Имран Хан жетектеген Пакистан режими кылмышкер Индия менен мамилелерди нормалдаштырууга болгон күчүн жумшоодо!

277
0

Имран Хан жетектеген Пакистан режими кылмышкер Индия менен мамилелерди нормалдаштырууга болгон күчүн жумшоодо!

Пакистан премьер-министри Имран Хан регионалдык тынчтыкка чакырды, Индия менен Пакистан ортосундагы достук мамиле Түштүк Азияда тынчтыкка жетүү үчүн өтө маанилүү экенин баса белгиледи. Имран Хан «Түштүк Азия жана Жакынкы Чыгышта тынчтык жана өнүгүү» деген 2019-жылдагы Маргала конференциясын жабуу жыйынында сүйлөгөн сөзүндө: «Биз Пакистан жана Индияда бири-бирибизге каршы согушуунун ордуна, жакырчылык, климаттын өзгөрүшү жана ачарчылык проблемаларына каршы күрөшүүбүз керек», – деди. Ал эл аралык коомчулукту Индиянын чабуулдарынан улам региондогу мамилелер курчуп жатканын эскертип: «Учурда эл аралык коомчулуктун аралашуусу өтө зарыл, антпесе, мунун акыбет бүткүл дүйнөгө таасир кылат», – деди.

Роя гезити:

Имран Хан жетектеген Пакистан өкмөтү түзүлгөн күндөн тартып Индия менен мамилелерди нормалдаштырууга болгон күчү менен аракет кылып келүүдө. Ошол эле учурда, Индиядагы Моди өкмөтү өзүн басмакчы эмес. Анткени, ал басып алынган Кашмирде алып барып жаткан репрессиячыл саясатын, чегара сызыгында жайгашкан Азат Кашмирдеги мусулмандарга карата душмандыгын улантууда чектен чыгууда. Бул душман мамлекет душмандыкты дагы да күчөтүшүнө Пакистан режиминин жумшак саясаты ыңгайлуу чөйрө жаратууда. Бул, акыркы жетимиш жылда ачык-айкын көрүнүп келген абал.

Исламда эч кандай кафир мамлекет менен туруктуу тынчтыкка кол коюлбайт. Мусулмандар Аллах түшүргөн өкүмдөр менен башкарганда гана Индия жарым аралында тынчтык орнотулат. Индияны дүйнөнүн экономикалык кыймылдаткычына айланткан нерсе – Ислам. Ислам өкүм жүргүзгөн доордо Индия жарым аралындагы бардык улуттар жана калктар ынтымакта жашашкан. Ал эми, ал жердеги түзүм жана башкаруу формасы өзгөргөндөн кийин регион жакырчылыкка малынды. Бирок, Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык аркылуу кайра Ислам өкүмдар болсо, бул капиталисттик түзүмдүн репрессиясы, зулуму жана жакырчылык шексиз жоюлат.

Роя гезити, №263, 2019-жыл, 4-декабрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here