби, Америка көптөгөн Ихван жетекчилерин жана оппозиционерлерди токтотуп калды жана өтө албай турган кызыл сызыктар менен тизгиндеди. О.э. аларга демократия аркылуу режимге оппозиция болуу жана демократияны сактап калуу жоопкерчилигин жүктөдү. Ошентип, Эрдаган Мисир режиминин жана Сисийдин чыныгы колдоочусуна айланып, өз ара араздашуу токтоду. Эки мамлекет ортосунда соода айырбаштоо жана коопсуздук тармагында кызматташуу токтогон жок. Кала берсе, Мисирден Түркияга башбаанек сурап качып качып баргандардын айрымдары Мисир режимине тапшырылып, Мисирде өлүм жазасына тартылышты. Бул жагдай Мисирде жашап жаткан оппозиционерлердин чоңдоруна коркутуу катары болду. Т.а. эгер алар режимге жана Американын Мисирдеги кызыкчылыктарына зыян жеткиришсе, аларды да ушул тагдыр күтүп турганы эскертилди.

Үстүртөн пикирлеген Мисир оппозиционерлеринин көпчүлүгү Түркиядан баанек табышты. Алар Эрдаган менен Сисий ортосунда араздашуу бар жана Эрдаган жардам берет деп ойлошту. Эрдаган аларды кабыл алды жана бир аз тынчтануулары үчүн коргоого алды. Себеби, ошондо алар Мисир режимине оор жүк болбой, коркунуч туудурушпайт. Алардын көпчүлүгү соттун өкүмү себептүү Мисирге депортация кылынуу коркунучу астында эле. Ушуга ылайык, алар чар тарабы курчалган алкакта болуп, анын ичинде болушу жана андан чыкпашы талап кылынган. Түпкүлүгүндө, эч ким аларды камакка албаса да, алардын эркиндиги тартып алынган эле. Түркия алардын моюн сунбагандарынан жүз үйүрдү жана алар башка жактан башбаанек издеп Түркиядан чыгып кетишти. Алардын арасында өлкөдө жашоо укугу узартылбагандар жана Түркия жарандыгын алууга уруксат берибегендер бар. Айрыкча, Ихвандан баш тартуу эсептелген ошол сапардан кийин кээ бирлеринин жарандыгы бекер кылынды.

Биз бул сапардын болушун билгенбиз, алардын (Эрдаган менен Сисий) ортосундагы араздашуу “согушу” Америка кызыкчылыктарынын талабына ылайык болгонун айтып келгенбиз. Американын кызыкчылыктары аларды ар башка маселелерде өз ролун ойноого мажбур кылды. Эгер Американын кызыкчылыгы алардын мунасага келүүсүн талап кылса, бул шексиз болмок жана алар жолугушуп кучакташмак.

Бул жолугушуу жөн гана мунасага келүү болгон жок. Бул, оюн карталарын жана оюнчулардын ролдорун тартипке салуу, Америка чечүүгө аракет кылып жаткан жана Сисий чече албаган кээ бир маселелерди тапшыруу жолугушуусу болду. Газадагы кырдаал Рамазанга чейин келишим түзүү үчүн Хамас менен байланыш орнотуп, алардын талаптарын кыскартууга кудуреттүү Ислам көрүнүшүндөгү адамды талап кылат. Анткени, Батыш адамдардын кыжырынан коркуп, Рамазанда согушту улантуудан коркууда. Себеби, бул жагдай малай мусулман режимдерин кулата турган жарылууга жана бүткүл региондун Батышка көз каранды болуудан чыгышына алып келиши мүмкүн. Башка тараптан, Эрдаган Газаны калыбына келтирүү үчүн кээ бир түрк компанияларын тартуу аркылуу экономикалык кызыкчылыктарга умтулуп жатат. О.э. Мисирдеги оор экономикалык абалды жана Мисир режими аны чөгүүдөн куткара турган ар кандай нерсеге муктаж экендигин унутпашыбыз керек. Ыктымал, Мисир менен Түркия ортосундагы соода айырбаштоонун бир бөлүгү бул багытта бир аз болсо да Мисирге пайда алып келиши мүмкүн. Бул жерде эбак эле талкуу столуна коюлган Ливия маселеси да бар. Бул, Сомалиленд маселесинен айырмаланып, Америка өз таасирин кеңейтүүдө бул эки режимдин (Түркия менен Мисирдин) кызматташуусун талап кылган маселелердин бири… Т.а. бардык жолугушуулар Америка бүтүрүүнү каалаган маселелер, биринчи кезекте Газа, Рамазанга чейин убактылуу болсо да келишим түзүү аркылуу региондо туруктуулукту орнотуу жана Фалестин маселесин аягына чыгаруу үчүн Американын көз карашын камтыган «эки калк жана эки мамлекет» чечимин бекемдөө.

Эрдаган ойногон роль эң ыплас жана жийикеничтүү ролдордун бири. Биз Эрдаган Сисийге караганда жаман жана карамүртөз экендигин мурун да айткан элек. Ал Ислам көрүнүшүндө болгондуктан, үстүртөн пикирлеген, баёо исламчыларды алдоо үчүн Ислам байрагын көтөргөндөй болуп көрүнгөндүктөн, Ислам жана Уммат үчүн Сисийге караганда кооптуураак. Терең пикирлебегендер Эрдагандын Куръанды тилават кылганына, душман менен канкорду колдоп-кубаттап жатып, мазлумдарды колдогон ураандарына алданып калышат. Мисирдеги мамлекеттик төңкөрүштөн кийин Эрдаган Ихванга ушундай мамиле жасады. Ал жалындуу ураандарды айтып, бир нече жолу  «Робиа Адавий кыргыны» маселесин көтөргөн болсо да, аянттагы демонстранттарга жардам көрсөтүү жана аларды кыргын кылып жаткандарды токтотуу үчүн аракет кылбады. Кала берсе, он жыл  Мисир менен Түркия ортосундагы соода айырбаштоо токтогон жок. Эрдаган Газага да кудум ушундай жолду карманып, яхудийлерге азык-түлүк, кийим-кече жана темир жеткирип берүүдө. Ал тургай, Газадагы бомбалоолордон кийин ал жерде «Түркияда иштелип чыккан» деп жазылган бомбанын сыныктары табылганы айтылууда. Эрдаган Батыштын көрсөтмөлөрүн кабыл алган, Батыштын кызыкчылыктарын коргогон, Батыш карманган демократиянын алкагынан чыкпаган колго үйрөтүлгөн муътадил Исламды чагылдырат. Т.а. Эрдаган карманган Ислам – фикраты тарыйкатынан бөлүнгөн, Батыш ыраазы болгон жана анын кызыкчылыктарына коркунуч туудурбаган Ислам. Чындыгында, Эрдаган Халифалык мамлекетин кулаткан Мустафа Кемалдын небереси болуп, анын жолунда бара жатат.

Эрдаган Газа калкынан баш тартып, аларга каршы яхудийлерге жардам бергендердин эң чоңу жана катуу аракет кылганы. Андан жакшылык үмүт кылып, жардам үмүт кылгандар ал курулай ураандар менен аларды колдоп-кубатташын, душманды азык-түлүк, кийим-кече жана башка нерселер менен камсыздашын эмес, жеңиш алып келүүчү армияны жана чыныгы жардамды күтүшкөн. Шам козголоңун алсыраткан, Америка жамааттарды сатып алып, өзүнө тартуусуна мүмкүнчүлүк берген жана Халабды Россияга тапшырган да ушул Эрдаган болот. Эрдаган тирүү калуусун камсыздаган бардык негиздерин жоготкон кылмышкер Сирия режимин кайра тирилтти.

Бул өкүмдарлардын бардыгы, алардын башчысы, кала берсе, эң кара ниеттүүсү болгон Эрдаган Батыштын колундагы куралдан башка нерсе эмес. Алар Батыштын кызыкчылыктарын коргоого, өкүмдарлыгын бекемдөөгө о.э. өлкөлөрүбүздүн Батышка көз каранды болушуна чекит коё турган бардык нерсени алдын алууга аракет кылышат. Бул өкүмдарлардын ролун, алар Умматтын душманы болгон Батыштын колундагы курал экендигин исламчылар качан түшүнүп жетишет?! Качан аларга таянбайт жана качан адамдарды кул кылууларына мүмкүнчүлүк беришпейт?! Эгер Исламга таандыктыгын айткан айрым кишилердин баёолугу болбогондо, Эрдаган Шам козголоңун алсырата албайт эле. Эгер тил астындагы ууну жашырган жалындуу сөздөргө алданган үстүртөн пикирлеген исламчылар Эрдаганга таянышпаганда, ал Мисирдеги козголоңчулардын кайратын сындыра алмак эмес.

Бул мусулман өкүмдарлары Батыш каалаган тарапка багыт алышат. Алар эч бир максатка жана Батыштын эркинен башка эркке ээ эмес. Алар – Умматтан бөлүнгөн жана анын бактысыздыгына себепчи болгон адамдар. О.э. алар – душманды коргогон, Умматтын көз карандылыктан азат болушуна жол бербеген тоскоолдук.

Ооба, алар Умматтын дининен саясий акыйданы сууруп алып, Исламды Батыштын каалоосуна ылайык жана кызыкчылыктарына коркунуч туудурбай турган динге айлантуу үчүн динди жаңылоого умтулушууда. Бирок, алардын үмүттөрү жокко чыкты жана жаңылышты. Себеби, Уммат арасында Умматты Батышка көз каранды болуудан куткаруу жана Ислам мамлекети көлөкөсүндө исламий жашоону жандантуу үчүн күндү түнгө улап аракет кылып жаткан эр кишилери бар. Ислам мамлекети чегараларды жокко чыгарып, басып алынган жерлерибизди азат кылат, мазлумга жардам берип, Умматты мурункудай кайра дагы бүткүл дүйнөнүн кожоюнуна айлантат. Ошондо аларга “үмүтүңөр жокко чыкты, жеңилдиңер, Аллах Субханахунун убадасын жана Набийи Aдын башаратын ишке ашырышыбызга т.а. Исламды жана Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин кайра тикелешибизге тоскоолдук кыла албадыңар” деп айтабыз. Ал тургай, жек көрүүчүлөр каалашпаса да, Аллах Өз нурун чар тарапка жаюучу.

 

Роя гезити, №484, 2024-жыл, 28-февраль.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here