Соода малдарынын зекети жөнүндөгү суроога жооп

441
0

Хизб-ут-Тахрир амири аалым Ато ибн Халил Абу Роштанын «Фейсбук» тармагынын колдонуучулары берген суроолоруна жооптору (фикхий)

Мухаммад Абу Юсуфтун (Mohamed Abou Youssef) соода малдарынын зекети жөнүндөгү суроосуна жооп

Суроо:

Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух, улуу шейхибиз, менде соода малдарынын зекети жөнүндө айрым суроолор бар. Зекет берилиши важиб болгон калдык соода малдары эсептелип чыккандан кийин зекет бериле турган малдардын кыйматын белгилеп чыгуу керек. Суроо сатуу үчүн кийинчерээк сатып алынган, бирок жыл толук айланганча сатылбаган товар жөнүндө. Мында ушул товар кайсы нарк менен бааланат? Сарп-каражат наркы мененби же анын базар наркы мененби? Т.а. сатуу наркы мененби же сатып алуу наркы мененби? Эгер, сатып алуу наркы менен десек, бул, белгилүү. Эгер, сатуу наркы менен десек, товар чекене нарк менен бааланабы же дүң нарк мененби? Товар башканын т.а. өкүлдүн колунда аманат сакталып турган болушу мүмкүн. Мында ал товар зекет берилип жаткан өлкөдөгү нарк менен бааланабы же товар турган өлкөдөгү нарк мененби? Көп жыл болсо да өтпөй калган товарларга – алар өзүнүн базар кыйматын жоготкон болсо да – өзүнчө, атайын зекет берилеби? Суроо узарып кеткени үчүн үзр сураймын. Аллах сизге барекет берсин.

Жооп:

Ва алайкум ассалам ва рохматуллохи ва барокатух.

Акчадан башка пайда көрүү максатында алып-сатылган бардык нерсе соода малдары болуп эсептелет. Мисалы, азык-түлүк, кийим-кече, мебель, өнөр жай продукциялары, айбандар, кен, жер, имараттар жана башка алып-сатылган нерселер.

Соода үчүн сатып алынган малдарга зекет берүү важиб болот. Самура ибн Жундубдан мындай дегени риваят кылынган: «Амма баъд, Расулуллах A бизди сатуу үчүн даярдап койгон нерселерибизден садака берүүбүздү буйруган». (Абу Давуд риваяты). Ал эми, Абу Зардан риваят кылынган хадисте Набий A:

«وَفِي البَزِّ صَدَقَتُهُ»

«Кийимдин өз садакасы бар» деди. (Дарукутний жана Байхакий риваяты). Бул хадисте соода кылына турган кийимдер жана кийим материалдары айтылууда. Абу Убайд Абу Амра ибн Хамастан, ал атасынан мындай дегенин риваят кылды: «Умар ибн Хаттаб алдымдан өтүп бара жатып: «Эй Хамас, малыңдын зекетин бер», — деди. Мен: «Тери жана саадактан башка малым жок», — дедим. Ошондо Умар: «Алардын кыйматын баалап зекетин бер», — деди». Абдуррахман ибн Абдулкарийден мындай дегени риваят кылынган: «Умар ибн Хаттаб заманында Байтул малга жооптуу болгон элем. Ал, Ато чыкканда соодагерлердин малдарын чогултуп бар болгонун да, гайыбын да эсептеп чыгып, кийин бар болгонунан барынын да, гайыбынын да зекетин алат эле». (Абу Убайд риваяты).

  • Ахмад өзүнүн муснадында Малик ибн Авс ибн Хадасан Насрийден, ал Абу Зардан мындай дегенин чыгарган: «Мен Расулуллах Aдын:

«فِي الْإِبِلِ صَدَقَتُهَا، وَفِي الْغَنَمِ صَدَقَتُهَا، وَفِي الْبَقَرِ صَدَقَتُهَا، وَفِي الْبَزِّ  صَدَقَتُهُ»

«Төөнүн өзүнүн садакасы бар. Койдун өзүнүн садакасы бар. Малдын өзүнүн садакасы бар. Кийимдин өзүнүн садакасы бар» дегенин уктум».

  • Нававий Мухаззаб шархы Мажмуъда ушуларды айтат:

«Соода малдарына зекет берүү важиб болот. Буга Абу Зар G риваят кылган Набий Aдын ушул сөзү далил болот:

«فِي الْإِبِلِ صَدَقَتُهَا، وَفِي الْبَقَرِ صَدَقَتُهَا، وَفِي الْبَزِّ  صَدَقَتُهُ»

«Төөнүн өзүнүн садакасы бар. Малдын өзүнүн садакасы бар. Кийимдин өзүнүн садакасы бар». Анткени, соода менен малды көбөйтүү көздөлөт. Ошондуктан, жайытта отогон мал сыяктуу зекет сооданы да камтыды. Шафиий G көрсөткөн эски жана жаңы нусустар соода зекетин берүүнүн важибдигин кубаттайт. Асхабдын Шафиий G мазхабы соода зекетин важиб деп билишине келишишкени белгилүү…».

  • Ибн Кудама Мугнийде ушуларды айткан:

«Көпчүлүк аалымдардын айтымында, соода малдарынын кыйматы барабарында зекет берүү важиб болот. Ибн Мунзир мындай деди: «Аалымдар соода кылына турган малдарга – эгер, аларга жыл айланса – зекет берилишине ижма кылышкан… Биз үчүн Абу Давуд өзүнүн иснады менен Самура ибн Жундубдан кылган ушул риваят далил:

«كَانَ رَسُولُ اللهِ A يَأْمُرُنَا أَنْ نُخْرِجَ الزَّكَاةَ مِمَّا نُعِدُّهُ لِلْبَيْعِ»

«Расулуллах A бизге соода үчүн даярдап коюлган нерселерден зекетберишибизди буйруган». Дарукутний болсо Абу Заррдан мындай дегенин риваят кылат: «Мен Расулуллах Aдын:

«فِي الْإِبِلِ صَدَقَتُهَا، وَفِي الْغَنَمِ صَدَقَتُهَا، وَفِي الْبَزِّ صَدَقَتُهُ»

«Төөнүн өзүнүн садакасы бар. Койдун өзүнүн садакасы бар. Кийимдин өзүнүн садакасы бар», дегенин уктум. Зекет нерсенин өзү менен эмес, кыйматы менен берилиши важиб экендигинде ихтилаф жок. Амр ибн Хамастан, ал болсо атасынан мындай дегенин риваят кылган: «Мага Умар: «Малыңдын зекетин бер», — деп буйруду. Мен: «Саадактан жана териден башка малым жок го?», — дедим. Ошондо Умар: «Алардын кыйматын баалап, зекеттерин бер», — деди. Муну имам Ахмад жана Абу Убайд риваят кылды».

  • Байхакий Сунан кубродо ушуларды чыгарган:

«Бизге Ахмад ибн Мухаммад ибн Харис факих хабар кылды, бизге Али ибн Умар хафиз жеткирди, бизге Абу Бакр Нисабурий хадис риваят кылды, бизге Ахмад ибн Мансур хадис риваят кылды, бизге Абу Асим Муса ибн Убайдадан хадис риваят кылды, мага Имран ибн Абу Анас Малик ибн Авс ибн Хадасандан мындай дегенин риваят кылды: «Биз Усмандын алдында олтурган элек. Ошондо Абу Зар келип калды. Ага, Эй Абу Зар, бизге Расулуллах Aдан бир хадис айтып бер дешти. Абу Зар: Мен Расулуллах Aдын:

«فِي الْإِبِلِ صَدَقَتُهَا وَفِي الْغَنَمِ صَدَقَتُهَا وَفِي الْبَقَرِ صَدَقَتُهَا وَفِي الْبَزِّ صَدَقَتُهُ»

«Төөнүн өзүнүн садакасы бор. Койдун өзүнүн садакасы бар. Малдын өзүнүн садакасы бар. Кийимдин өзүнүн садакасы бар» дегенин уктум, деди»».

Ошондуктан, соода малдарына – эгер, алардын кыйматы алтын нисабына же күмүш нисабына жетсе жана жыл айланса – зекет важиб болот.

Мисалы, соодагер өз соодасын нисабга жетпеген мал менен баштап, жылдын акырында мал нисабга жетип калса, бул малга зекет берилбейт. Анткени, нисаб үчүн толук бир жыл айланган жок. Толук бир жыл өткөндөн кийин соодагер бул малга ушул нисаб боюнча зекет бериши важиб болот.

Эгер, соодагер соодасын нисабдан ашкан мал менен баштаса, мисалы миң динар менен баштап, жылдын акырында соодасы көбөйүп үч миң динар кыйматында пайда алып келсе, соодагер ошол соодасын баштаган миң динардын эмес, үч миң динардын зекетин бериши важиб болот. Анткени, үч миң болуп көбөйүү ушул миңге караштуу. Андан түшкөн пайданын жыл айланышы асл каражаттын жыл айланышынын дал өзү. Мисалы, улак жана козулардагы сыяктуу. Анткени, алар энелери менен кошуп эсептелип, зекет берилет. Алардын энелерине жыл айланышы аларга да айланат. Малдын пайдасында да ушундай. Анткени, ага жыл айланышы ушул пайданы алып келген асл малга жыл айланышы менен өлчөнөт. Ошондуктан, жыл бүткөндө соодагер өзүнүн соода малдарынын кыйматын аныктайт. Соодагер зекет катары берүү важиб болгон төө, мал, кой сыяктуу малдарынын, же кийим, өнөр жай продукциялары, жер жана имарат сыяктуу зекет катары берүү важиб болбогон малдарынын баарын алтын же күмүш менен баалап чыгат жана алтын нисабынын кыйматына же күмүш нисабынын кыйматына жетсе, алардын ондон төртүн, «2,5%»ын зекет кылып берет. Аларга важиб болгон зекетти жүгүртүүдө жүргөн акча менен берет. Алардын зекетин алардын өзүнөн бериши да жайиз. Ушунусу жеңил болсо ушундай кылат. Мисалы кой, мал, кийим менен соода кылган киши ушундай кылышы мүмкүн. Зекет важиб болгон кыймат кой, же мал, же кийим кыйматынын зекетинен болот. Соодагер алардан зекет кылып акчаларды бериши да же кой, мал жана кийимдин өзүн бериши да мүмкүн. Кайсыны кааласа ошону кылат.

Төө, мал, кой сыяктуу нерсенин өзүндө зекет важиб болгон соода малдарында чарба зекети эмес, соода малдарынын зекети берилет. Анткени, бул малдарга ээ болуудан максат аларды мүлк кылуу эмес, соода.

Бул шаръий вакиълик түшүнүлгөн болсо, сурооңуздун жообу төмөнкүчө болот:

а)   Соода малдары базар наркы менен бааланат т.а. зекет берүүнүн убагы келген учурдагы сатылуу кыйматы менен бааланат. Анткени, бул ушул малдардын чыныгы кыйматы. Алар сатып алынгандагы нарк менен бааланбайт. Анткени, бул нарк товардын чыныгы наркын билдирген базар наркынан аз же көп болушу мүмкүн. Ошондуктан, базар наркы негиз болот.

б)   Сатуучу дүң соода кылса, анын товарлары дүң товарлар наркы менен бааланат. Чекене соода кылса, чекене нарк менен бааланат… Эми, эгер дүң соода менен чекене соода бир-бирине аралашып кетсе, экөөсүнүн соодасы ортосундагы нисбат алынат жана ушул нисбатка негизделет. Эгер, товардын жарымын дүң соода менен, жарымын чекене соода менен сатса товардын жарымы дүң баа менен, жарымы чекене баа менен бааланат ж.б.у.с.. Анткени, бул, товарлардын кыйматы жөнүндөгү акыйкатка жакыныраак иш.

в)   Товар соодагердин өлкөсүндөгү нарк менен эмес, товар турган өлкөдөгү базар наркы менен бааланат. Анткени, товар турган өлкөдөгү базар наркы анын чыныгы кыйматына жакыныраак.

г)   Бардык товарлар – өтпөй калганы да, өткөнү да – зекет берилген учурда бааланат. Анткени, товарлар – түпкүлүгүндө мал. Ошондуктан, өтпөй калган товарлар зекет берилген учурда өзүнүн базар кыйматы менен бааланат. Бул абалда алардын кыйматы өтпөй калышынан мурунку кыйматынан аз болушу табигый. Бул, ар жылы болот. Анткени, алар товарлар көрүнүшүндөгү акча. Ошондуктан, акчага жыл сайын зекет важиб болгондой, товарларга да зекет важиб болот.

д)   Соода малдарына акча зекет кылып берилет. Зекет товардын өзүнөн болушу да жайиз. Мисалы, 2000 зекет берүү важиб болсо жана бир товардын наркы 500 болсо, зекет берүүчү 4 товарды зекет кылып бериши мүмкүн. Бул болсо өтпөй калган товарды берүүгө мүмкүн кылат. Анткени, мында зекет кылып берилип жаткан мал акча эмес, товар болот. Натыйжада, зекет берүүчүнүн кызыкчылыгы эсепке алынган болот.

Бул маселеде мен рожих көргөн раъй мына ушул. Валлаху Аълам ва Ахкам.

                                                                                                      25-жумадус-саний, 1437-х.

                                                                                                                    3апрель, 2016м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here