Ирандын кызыл сызык ичиндеги чабуулу

2880
1

Ирандын кызыл сызык ичиндеги чабуулу

Иран 14-апрелге караган түнү “израил”дин аймагына 300дөн ашуун канаттуу жана баллистикалык ракета, дрондор менен абадан чабуул жасады. Тегеран муну Сириядагы консулдугуна 1-апрелде жасалган кол салуу үчүн өч алуу деп түшүндүрдү. Аталган чабуулда жети ирандык аскер, анын ичинде эки генералдын өмүрү кыйылган.

Ал эми, Ирандын чабуулунан “израил” эч кандай жоготууга учурабаганы расмий айтылды. The New York Times “израил”дик аткаминерлерге шилтеме кылып, түндө 185 “жанкечти” дрон, 36 канаттуу ракета жана “жер-жер” классындагы 110 ракета учурулганын жазды. Ракеталардын басымдуу бөлүгү Ирандан, азыраагы Ирак менен Йеменден учурулган. “израил”дин коргонуу армиясы ракеталардын 99%ы жок кылынганын, көпчүлүгү аймакка жеткирилбей атып түшүрүлгөнүн маалымдады. Ал эми, коргонуудан өтүп кеткен дрондор негизинен бош талааларга түшкөн. Коргонууга АКШ, Франция, Британия жана Иорданиянын куралдуу күчтөрү жардам берди. Чабуул башталгандан көп өтпөй Иран соккулар өз максатына жеткенин, аларды улантуу ниети жоктугун маалымдады. Түркия Тышкы иштер министри да чыңалууну басаңдатуу үчүн ортого түшүп, Ирандык кесиптеши менен телефон аркылуу сүйлөштү. Ал өз сөзүндө, аймакта чыңалуу артпашы үчүн кадамдар жасалышы керектигин айтты.

Ал эми, АКШ президенти жөөт премьери Нетаняху менен болгон сүйлөшүүдө Ак үй “израил”дин Иранга карата ыктымал чабуулуна кошулбай турганын, аймакта чыңалуунун курчушун каалабасын билдирди.

Булардан маалым болгондой, Ирандын чабуулу Американын көзөмөлүндө жүргөнү, яхудий вужуду Американын колдоосусуз согушту уланта албашы ачык көрүнүп. Муну менен Америка, “израил”дин баскынчы аракеттерин актоого жана аймактагы согушту Америкадагы шайлоого чейин чечүүнү көздөп жатат.

Ал эми, Ирандын кызыкчылыгы тышкы саясатка караганда ички саясатка, тагыраагы, калкты алдоо менен алардын колдоосуна ээ болууга каратылган. Анткени, Ирандын чабуулдарынын натыйжасы ага эч кандай аброй алып келбегени анык. А бирок, ички саясатта Ирандын чабуулу маалыматтык манипуляция аркылуу бийликти баатыр кылып көрсөтүүдө.

Жыйынтыктап айтканда, бүгүнкү жөөт вужудунун сакталып турушу жана Палестинага карата баскынчылыгын улантуусунун бирден бир себеби мусулман жетекчилеринин кыянаттыгына байланыштуу. Алар убактылуу кызыкчылык жана бийлик күрсүлөрү үчүн Батышка малайлык кылышууда. Түпкүлүгүндө, алар Алла Тааланын:

وَاقْتُلُوهُمْ حَيْثُ ثَقِفْتُمُوهُمْ وَأَخْرِجُوهُمْ مِنْ حَيْثُ أَخْرَجُوكُمْ

“Аларды кайсы жерден тапсаңар, өлтүргүлө жана алар силерди кууп чыккан жерден  кууп чыгаргыла” (Бакара: 191) деген өкүмүнө моюн сунуп, жөөттөргө каршы реалдуу чабуулдарды жасашы керек эле.

Демек, бүгүн мусулмандар тартып алынган бийлигин кайтарып ала турган учур. Андыктан, мусулмандар мына ушул азиздикке жетүүгө, күч ээлеринен өз милдеттерин аткарууну талап кылышы керек. Анткени, Ислам өкүмдөрүнүн колдонулушу Халифалыкка байланыштуу болуп, аны менен бардык важибаттар аткарылат. Мал-мүлк, намыс жана өлкөнүн коргоосу да Халифалык тарабынан камсыздалат. Каапырлардын зулумдугунан ушул калкан артында коргонулат. Алла Таала айтат:

وَلَا تَهِنُوا فِي ابْتِغَاءِ الْقَوْمِ إِنْ تَكُونُوا تَأْلَمُونَ فَإِنَّهُمْ يَأْلَمُونَ كَمَا تَأْلَمُونَ وَتَرْجُونَ مِنَ اللهِ مَا لَا يَرْجُونَ

“Куфрга каршы күрөшүүдө алсыз болбогула эгер силер кыйналып жатсаңар,  алар да силер сыяктуу азап чегип жатышат. Силер алар үмүт кылбаган нерсени (Аллахтын ыраазылыгын, бейишти) Аллахтан үмүт кылып жатасыңар” (Ниса: 104).

Мумтаз Маверанахрий

1 COMMENT

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here