Тунис парламенти Ислам өкүмдөрүн четке кагууда

272
0

Роя гезити:

Тунис парламенти Ислам өкүмдөрүн четке кагууда

Тунис парламентинин алкоголдук ичимдиктерге салынган салыктарды төмөндөтүүгө байланыштуу токтомго добуш бериши социалдык тармактарда сынга учурады. Кээ бирөөлөр мындан Нахза кыймылына чабуул кылууда пайдаланды. Себеби, бул кыймыл бийликте турган учурда алкоголдук ичимдиктердин баасын көтөргөн эле.

Фейсбуктагы Росд Тунисия (Тунис мониторинги) баракчасында алкоголдук ичимдиктерге салынган салыктарды төмөндөтүүгө байланыштуу финансылык мыйзам долбооруна 108 депутаттын 96сы добуш бергени тартылган видео материал таркатылды. Видео материалга –депутаттар алкоголдук ичимдиктерге салынган салыкты төмөндөтүүгө добуш беришти, андан кийин шам намазын окуу үчүн танапис талап кылышты деген комментарий калтырылган! (Кудсул арабий гезити).

Роя гезитинин комментарийи:

Алкоголдук ичимдиктер соодасына жана аны керектөөгө тиешелүү мыйзамдын чыгарылышы о.э. бул продукцияларды керектөөнү ого бетер жеңилдетүү үчүн аларга салынган салыктарды төмөндөтүү сыяктуу Тунис парламентинде болуп жаткан иштер эки нерсеге далалат кылат. Биринчиден: Тунис парламентинде да исламий дүйнөдөгү башка парламенттер сыяктуу эле Аллах киргизген адал-арамдын эч кандай мааниси жок. Мыйзамдарды кабыл алууда да адал жана арам негиз кылынбаган. Тескерисинче, Аллахты коюп, парламенттин өзү мыйзам чыгарат! Экинчиден: Тунис өкмөтүндө катышып жаткан жана парламент мүчөлөрү болгон Нахза кыймылы да Аллахтын шариятына көңүл бурбайт. Исламий кыймыл деп аталган анын исламийлик сыпаты акыйкаттан узак, бул нерсе күндөн-күнгө далилденип  барууда. Иш мындай, мүчөлөрү мусулман болушу менен эле кыймылдын өзү исламий болуп калбайт. Тескерисинче, ал өзүнүн пикирлери, өкүмдөрү жана бардык позицияларында Исламды негиз кылып алышы керек. Бүгүн Нахза жетекчилери Исламдагы көптөгөн катъий негиздерди четке каккан соң, анын мүчөлөрүнө эмне болду? Эмне үчүн алар мындай залалатты кабыл алышууда? Тунис калкына эмне болду? Эмне үчүн алар Аллахты коюп, өздөрү мыйзам чыгарып жаткан парламентке сүкүт сактап жатышат? Акыры алар жалгыз Аллах Таала мыйзам чыгаруучу экенин, ал түзүп берген мыйзамдарды бардык турмуштук иштерде толук бойдон колдонуу керектигин жана бул нерсе диндин катъий негиздеринин бири экенин билишпейби? Аллах Таала айтат:

﴿إِنِ الْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِ ۚ أَمَرَ أَلَّا تَعْبُدُوا إِلَّا إِيَّاهُ ۚ ذَٰلِكَ الدِّينُ الْقَيِّمُ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ﴾

«Өкүм-өкүмдарлык Аллага гана таандык. Ал Зат силерди жалаң Өзүнө гана ибадат кылууга буюрган. Эң туура дин мына ушул. Бирок, адамдардын көбү муну билишпейт»                               [12:40]

Роя гезитинин 2015-жыл, 16-декабрдагы 56-санынан

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here