بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Шам козголоңу отту басып, онунчу жылга өттү
Ал калыс, аң-сезимдүү саясий жетекчиликке өтө-өтө муктаж
Доктор Мухаммад Хивраний
Хизб-ут-Тахрирдин Сирия вилаятындагы
алакалар бөлүмү мүчөсү
Ушул күндөрдө Шам козголоңу онунчу жылына кирди, ички да, тышкы да даражада өтө оор азап-кыйынчылыктарды башынан өткөрүүдө. Чынында, ал кооптуу бурулушка келди. Негизи, ансыз да көптөгөн өйдө-ылдый жолдорду басып келген. Дээрлик он жылды колунда чыныгы ойгонууга алып барчу өзгөрүү долбоору болгон о.э. туруктуу максаттарды карманган калыс жетекчиликсиз басып өттү.
Негизи, бул сыяктуу кылмышкер режимге каршы козголгон ар кандай элдик кыймылга карата ушундай болушу табигый. Асад режими өзүнүн каргашалуу өкүмдарлыгы доорунда ар кандай эркин үндү бууп келди о.э. ага насаат кылган, туура жолду көрсөткөн жана жакшылык кылган калкын залим жетекчилиги астында кармап турууга катуу аракет кылды.
Асад режими күчтүү коопсуздук кызматын орнотуп, камак лагерлер инфраструктураларын түздү, минбарларга өкүмдарлык кылып, калкты хидаяттан адашууга жетектөө максатында о.э. өзүнүн канкор чеңгелинен качып чыкпоо үчүн жарчы маалымат таратуучуларды даярдады.
Ал калктын эч бир жетекчисин, таасирдүү кишисин калтырбай жок кылды. Себеби, эгер бул калк анын көзөмөлүнөн чыгып кетсе да, калыс аң-сезимдүү жетекчиси болбойт, демек, аракети аксап адаша беришин билди… адашканда режим тезинен ага жетип алып, кайра өз зулумуна чөгөлөтүп алат.
Ар кандай аракет өз максатына жетиши жана умтулуусун жүзөгө чыгарышы үчүн шексиз бир жетекчи болушу шарт. Тартипсиз уланган элдик козголоңдор жетекчисиз жолун оңдой албайт, максатына жете албайт. Биз мусулман өлкөлөрүндөгү – араб жазы делген – козголоңдорду күзөттүк, алардын баарында өзгөрүүнүн дастуруна жана долбооруна ээ калыс аң-сезимдүү саясий жетекчилик болбоду. Ошондуктан, чет мамлекеттер оңой эле бул козголоңдорду тизгиндеп алып, максатынан адаштыра алышты.
Биз ыктымалдагы расмий жетекчиликке баа берүүдө аң-сезимдүү жана калыс болууга о.э. анын дастурун жана долбоорун аныктоого чакырабыз. Себеби, ушул козголоң учурунда жетекчилик маселесинде көптөгөн ийгиликсиздиктер болду, алар жөнүндө жакшы күмөндө болуп, кийин жакшы күмөн жокко чыккан абалдар көп болду.
Уммат бул режимдердин чыныгы жүзүн түшүнүп жетип козголгон болсо да, бирок, бул аң-сезим жалпы аң-сезимден келип чыккан. Ушул себептен улам, ар кандай бурулуш алдында токтоп, ойлонуп калды, ар бир жаңы окуя алдында токтоп, чын, аң-сезимдүү жана калыс кеңеш бере турган кишини издеди, ким сүйлөсө ошого кула салды, укканына амал кыла берди. Кудум чөгүп бара жаткан адам чөпкө асылгандай, Уммат максатка алып бара турган жолдорго да кадам шилтеди. Уммат түрдүү адамдарга, топторго, комитеттерге жана жетекчилерге ишенип үмүт кылды. Бирок, өкүнүчтүүсү, жетекчилердин кээ бирөөлөрү Уммат душманына малайлык кылуу же кызматташуу менен Умматтын үмүтүн жокко чыгарышты… Уммат муну кээде аң-сезимсиздиктен жана үстүртөн пикирлөөдөн кылса, кээде эч кандай аракет дастуруна ээ болушпагандыктан кылышты.
Ырас, элдик кыймылдар аң-сезимдүү калыс саясий жетекчиликке муктаж болгон соң, Шам козголоңу баарынан көбүрөөк муктаж. Себеби, Шам козголоңу бүткүл дүйнө кылмышкерлерине, тарыхта болуп көрбөгөн душмандыкка туш келүүдө. Дүйнө мамлекеттери Шам козголоңун жок кылуу үчүн тил бириктирип, айла-амал кылышты. Аракеттерди өз ара бөлүшүп алып, айрымдары куулук кылып Сирия калкына дос экенин көрсөттү, айрымдары колдоочу экенин айтышты, түпкүлүгүндө, баары бул козголоңду бууп, жок кылууга өтө аракет кылышты.
Шамдагы топтордун калыс согушкерлери өз жетекчилеринин душман менен кызматташуусу абдан кооптуу экенин түшүнүп жетишкен соң, калыс аң-сезимдүү жетекчиликтин ролу өтө маанилүү экени көрүнүп калды. Себеби, бул саткын жетекчилик өзүн колдоочу жана өкүл кылып көрсөткөн мамлекеттер буйругу менен жүздөгөн шаарларды жана айылдарды таштап чыкты. Бул абал Халаб, Гута, Каламун, Хивран, Идлиб жана Хама сыяктуу шаарларда көп ирет жасалды.
Ооба, душмандын пландарын түшүнүп жетүүчү аң-сезимдүү калыс саясий жетекчилик кандай гана зарыл экенин баары жон териси менен сезди. Азыркы топтордун жетекчилеринин ролу терс акыбеттерге алып бара жатканын көрүп турабыз. Себеби, алар дагы эле канкор режимдин коопсуздук күчтөрүнүн жана баскынчы орус командачыларынын сөздөрүнө кулак салып, ишенип жатышат… Көпчүлүк адамдар баскынчы орустар жана канкор режимдин коопсуздук күчтөрү менен бирге отурган бүгүнкү жетекчилерге Хивран оор убакта турганда ишенишкен эле. Бирок, бүгүн бул жетекчилер коопсуздукту сактоону, келишимдерди жана конвенцияларды шылтоолоп козголоңго жана козголоңчу жаштардын желкесине минип алышты. Негизи, убаданы да, милдетти да аткарбаган Асад режими турган соң, эч качан коопсуздук болбостугун жетекчилер да билишет. Мисалы, бүгүн Диръада отурган жетекчилер адамдардын козголоң кылуусуна жол берүүнүн ордуна, козголоң күнүн майрамдоо жана маанисиз демонстрацияларды өткөрүү менен алек… Акыйкатта болсо, учурда канкор режим Жиллин шаарын бомбалап, оор артиллерия жана ракеталар менен калктын канын дайра кылып төгүүдө.
Саясий жетекчиликтин вазыйпасы кооптуу орундарды көрсөтүп, андан этият болууну үйрөтүүгө гана чектелбейт. Муну менен бирге, жетекчиликте чаралар жана аң-сезим болушу керек, ушул аркылуу козголоңдун аракетин коргоп, өз максатына мүмкүн болушунча жеңил жол менен жетишин камсыздайт. Бул үчүн козголоңго жол көрсөтөт, максатына карай туура багытка баштап, ар бир проблемалар жана кыйынчылыктар үчүн зарыл чечимди берет. Албетте, ушул жолдо кабылчу кооп-оркунучтардан да эскертип турат. Негизгиси, бул жетекчиликтин колунда Умматтын режимди кулашынан мурунку жана кийинки умтулуусун жүзөгө чыгарчу долбоор болушу керек. Себеби, максатка алып баруучу дастуру жана өзгөртүү долбоору жок козголоң карамүртөз күчтөргө оңой олжо болот… Бул күчтөр аны иттей талап, өз максатына жетишишет. Тарыхта исламий жана кайрыисламий өлкөлөрдө болуп өткөн козголоңдор ушуга күбөлүк берүүдө. Өзгөчө, Мисир жана Тунис мисал.
Сөзүмдүн аягында ушуну айтмакчымын, Шам козголоңу үлкөн курмандыктарды берди. Козголоңчулар бүткүл дүйнөнүн көз алдында массалык өлтүрүү, кыйноо, зулум жана качкындык сыяктуу түрдүү азап кыйынчылыктардан турган эң оор күндөрдү башынан өткөрдү, дагы эле өткөрүүдө. Бирок, бул калкыбыз дале козголоңду толук аягына чыгаруу үчүн катуу турушат. Өлкө түштүгүндө, түндүгүндө жана Фурат чыгышында режимге кайтууну бүтүндөй четке кагып жаткан элдик кыймылдарга күбө болуп жатабыз жана бул козголоң жалыны адамдардын жүрөгүндө өчө элек экенине эң күчтүү далил. Себеби, онунчу жылына өткөн бул козголоң бүгүн кайраттуу туруп, жабыр көрсөтүүчүлөрдүн зөөкүрдүгүнө жана залимдердин зулумуна итаат кылууну таптакыр каалабаган козголоңго айланган. Адамдар Түркия кайгуул кызматтарына нааразылык билдирип «М5» трассасына чыгышканы ушул кайратка жаркын далил.
Максатка жетүү үчүн Аллах Субханахуга тобокел кылуу шарт. О.э. Аллахтын нусрат беришин жана жардам беришин ураан кылып алып, режимди кулатканыбыздан кийин жүзөгө чыгара турган максатыбызды ачык жарыялашыбыз зарыл. Максат – Аллах Азза ва Жалланы ыраазы кыла турган түзүмдү т.а. Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыкта көөдөлөнгөн улуу Ислам түзүмүн тикелөө. Ушул түзүм алсыздарды коргоп, бардык адамдарга адилеттик, бакыт жана урмат-сый жеткирет. Бул түзүм бүгүн адамзат ынтызар болуп күтүп жаткан түзүмгө айланды. Себеби, дүйнөнү башкарып жаткан жана адамзатты эзип жаткан түзүмдүн чыныгы жүзү адамдарга ачылды. Адамзат бул түзүм кулай баштаганын, аны менен бирге айла-амалдары да, алдоосу жана жалганы да кулап жатканын, анын альтернативасы Аллах Субханаху ва Тааланын түзүмү экенин көрүүдө.
Ошондой болгон соң, эй Шам калкы, биз силерди ушул толук ийгиликке жана улуу фазилетке чакырып жатабыз. Силерге жана бүткүл адамзатка жан берген роббаний жолго чакырабыз, демек, ушул изгиликти алуучулардан болгула. Аллах Таала айтат:
﴿يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اسْتَجِيبُوا لِلَّهِ وَلِلرَّسُولِ إِذَا دَعَاكُمْ لِمَا يُحْيِيكُمْ﴾
«Эй момундар, Аллах жана Анын пайгамбары силерди түбөлүк жашоо бере турган нерсеге чакырганда, аны кабыл алгыла» [8:24]
Роя гезити, №280, 2020-жыл, 1-апрель.