Залмай Халилзад: Америка Иракты Ирандын пайдасы үчүн колдон чыгарган жок!!!

296
0

АКШнын Ирактагы мурунку элчиси Залмай Халилзаддын айтымында, АКШ Иракты Ирандын пайдасы үчүн колдон чыгарган жок. Бул Вашингтондун көз карашына тескери келет. Кошмо Штаттар мунун алдын алышы жана Ирак боюнча жаӊы жолдормолорду бериши мүмкүн.

Залмай «Wall Street Journal» гезитинде  жарык көргөн макаласында ИШИМ уюмунун кылмыштары көпчүлүк ирактыктарды Кошмо Штаттар менен жакшы алака орнотуу зарылдыгына ишендире алганын баса белгилейт.

Анын кошумча кылышынча, Ирактагы көптөгөн шиа жетекчилери Ирандан көӊүлү калып, эми Америка менен алаканы бекемдөөнү каалашат. Себеби, ал тургай ИШИМ уюму жок кылынгандан кийин да мамлекетте куралдуу топтордун ролу созулуп кетишинен о.э. алар кеӊири жайылып, шиа жарандык согушундагы куралга айланып калышы туурасында тынчсыздануу бар.

Анын айтымында, бул тынчсыздануу белгилери Садрий кыймылынын башчысы Муктада ас-Садр менен Ирак өкмөтү ортосунда түздөн-түз кагышуу чыгып кетиши коркунучунда көрүнө баштады. О.э. Муктада ас-Садр башчылык кылып жаткан бул коркунуч шиа жетекчилерин Америкадан дагы да көбүрөөк колдоо издөөгө үндөп жатат.

Залмай Ирандын эзүүсү жана анын Ирак суверенитетин сыйлабастыгы себептүү – айрыкча, Куддус күчтөрүнүн командачысы ирандык генерал Касим Сулайманийдин Багдаддагы жашыруун коопсуздук жолугушуусуна эч кандай виза же чакыруусуз кирип келишинен кийин – ирактыктар арасында катуу нааразылык жүзөгө чыккандыгын кошумча кылды. (Ал-Жазира нет).

Роя гезитинин комментарийи:

Ирандын эзүүсүнө карата чындыгында эле Ирак калкында же алардын көпчүлүгүндө күчтүү нааразылык бар. Анткени, Америка баскынчылыгынан кийин Иракта бийликке келген иранчыл акимдер адамдардын башына көптөгөн балээлерди алып келишти. Бул жаатта Иран колдоп-кубаттап келген куралдуу топтордун да ролу чоӊ… Бирок, Залмай Халилзад Ирандын Ирактагы терс ролу жөнүндө – тим эле Америка бул жаатта аппак сыяктуу же Иран Американы мажбурлап, Ирактын үстүнөн өкүмдар болуп алгандай сүйлөп жатат… Халилзад бул сөздөрү менен алдап жатат. Ал Ирак баскынында Американын ролун актамакчы болууда. Акыйкатта болсо, Иракты басып алып, өкмөт жана армиянын башына Иран адамдарын алып келген да мына ушул Америка. Бул болсо, америкалыктар Кошмо Штаттардын кызыкчылыгын коргоп, саясатын аткарууда Иран акимдерине ишене тургандыгын билдирет. Таӊ калычтуу жери, АКШ менен Иран ортосунда келишим болгону тууралуу жогорудагы гезитке интервью берген да мына ушул Америка элчиси Залмай Халилзад болчу. Ошондо ал: «2003-жылдын башында Буш админстрациясы менен Иран ортосунда Ирактын ортоктош багытын түзүп берүү үчүн Женевада жашыруун жолугушуу болуп өттү. Бул жолугушуу Кошмо Штаттар Саддам Хусейнди кулатууга даярданып жаткан бир учурда болду», — деген эле.

Жогорудагы сөздөрдөн алына турган сабак Ислам Үммөтүнүн чыныгы душманы колонизатор Батыш мамлекеттери экенин билип алуу. Себеби, айрым регионалдык мамлекеттер сыртынан таасирдүү болуп көрүнүшсө да, бирок исламий өлкөлөрдөгү чыныгы таасир ээлери ушул колонизатор куфр мамлекеттери. Өлкөлөрүбүздүн саясатын сызып берип жаткандар да ошолор. Мусулмандардын акимдери болсо ушул Батыш мамлекеттеринин саясаттарын ишке ашырып бере турган алардын колундагы куурчактар болуп эсептелишет. Ошондуктан, ишмердүүлүгүбүздү өлкөлөрүбүздү колонизатор кафирлер таасиринен куткарууга, ошону менен бирге, батышчыл малай акимдерди кулатууга каратышыбыз керек. Бирок, бүгүнкү акимдерди кулатуу негизги маселеге айланып калбашы керек. Себеби, бул аркылуу бир малайдын ордуна башка бир малайды алып келүү менен мусулмандар алданат. Тунис, Мисир жана Ливияда кудум ушул нерсе болду, Шамда да ушундай кылмакчы болуп турушат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here