Кэмерон: Британия террорго каршы турууда өзүнүн христиандык баалуулуктарын коргошу керек

222
0

Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон “Бириккен Королдук террор коркунучу каршысында биригиши жана христиандык баалуулуктарын коргошу керектигин” баса белгиледи.

Кэмерон Пасха майрамына байланыштуу Британия калкына жолдонгон кайрылуусунда жоопкерчиликти сезүү, олуттуу иштөө жана ырйымдуу болуу «түрдүү дин өкүлдөрү о.э. бирер динди кабыл албаган» адамдар үчүн маанилүү, деп айтты.

Ал Брюсселдеги чабуулдар сыяктуу террористтик чабуулдарга түрткү берип жаткан идеологияны жеӊүү мүмкүн экендигин, бул болсо, ушул баалуулуктарды сыймыктануу менен коргоо аркылуу ишке ашырыла тургандыгын кошумчалады.

Премьер-министр Британия христиандык баалуулуктарына ээ болгон христиан мамлекет болгону үчүн сыймыктанышы керектигин баса белгилеп: «Бирок, бул баалуулуктар Британиядагы ар бир адамга, ошону менен бирге түрдүү дин өкүлдөрүнө о.э. бирер динди кабыл албаган адамдарга кайрылып, жүздөнө турган баалуулуктар да болуп эсептелет», — деп кошумчалады.

Ал дагы «Биз баарыбыз биригишибиз жана баалуулуктарды коргошубуз керек» деп баса белгилеп, «Террорчулар ушул аптада Брюсселде ишке ашырганы сыяктуу, жашоо образыбызды бузууга аракет кылып жатышкан соӊ, бутка туруп бизди террор менен коркута албастыгын далилдешибиз керек» деп кошумчалады.

Кэмерон: «Биз бүгүнкү күрөштө баалуулуктарыбызды жана жашоо жолубузду сыймыктануу менен коргоо аркылуу террор артында турган ыпылас пикирди жеӊе алышыбызды көрсөтүп коюшубуз керек», — деди.

Роя гезитинин комментарийи:

Батыш өкүмдарлары өздөрүнүн илманий экендигин дааба кылышып, динди жекече маселе деп айтышат. Алардын айтымында, коомдук иштерге, мамлекеттин саясатын белгилөөгө о.э. үммөт же калктын проблемаларын чечүүгө диндин тиешеси жок. Алар муну кайра-кайра кайталашат го, бирок иш Ислам жана мусулмандарга о.э. аларга каршы күрөшүү жолдоруна такалып калганда болсо, динге кайрылышат… Диний маселелерге шектенүү менен карашын айтып келген премьер-министр бүгүнкү күнгө келип, христиандык баалуулуктардын коргоочусу катары көрүнүшү уят эле… Бул нерсе Американын мурдагы президенти кичүү Буштун 2001-жылдагы жарыясын эске түшүрөт. Ал Афганистанга каршы согушту крестүүлүк согушу деп жарыя кылган болчу. Алар Ислам жана мусулмандарга душмандыгы күчтүү болгондуктан о.э. өздөрүнүн өлкөсүндөгү адамдарды Исламга каршы аттандырууну каалап жаткандыктан ушундай кылып жатышат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here