Түркия менен Ирак Америка долбоорун ишке ашырууга жан үрөп аракет кылууда

664
0

Түркия менен Ирак Америка долбоорун ишке ашырууга жан үрөп аракет кылууда

Түркия президенти Режеп Таййип Эрдогандын 22-апрелде Иракка болгон сапарынын алкагында Ирактын өкмөт башчысы Мухаммед Шия ас-Суданий менен 26 келишимге кол коюлду. Келишимдерде энергетика, суу жана террорго каршы күрөш алдыңкы сапта көрсөтүлсө да, негизги келишимдер Кытайдын “Жибек Жолу” долбооруна каршы Байден тарабынан алга сүрүлүп жаткан “Өнүгүү жолу” долбооруна каратылган. Буга чейин Ирак, Tүркия, Катар, Бириккен Араб Эмирлиги арасында “Өнүгүү Жолу” долбоору боюнча келишимге кол коюлган эле.

13 жылдан соң кайрадан Иракка барган Эрдогандын сапары тууралуу Ирак премьери Вашингтондо Байден менен болгон жолугушуудан кийин мындай деген: “Түркия президентинин бул сапары келип-кетүүчү түрдөн эмес”. Бул билдирүүнүн АКШда жасалышы жөн жерден эмес. Тагыраагы, Эрдогандын бул сапары артында АКШ админстрациясы алга сүрөп жаткан “Өнүгүү Жолу” долбоорун ишке ашыруу аракеттери камтылган. Аталган долбоорго жалпысынан 17 млрд доллар жумшалып, 2028-жылы бүткөрүү пландалууда. Долбоор Басрада “Фав” портунан башталып, Багдат, Мусулдан өтүп Түркияга, андан ары деңизден Жейхан порту аркылуу жана кургактыктан Стамбул аркылуу Европага улашмакчы. Ошентип, бул коридор Булуң өлкөлөрү менен Еропа ортосундагы соода айланууну күчөтүшү күтүлүп турат.

Белгилүү болгондой, АКШ президенти Байден шайлоодон жеңип чыккандан кийин Кытай менен Орусияны алсыратуу стратегиясын жарыялап, аларды негизги душман катары атаган. Украина согушу, Тайван маселеси жана Япониянын кайрадан куралдануу үчүн мыйзамдарын өзгөртүп, Кытайды ороп алуу аракети ушул стратегиянын бир бөлүгү болуп эсептелет. Бул стратегия саясий жана аскерий аракеттер менен гана чектелген эмес. Балким, Кытайды экономикалык жактан алсыратуучу долбоорлор менен да коштолгон. Бул үчүн Кытайдын логистикалык жолдоруна тоскоолдуктар коюлуп, ага дүйнө базарларында атаандаштык жаратуу талап кылынат. Экинчи тарапта Орусиядан энергия булактарын сатып алып келген Европанын муктаждыгын толтуруу зарыл. Бул үчүн алгач мунай-газга бай Булуң мамлекеттерине коридор ачуу зарыл.

Мындан улам, Түркия-Ирак делегациясында негизги талкууланган тема террорго каршы күрөш, “Өнүгүү жолу” долбоорун ишке ашыруу үчүн түзүлгөн келишимдер болду. Аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн “терроризмге каршы күрөштү күчөтүү маанилүү болуп эсептелет. Анткени, “Өнүгүү жолу” долбоору ишке ашырыла турган аймакта коопсуздук камсыздалышы керек. Бул үчүн Британиянын Күрдистан аймагындагы жана “ПКК” уюму үстүндөгү таасирин кесүү зарыл. Ошондуктан, үстүбүздөгү жылдын март айында Ирак бийлиги алгачкы жолу “ПКК” уюмун тыюу салынган топтордун катарына киргизген. Аталган уюм Түркия менен бирге АКШ жана Еропа Биримдигинде террордук уюмдардын тизмесинде. Аталган уюмга куугунтукту күчөтүү менен аларды АКШ көзөмөлүндөгү Сирия аймагына сүрүп чыгуу максат кылынууда.

Ирак бул долбоор аркылуу чөгүп бараткан экономикасын убактылуу болсо да токтотуп калууга үмүт байлап турат. О.э турмуштук эң зарыл болгон суу булактары болгон Түркия аркылуу агып киргендиктен, Түркиядан суунун агымын көбөйтүүсүн күтүп жатат.

Муну менен АКШ басып алып, артынан Иранга таштап кеткен Иракты эми Түркия кучагына салып берүүдө. Анткени, өз кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн Жакынкы Чыгышта туруктуулук зарыл болуп турат. Ошондуктан, Ирандын аймактагы жасалма таасири азайтылууда.

Мына ушундайча, АКШ президенти Жо Байден G20 саммитинде Кытайдын “Жибек Жолу” долбооруна каршы жарыялаган “Индия-Европа коридору” менен катар дагы бир “Өнүгүү жолу” долбоорун ишке салууда. Демек, Түркия-Ирак ортосундагы “тарыхый” деп бааланган келишимдер Американын аймактагы кызыкчылыгын ишке ашыруу алкагында болууда. Америка канчалык өзүнө малай, үммөткө кыянаттык кылган акимдер колу менен өз кызыкчылыгын ишке ашырып жатса да, Ислам үммөтү анын максаттарын жокко чыгарууда. Муну аймактагы кыянатчы акимдердин жөөт вужуду менен алакасын нормалдаштыруу аракеттерин “Аксо бороону” операциясы жүз төмөн кулатканы ачык көрсөтүп турат. Андыктан, Ислам үммөтү ойгоктугун чыныгы кутулуунун жолу болгон Халифалык мамлекетин тикелөө жолунда да көрсөтүшү зарыл.

Мумтаз Маверанахрий

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here