Дональд Трамп: Африкалыктар дагы кайрадан колонияга кайтышы керек

242
0

Америка президенттигине талапкер өзүнүн расачыл экендигин жана душмандыгын көрсөтүп коюуда

Дональд Трамп: Африкалыктар дагы кайрадан колонияга кайтышы керек

Америка гезиттери республикачылардан талапкер Дональд Трамптын түрдүү улут жана элдерге карата билдирип жаткан душмандык позицияларын ачыктоону улантып жатат. «Кристиан Сайенс Монитор» гезитинин билдиришинче, Дональд Трамп качкындар, мусулмандар жана арабдарды акаараттагандан кийин, бул жолу африкалыктарга чабуул кылды. Ал африкалыктарды дагы кайрадан жүз жыл колония кылуу керектигин айтып: «Себеби, бул бекерпоз, тентек, жеп тойбос, шахватпарас, зордукчулдар жетекчиликти да жана эгемендүүлүктү да билишпейт», – деди.

Руандада чыгуучу «New Times» гезитини жазышынча, Трамптын бул сөздөрү ядролук куралга ээ болгон Америка сыяктуу улуу мамлекеттин президенттигине атаандашып жаткан кимсенин расачылык көз карашын ачыктап жатат. О.э. гезит эртеӊки күнү Трамп бийликке келе турган болсо, Американын Африкага карата колдоно турган саясатын суроо астына коёт. Newsweek «Жалпы мистикалык ахлакка кайтуу» деген аталыштагы макалада жазуучу Славой Жижектин сөздөрүн келтирди. Жижектин билдиришинче, Америкадагы бардык коомдун катмарларында мына ушундай мистикалык көз караштар өкүмдар болуп, Трамптын тайманбай айткан бул сөздөрүн бүгүн түрдүү деңгээлдеги калган талапкерлер да – ал сыяктуу батынуу менен болбосо да – айтышы мүмкүн. Жазуучу Америка коомунда жүз берип жаткан ахлакий нормалар бузулганын баса белгилеп, мындан он беш-жыйырма жыл мурда элдин алдында ачык айтылышы мүмкүн болбогон сөздөр, бүгүнкү күнгө келип ачык айтыла турган, аны эч ким кайтарбай турган же айыптабай турган болуп калгандыгын баса белгиледи. (Ал-Жазира нет).

Роя гезитинин 2016-жыл 17-февралдагы 65-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here