Проблемага экономикалык эмес, инсаний проблема катары жандашуу керек

298
0

Проблемага экономикалык эмес, инсаний проблема катары жандашуу керек

Коронавирус дүрбөлөңү дүйнө жүзүнө тарады. Телеканалдар, интернет барактары жана газета журналдар коронавирус проблемасы жөнүндөгү саясатчылар, эксперттер, профессорлор, журналисттер жана башка түрдүү тармак өкүлдөрүнүн талкуусуна толуп кетти.

Эгерде артка бир кадам таштап, болуп өткөн иштерге бир назар сала турган болсок, коронавирус дүүйнө жүзүнө кеңири жайылып кетишине негизинен капиталисттик түзүмдөн келип чыккан чечим себеп болгонун көрөбүз. Себеби, 2019-жылдын аягында Кытайдын Ухань шаарында пайда болгон оору адамдар арасында тез жайылышы белгилүү болгон убакта ага каршы шашылыш чара көрүлбөдү. Буга капитализм түшүнүгүнө ылайык проблеманы чечүүдө инсаний жакты эмес, экономикалык жакты жогору коюу себеп болду.

Мисалы, вирус тараганы белгилүү болгондон кийин да мамлекеттер аба жолдорун жабышпады. Эмне үчүн? Себеби, анда авиакомпаниялар зыян тартып калышы эсепке алынды. Натыйжада вирус тараган өлкөлөрдөн 10 миңдеген адамдар кирип-чыгышы акыбетинде башка адамдарда да бул оорунун белгилери көрүнө баштады.

Дагы бир мисал, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун пандемия экендигин 2 айдан кийин жарыялады. Эмне үчүн? Себеби, экономикалык күрөштө Кытайга сокку берүү үчүн АКШга бир шылтоо керек эле. Башкача айтканда, АКШ аталган вирус себептүү дүйнө жүзүндө өлгөн адамдар үчүн Кытайды айыптады, башкача айтканда Кытайды вирусту жашыргандыкта айыптап ага каршы 20 тириллиондук доо артты. Бирок, АКШнын өзү да бул вирустун күтүүсүз соккусуна дуушар болду. 285 миллиондон ашуун адам өлүмдөн коркуп үйлөрүнө камалып калганы себептүү чоң жана кичине ишканалар ишин токтотууга мажбур болушту. Натыйжада экономика изден чыкты. Алдын ала жетиштүү чааларды көрбөгөнү үчүн Трамптын имиджине доо кетти. Жер-асманга өкүмдарлык кылышын дабаа кылган мамлекеттин алсыз тараптары көрүнүп калды. Трамп бүгүнкү күндө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун да АКШга туура эмес сунуштарды бергендикте айыптай баштады.

Мындан тышкары, капиталисттик түзүм өкүм сүргөн мамлекетте – инсаний эмес, экономикалык жак жогору коюлгандыгы себептүү – дарылануу жеңил эмес. АКШда COVID-19 вирусун жуктуруп алган жана медициналык камсыздандыруусу болбогон адамдын текшерүүдөн өтүү жана дарылануу баасы 30 миңден 45 миң долларга чейин жетет, ал эми камсыздандырылган адамдын текшерүүдөн өтүшү жана дарылануу баасы болсо 9 миңден 20 миң долларга чейин.

АКШнын Лос-Анжелес штатында коронавирус жуктуруп алган 17 жаштагы жигит медициналык камсыздандыруусу жоктугу себептүү ооруканага кабыл алынбагандыктан каза болду. Лос-Анжелестин саламаттыкты сактоо кызматкерлери камсыздандыруусу болбогон жаш жигит коронавирустан каза болгонун билдиришти. Америкада 50 миллионго чукул адамдын камсыздандыруусу жок. Булар ооруга чалдыкса да ооруканага бара алышпайт. Бул бир гана АКШга тиешелүү эмес, капиталисттик  мамлекеттердин баарында абал ушундай. Болгону, кырдаалга карай ар түрдүү болуп жатат. Проблемага капитализм түшүнүгүнөн келип чыгып, экономикалык жактан жандашуунун натыйжасы мына ушундай болушу табигый көрүнүш.

Ал эми Ислам түзүмү ар кандай проблемага инсаний проблема катары жандашуусу менен башка түзүмдөрдөн айырмаланып турат. Эгерде бир жерде эпидемия тараса мамлекет дароо кирүү жана чыгуу жолдорун жабат. Соода мамилеси зыян тартышы эсепке алынбайт. Расулуллах ﷺ айтат:

«إِذَاسَمِعْتُمْبِالطَّاعُونِبِأَرْضٍفَلاَتَدْخُلُوهَا،وَإِذَاوَقَعَبِأَرْضٍوَأَنْتُمْبِهَافَلاَتَخْرُجُوامِنْهَا»

«Эгер, кайсы бир жерде кара тумоо оорусу чыккандыгын уксаңар, ага кирбегиле. Эгер, силер жашаган жерден чыкса, ал жерден чыкпагыла».

«لاَ تُورِدُوا المُمْرِضَ عَلَى المُصِحِّ»

«Оорулууну соо адамга жакындаштырбагыла».

Эгерде жугушутуу оору өлкө ичинде пайда болсо мамлекет жогорудагы хадистерге ылайык, ал жерди дароо көзөмөлгө (карантинге) алат. Тургундарды азык-түлүк менен камсыздоону мамлекет мойнуна алат, экономикалык зыяндарга кыпындай да көңүл бурулбайт. Мамлекеттин башка жерлеринде болсо жашоо мурункудай эле улана берет.

Жугуштуу оору болобу же башка оорубу айырмасыз, мамлекет ар бир жаранын медициналык кызмат менен акысыз камсыздайт. Акысыз медициналык кызмат мамлекеттин бюджетине оорчулук келтиришине каралбайт. Медициналык каражаттардын белгилүү бир чегин белгилөө менен андан ашыгын оорулуудан өндүрүп албайт, же кээ бир кымбат дарылар жана зарыл кызматтар оорулуунун мойнуна жүктөлбөйт. Себеби, Ислам түзүмүндө саламаттыкты сактоо проблемасына экономикалык эмес, инсаний проблема катары жандашылат.

Ошондуктан, коронавирустан сактануу мусулман адам үчүн шаръий өкүм болсо да, негизги маселе – зулум үстүнө курулган капитализмден баш тартып, адилеттүүлүк үстүнө курулган жана Аллахтын неъматы болгон Ислам түзүмүн жашоого кайтаруу.

Киямуддин Шариф

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here