Атамбаев: “ИШИМ” мени коркутпайт

240
0

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев 24-декабрь күнү жыл жыйынтыгы боюнча өткөргөн маалымат жыйынында: “Мен мусулмандардын радикалдашуусу азайып бара жатат деп ойлоймун”, – деди.

Ал айрым мамлекеттерде ак топу кийүүгө тыюу салынганын, кайсы бир жерлерде сакал коюу мүмкүн эместигин эскертип өттү.

 “Тыюу салуу эч кайда алып барбайт. Тыюу салуу оңой. А бирок, мен мусулмандардын радикалдашуусу азайып бара жатат деп ойлоймун. Мына кошуналарыбыз “Таблиг” жамаатына тыюу салышты, алар жок болуп кетти деп ойлойсуңарбы? “Таблиг” жамааты даъватчылар го. Алар да биз айткан нерсени айтышат. Аларды өз абалына таштап койгонубуз башка маселе”, – деди Атамбаев.

 Ал “өзүнүн тууганы үч ай арак ичип, андан кийин үч ай даъват кылышын” айтып өттү.

 “Эми жаңы система киргизилди, эгерде алар даъватка чыгышса, анда анык критерийлер, тандалган темалар бар. Эгерде буга тыюу салсак, анда алар башка жолго кирип кетишет. Радикалдар азайып калбады го. Тескерисинче, тыюу салынган мамлекеттерде көбөйүп бара жатышат. Бүтүндөй тыюу салбаш керек, себеби, анда адамдар колдоруна курал алышат. Биз өз жолубуз менен бара жатабыз. Мени “ИШИМ” коркутпайт, мен Куранды бир нече жолу окуп чыкканмын жана ар кандай теолог менен сүрөлөр боюнча талкуулаша алам. “Таблиг” жамаатына тыюу салбай туура иш кылдык”, – деп баса белгиледи Атамбаев.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here