Саудия “18 жаш кербенине” кошулду

446
0

Саудия “18 жаш кербенине” кошулду

Сауд Арабия өкмөтү 18 жашка толо элек кыздарга нике кыюуга тыюу салды. Бул тууралуу өлкөнүн юстиция министри Валид ас-Самаани билдирүү жасады.

Маалыматка ылайык, падышалыкта никеге туруу үчүн эң төмөнкү жаш 18 жаш болуп бекитилди. 18 жаштан кичүү балдар үйлөнүү үчүн соттун макулдугун алышы керектелет.

Белгилүү болгондой, Саудиянын башкаруу түзүмү королдук. Бирок, анын бийлиги ушул убакка чейин көпчүлүк мусулмандардын башын айлантып, королдукту Ислам мамлекетиндей кылып көрсөтүп келген. Туура, ал исламий мамлекет болбосо да, бирок, анда башка мамлекеттерге салыштырмалуу шарият өкүмдөрү көп колдонулат. Эми болсо, Саудия ал өкүмдөрдөн да баскычма-баскыч баш тартып барат.

Буга чейин Сауд Арабиясы 49 өлкөнүн туристтерине жеңилдик берип, аялдардын жоолуксуз өлкөгө киришине уруксат берген. Коштогон эч кимиси жок аялдарга да чектөө болбойт. Саудия падышалыгында демократиялык реформалар 2017-жылы Мухаммад бин Салмандын мураскер болуп жарыяланышынан кийин күч алган. Ал 2030-жылга чейинки стратегиясын жарыялап, алардын алгачкылары падышалыкта “аялдардын укугун көтөрүү” демилгелери менен башталды. Бул өзгөрүүлөр негизинен Ислам өкүмдөрүнө каршы келгендиктен, Батыш жана маалымат каражаттары ал окуяларды тынымсыз чагылдырып, колдоого алышууда. Маселен, буга чейин аялдарга саякатка чыгууга уруксат берилген падышалык жарлыкты Батыш басылмалары менен эксперттери мактоого алып, мындай кадамдардын улануусуна үмүт артышкан эле.

Түпкүлүгүндө нике тууралуу мыйзам долбоору Ислам шарияты өкүмүнө каршы кабыл алынган. Анткени, шариятта кыз турмушка чыгышы үчүн шарият өкүмдөрү жүктөлө тургандай акылга ээ болушу керек. Бирок, ошондой акылга 18 жашта толот деген эреже эч бир жерде жок. Тескерисинче, балагатка жеткен пенде кем акыл болбосо эле, анда ал никеге жарактуу эсептелет. Ал эми демократтардын эрежесине салсак, намаз окуш, хижабданыш ж.б.лар үчүн да 18 жашка чыгуу керек болуп калабы?

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here