Россия элчиси: Террорчулар өз таасирин Борбор Азияга жаймакчы

171
0

Россияда белгиленүүчү 23-февраль – Мекен сакчыларынын күнүнө байланыштуу Россиянын Өзбекстандагы элчиканасында өткөрүлгөн ырасымда Россия элчиси Владимир Тюрденев: Бүгүнкү күндө террорчу топтор өз таасирин Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка өлкөлөрүнө эле эмес, башка аймактарга, ошону менен бирге Борбор Азияга да жаюуга аракет кылып жатышат, – деди.

Элчинин айтымында, ошого байланыштуу Россия буга каршы туруу үчүн өнөктөштөрү менен, ошону менен бир катарда Борбор Азия мамлекеттери менен тийиштүү алакаларды активдештирүүдө.

“Биз бул карамүртөздүк менен натыйжалуу күрөшүү үчүн дүйнөлүк коомчулуктун аракеттери биригиши керектигин баса белгилейбиз, бул жараянды саясатташтырбастан жана алгачкы шарттарсыз кеӊири коалиция калыптандырууну сунуштайбыз”,- деди Тюрденев.

Тюрденевдин баса белгилешинче, террорчулук мамлекеттик чегараларды, эл аралык укук жана заманбап баалуулуктарды тааныбайт. Алар дүйнө бойлоп уюштуруп жаткан бир катар жардыруулар, туткундардын өлтүрүлүшү, миӊдеген адамдардын курман болушу буга далил болот. Ал: “Террорчулар бардык дүйнөлүк диндердин бир нече кылымдык баалуулуктарын жок кылууда. Алардын жырткычтык чабуулдары мамлекеттердин мыйзамдуу кызыкчылыктарына, аларда жашаган элдердин укуктарына жана эркиндиктерине, кыскасы бүтүндөй адамзатка коркунуч туудуруп жатат”, – деди.

 Тюрденев: “Мындай шарттарда алыскы чектерде мамлекетибиздин коопсуздугун камсыздап  жаткан Россия куралдуу күчтөрүнүн ролу жана жоопкерчилиги күчөйт. Россия эл аралык укуктарды толук  сактаган абалда аракет кылып, Сириядагы террорчулардын инфраструктураларына авиа соккуларды йгиликтүү ишке ашырууда. Ал жерде Сириянын мыйзамдуу бийлигинин суранычы менен аракет кылып жаткан аскерий күчтөрүбүз милдеттенмелерди бүгүнкү күндөгү заманбап согушкер армияларга таандык көрүнүштө профессионалдуулук  жана эр жүрөктүк менен аткарууга даяр”,- деп баса белгиледи.

 Туркистон: АКШ долбоорунун жемиши болгон терроризм жана экстремизмге каршы күрөш куфр мамлекеттеринин Ислам жана мусулмандарга каршы жүргүзүп жаткан күрөшүндө ураан болуп калды. АКШ өкмөтү дүйнөлүк коомчулукту “ИШИМ” коркунучу менен коркутуп келе жаткан болсо, Россия мындан Борбор Азия регионундагы мамлекет башчыларын өз таасиринде кармап турууда пайдаланып жатат. Акыркы кездерде РФ президенти Владимир Путин баш болгон орус расмийлери жана ЖМКлардын бардыгы Борбор Азия респбликаларынын башчыларын “сак болууга” тынымсыз чакыра баштады. Кечээ күнү Путин да ушул маселеге токтолуп өткөн эле. Борбор Азиядагы президенттер болсо бул ызы-чуудан өздөрүнүн режимдерин бекемдеп алууда пайдаланууга аракет кылып жатышат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here