Коопсуздук кызматы пандемиядан пайдаланып, өзүлөрүн саламаттык сактоо кызматкерлери катары көрсөтүп Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүн камакка алууда

288
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Коопсуздук кызматы пандемиядан пайдаланып, өзүлөрүн саламаттык сактоо кызматкерлери катары көрсөтүп Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүн камакка алууда

Фалестин коопсуздук кызматы 2020-жылы 20-март күнү аср убагында устаз Асъад Кабажаны камакка алды. Таркумия шаарынан болгон устаз Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнөн, шаардагы «Шухада» башкы медресесинде сабак берет.

Коопсуздук кызматы устаз Кабажаны өтө жаман көрүнүштө камакка алышты. Алар устаздын үйүн тыкылдатып, саламаттыкты сактоо министрлигиненбиз, ачкыла, дешти. Устаз эшикти ачканда эч кандай ордерсиз аны камакка алышты. Жалган айтып, саламаттыкты сактоо министрлигиненбиз дегенден тышкары, устаздын перзенттери атасына умтулушканда коопсуздук кызматкерлери абага ок атышты… Алар мына ушундай жырткыч кылмыш менен устаздын тогуз жашка жете элек перзенттерин коркутушту.

Хизб-ут-Тахрир–Фалестин маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап азыркы өзгөчө кырдаалда болуп жаткан мындай саясий камакка алууларга нааразылык билдирди, коопсуздук кызматы ок атып катардагы адамдарды коркуткан акмактыгын каралады. Хизб Фалестин режиминен устаз Асъад Кабажанын тезинен азат кылууну талап кылып, ушундай оор шартта анын саламаттыгынын жоопкерчилигин режимге жүктөдү. Режим коронавируска карата саламаттыктын жана санитариянын эң жөнөкөй каражаттарына да ээ эмес.

Билдирүүдө айтылгандай, Фалестин режиминин мындай камакка алуулары жана орой аракеттери, анын Фалестин калкынын саламаттыгына кам көрөбүз деген сөздөрү жалган экенин көрсөтүүдө. Ким Фалестин калкынын саламаттыгын чынында эле ойлоп жаткан болсо, эч качан калкка зулум кылбайт, камак зындандарына таштабайт. Негизи, мындай өзгөчө кырдаалдарда башка мамлекеттер пикир туткундарын камактардан чыгарууда.

Билдирүүдө дагы ушулар баса белгиленди: «Режимдин мындай аракеттери Фалестин калкынын ачуусун дагы да күчөтөт. О.э. Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнүн акыйкатты бекем кармап, маъруфка буйруу жана мункардан кайтаруудагы кайратына кайрат кошот, вакиъликти өзгөртүү жана исламий жашоону кайрадан баштоо болгон Ислам акыйдасы буюрган саясий аракеттерди бекемдейт.

 

Роя гезити, №279, 2020-жыл, 25-март.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here