ИЗРАИЛЬ ГАЗАНЫ БОМБАЛАП ЖАТАТ

298
0

Баскынчы яхудийлердин Палестина калкына каршы ырайымсыз чабуулдары акыркы күндөрдө ого бетер күчөдү. Израилдин аскерий самолёттору Газаны абадан бомбалап жатат. Автомобилдерди жана үйлөрдү бутага алган чабуулдардан карапайым жарандар, ал тургай жаш бөбөктөр да өлүп жатат. Палестинанын саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Ашраф Кудранын билдиришинче, бүгүнкү күнгө чейин Израилдин чабуулунун натыйжасында өлгөндөрдүн саны 49 адамга жетти, жарадар болгондордун саны болсо 450дөн ашты. Ашраф Кудранын айтымында, өлгөндөрдүн арасында аялдардын жана жаш балдардын саны көп. Израилден атылган ракетанын Дайрул Балаҳдагы бир үйгө келип түшүүсүнүн натыйжасында бир эне жана төрт наристе көз жумду. Мындай окуялар өтө көп кайталанууда. Бир нече күн мурда багымдат намазы үчүн үйүнөн чыккан 16 жаштагы Мухаммад Худайр яхудийлер тарабынан уурдап кетилип тирүүлөй өрттөп жиберилген болчу.

Дүйнө жүзүндөгү адамдар телевизордун алдында футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатты тамаша кылып жаткан бир мезгилде Палестина калкы – армиясы эмес – көчөлөргө чыгып Израиль армиясынын чабуулдарына каршы туруп жатышты. Алар жандуу калкан сыяктуу үйлөрүн жана балдарын коргоп жатышат. Кечээ Израиль армиясына караштуу F-16 бомбалоочу самолёту өз үйлөрүнүн талкаланышына каршы бир имараттын үстүндө жандуу калкан болуп турган тынч жарандарды бутага алды. Чабуулдун натыйжасында 7 адам, ошонун катарында эки наристе өлдү, 25 адам оор жараат алды. Израиль армиясы “биз үйлөрдү бутага алуудан мурда үйлөрдү бошотуп койгула деп эскерткенбиз” деп актанышууда. Израиль радиосу чабуулдан мурда үй ээлери үйдөн чыгып турушу жөнүндө телефон аркылуу эскертилгендигин кабарлады.

Израилдик жооптуулар үч күн бою кылынган чабуулдун отчётун ачыкташты. Израилдин мамлекеттик радиосунун бир аскерий жооптууга таянып кабар беришинче, Газага кылынган чабуулда үч күндүн ичинде 400 тонна бомба ташталган. Израиль армиясы тарабынан берилген басма сөз билдирүүсүндө Газадагы 440 чекитке сокку берилгени айтылат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here