Мюнхен билдирүүсү

252
0

Мюнхен билдирүүсү Американын режимди сактап калуу жана козголоңду муунтууга каратылган жол картасы боюнча ташталган кадам

Сирия козголоңу о.э. бул козголоңго байланыштуу позициялар жана окуялар удаама-удаа өзгөрүүлөргө күбө болууда. Бул козголоң Американын күн тартибиндеги саясий иштердин мазмунуна жана анын негизги милдетине айланды. Сирия козголоңу Жон Керринин тынчсыздануусу, жолугушуулары, аракеттери жана билдирүүлөрүнүн негизине айланып калды. Башка маселелер салыштырмалуу түрдө анын этибарынан четте калып кетти. Мындай абал жалгыз Америкага эле таандык эмес. Себеби, Шам козголоңу бүт дүйнө мамлекеттери маселесине айланды. Ал Жакынкы Чыгыштагы Американын эле таасирине эмес, Батыштын да бүт региондогу таасир жана кызыкчылыктарына коркунуч туудуруп жатат. Ошондуктан, Сирия козголоңу Мюнхен коопсуздук конференциясынын күн тартибине коюлгандыгы табигый көрүнүш. Мындан тышкары, Америка өз каалоосу жана пландарын эл аралык пикирлештик даражасына алып чыгуу үчүн мына ушундай эл аралык жолугушуулардан пайдаланууга аракет кылып жатат.

Сирия козголоңу башталган кезде Америка эч бир мамлекеттин Сирия ишине аралашуусуна жол бербеди. Кийин сүйлөшүүчүлүк жана оппозициялык ролун аткарышы үчүн Россияны чакырды жана мындан мурда Европанын кирүү дарбазаларын жабууну, кала берсе, өз планын тыгыштырууну көздөдү. Бирок ошого карабастан, Америка бул мамлекеттерди бир катар конференция жана жолугушууларга жасалма күбөлөр катары чогултту. Ушул аркылуу өзү каалап жаткан нерсеге эл аралык түс берип, бул мамлекеттердин добушун – алар сыртынан болсо да катышуусу менен – өчүрмөкчү болуп жатат. Себеби, ал Сириядагы окуялар жалынында, айрыкча, качкындар «терроризм» жалынында күйүп жатат. Мюнхен коопсуздук конференциясы – мейли катышуу жагынан эл аралык иш чара болсо да – бирок аны расмий токтомдор жана билдирүүлөр чыгарыла турган расмий жыйын деп атоого болбойт. Себеби, ал өкмөттүн конференциясы эмес, өзүнчө атайын конференция. Адатта анда сүйлөшүүлөр жана сунуштар болушу керек эле. Ал эми Сириядагы окуялардын өнүгүп кетиши, айрыкча, Асад режими Россиянын какшаткыч авиа соккулары о.э. куралдуу топтордун жардамында Халабга кутуруп чабуул кылышынын натыйжасында он миңдеген сириялыктар качкынга айланышы сыяктуу окуялар Американы Россия катышуусунда «Мюнхен билдирүүсү» же Мюнхен келишимдерин чыгарууга мажбур кылды.

Ушул Мюнхен билдирүүсү Коопсуздук Кеңешинин №2254-токтомун кайталаган. Коопсуздук Кеңешинин бул токтому 2016-жыл, 12-февралда «Ал-Жазира нет»те жарыя кылынды: «Американын тышкы иштер министри Жон Керри Сириядагы аскерий операцияларды бир аптанын ичинде токтотуу келишимине жетишүүнү баса белгиледи. Керри россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана БУУнун өкүлү Стефан де Мистура катышуусунда берген маалымат конференциясында аскерий операцияларды токтотуу келишими “Ислам Мамлекети” уюму менен Жабхатун Нусраны өз ичине албастыгын билдирди. Өз кезегинде, Лавров да чабуул операцияларын токтотууга келишилсе гана ок атууну токтотууга жетишүү мүмкүн экендигин баса белгиледи. Керри аскерий операцияларды токтотуу үчүн узак мөөнөттүү иш усулдарын иштеп чыгуу максатында жумушчу топ түзүлүшү керектигин ачыктады. Анын баса белгилешинче, гуманитардык жардам Дайриззур, Фавъа, Мадая, Маъзамияга жана бардык блокададагы региондорго же жардамдар жетип барышы кыйын болуп жаткан региондорго жакында жеткирилет. Лавров айрым региондорго жардамдарды асмандан таштоого келишип алышкандыгын билдирди…». 2016-жыл, 12-февралда «Россия Сегодня» сайтында мындай деп жарыя кылынды: «Сирияны колдоочу мамлекеттер тобунун Мюнхенде кабыл алган билдирүүсүндө Сирияда ок атууну токтотууга жетишүү, гуманитардык маселелерди чечүү жана саясий операция баштап, 18 айдын ичинде шайлоолорду өткөрүү айтылды. Ушул топко мүчө мамлекеттер Сирия сүйлөшүүлөрүнөн кийин 6 айдын ичинде саясий реформалар планын иштеп чыгууга о.э. өткөөл мезгил өкмөтүн түзүүгө, жаңы конституция иштеп чыгып, анын негизинде 18 айдын ичинде эркин жана адилеттүү шайлоолорду өткөрүүгө келишип алышты. Ошого карабастан, билдирүүдө Дамасктан да, оппозициядан да кайрадан сүйлөшүү өткөрүү үчүн белгиленген убакытка амал кылуу талап кылынбаган. А бирок, бардык тараптарды БУУнун аталыгы астында мүмкүн болушунча кыска убакыттын ичинде сүйлөшүүгө катышууга чакырылган».

Көрүнүп тургандай, Коопсуздук Кеңешинин №2254-токтомунда келген нерселер Мюнхен билдирүүсүндө да кайталанган. Ал эми «Россия сегодня» сайты жарыя кылган билдирүүнүн текстинде «өткөөл мезгил өкмөтүн түзүү» деген сөздүн колдонулганы көӊүлдү бурат. Себеби, Коопсуздук Кеңешинин токтомунда «өткөөл мезгил башкаруу комитетин түзүү» деп айтылган. Өткөөл мезгил өкмөтү деген сөз Керринин оозунан чыккан. Ал «Женева-2» конференциясынан мурда Рияз Хижаб менен жолугушкан жана ага Сирияда өткөөл мезгил комитети эмес, улуттук биримдик өкмөтү түзүлө тургандыгын билдирген. 2016-жыл, 25-январда «Муфаккира Ислам» сайтында мындай деп келген: «… Ушул булактын кошумча кылышынча, Керри Рияз Хижабга Женева жолугушуусунда реформа өткөрүү укугуна ээ өткөөл мезгил комитети эмес, тескерисинче режим менен козголоңчулар катышуусундагы улуттук биримдик өкмөтүн түзүү туурасында эсеп-китеп кылына тургандыгын билдирди. Керринин түшүндүрмө беришинче, белгилүү убакта Башардын кетиши жыйындын күн тартибине коюлбаган болуп, ал алдыдагы шайлоолордо талапкердигин коюу укугуна ээ». Ушуга ылайык, демек Мюнхен билдирүүсү №2254-токтомго өзгөртүү киргизди же Американын ниетин о.э. №2254 токтомду аткаруунун алдында өткөөл мезгил башкаруу комитетине байланыштуу иштерде ал каалаган нерсени ачыктады.

Сирияда зомбулукту токтотуу туурасындагы сөздөр болсо ал жерде жүргүзүлүп жаткан аскерий операцияны өзгөртпөйт. Себеби, “Ислам Мамлекети” уюму менен Жабхатун Нусра истисна кылынганы терроризмге каршы күрөш шылтоосу менен бомбалоо уланышын түшүндүрөт. Россия террористтерден башка эч кимди бутага албай жатканын айта берет!

О.э. Америка Асад режиминин Халабдын үстүнөн болгон өкүмдарлыгын кайтаруу үчүн Россияга муктаж. Ал тургай, Американын өзү Халабды бомбалады. 2016-жыл, 11-февралда «Рейтер» мындай кабар таркатты: (Бейшемби күнү Россиянын коргоо министрлиги 10-февраль күнү Американын эки учагы Сириянын Халаб шаарын бомбалаганын, Россия учактары болсо ошол региондо аракет кылбагандыгын баса белгиледи. Америка коргоо министрлигинин маалымат катчысы болсо орус күчтөрү менен Сирия өкмөттүк күчтөрүн Халабдагы эки борбордук ооруканага авиа соккуларды уюштургандыкта айыптады. А бирок, качан сокку бергенин ачык айтпады. Бирок, бир билдирүүдө Россия коргоо министрлигинин маалымат катчысы Игорь Конашенков «Кечээ ИШИМге каршы коалициянын эки учагынан башка эч қандай учак бул шаардын үстүнөн учпады» деди. Ал коалиция дегенде Кошмо Штаттар башчылыгындагы “Ислам Мамлекети” уюмуна каршы түзүлгөн коалицияны назарда тутту. Ал дагы сөзүн улантып: «Москва убактысы менен 13:55те Американын «А-10» үлгүсүндөгү эки учагы Сирия аба майданына кирип, эң жакын жол аркылуу Халабга жетип барды, андан соӊ шаардагы буталарга карата авиа соккуларды ишке ашырды». Игорь Конашенков ошол күнү орус учактарынын авиа соккулары Халабдан кеминде 20 км. аралыкта ишке ашырылганын кошумча кылды. Вашингтон жетекчилигиндеги коалиция Халабдагы оппозициялык согушкерлерге жардам берүү жолунда же бул шаарга гуманитардык жардамдар жетип барышын жакшыртуу жолунда аракет кылышы мүмкүнбү деген суроого АКШ коргоо министрлигинин маалымат катчысы полковник Стив Уоррен жооп берди. Ал – коалициянын негизги көӊүлү «Ислам Мамлекети» уюмуна каршы күрөшүүгө каратылганын айтып, ушул уюм «Сириядагы бул аймакта жок» деди).

Булар ишара кылган нерсе, Америка Халаб согушун Асад режиминин пайдасына чечүүгө шашылууда. Бул шаардын бүт калкы кырылып калышы аны кыпындай да тынчсыздандырбайт. Ал үчүн Асад режимин жок кыла турган бирер нерсе болбосо эле болду!

Сүйлөшүүчүлөр комитетинин төрагасы Рияз Хижабдын өз комитетинин позициясы туурасындагы сөздөрүнө келсек, муну бир түрдүү жасалма баатырдык о.э. куралдуу топтор алдындагы комитетти көккө көтөрүп мактоо деп айтууга болот. 2016-жыл, 13-февралда «Арабий Жадид» сайтында мындай кабар таркатылды: «Сирия Азат армиясындагы бир жетекчинин билдиришинче, Сириядагы оппозициялык куралдуу топтордун Мюнхен келишимин талкуулашуу үчүн Рияз Хижаб менен жолугушуусу күтүлүүдө. Мюнхен келишими Сирия маселесинде эл аралык топтор жолугушуусун келтирип чыгарды. Бул топтор жолугушуусу коопсуздук жана коргоо саясатын көрүп чыгуу үчүн Мюнхен эл аралык конференциясына кошумча катары жума күнү эртеӊ менен болуп өттү. Атын ачыктоону каалабаган бул жетекчи «жакынкы күндөрдө» Рияз Хижаб менен өткөрүлө турган ошол жолугушууда талкуулана турган маселелердин тафсилаттарына киришүүнү чеке какты. А бирок, куралдуу топтор менен сүйлөшүүчүлөр комитети ортосунда Мюнхен келишими туурасында көбүрөөк бирдей позиция болушу мүмкүндүгүн айтты».

Куралдуу топтор менен сүйлөшүүчүлөр жогорку комитети ортосундагы мындай пикирлештик комитетти мыйзамдуу өкүлгө айландырат. Бул болсо, өз кезегинде Америка үчүн келечекте дипломатиялык чечим натыйжаларын ишке ашырууга ыӊгайлуу шарт түзүп берет. Ал дипломатиялык чечимдин натыйжаларын өз малайы кылмышкер Башар режиминин өлчөөсүнө ылайык көрүнүштө ишке ашырат.

Аллах Субханахудан Шам козголоңун кафирлердин жана алардын малайларынын айла-амалынан сакташын о.э. бизди нусрат жана үстөмдүк менен сыйлашын сурап калабыз!

Роя гезитинин 2016-жыл, 17-февралдагы 65-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here