Түркия расмийлери: “KAAN” Түркиянын сыймыгы
Түркиянын 5-муундагы согуштук учагы (истребитель) “KAAN” дүйнөнүн көңүлүн өзүнө бурууда. Бул ирет АКШ армиясында реактивдүү кыймылдаткыч боюнча техник болуп кызмат өтөгөн мурунку аскер кызматкери Крис Каппи (Chris Cappy) Түркиянын улуттук согуштук учагы “KAAN” тууралуу пикирин билдирди. Каппинин айтымында, аталган учак аскерий куралдан башка нерселерге да ишра кылат.
“Көбүнчө бир мамлекеттин жаңы муундагы учакты иштеп чыгышы болгону бир аскерий программа эмес, көбүрөөк маанини камтыйт деп ойлоймун. (Бул учак) улуттук сыймык, эгемендүүлүктүн, дипломатиялык каражаттын жана ал тургай согушка каршы каражаттын символу болуп эсептелет. Түркия 5-муундагы согуштук учагын иштеп чыгарган төртүнчү мамлекетке айланышы этибардан четте калышы мүмкүн эмес”, – деди Каппи.
Эске сала кетсек: Түркиянын орто жана алыскы аралыкка болжолдонгон 8 даана ракетаны ташуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон “KAAN” аттуу согуштук учагы быйыл февраль айында алгачкы сыноодон ийгиликтүү өткөн. Түркиялык расмийлердин билдиришинче, “KAAN” согуштук учагы Түркиянын жаңы жүз жылдыгындагы улуу сыймыктарынын бири болуп эсептелет.
Комментарий: Атагы дүйнөгө жар салынып жаткан жана Түркиянын сыймыгы деп макталып жаткан “KAAN” учагы февраль айында сыноодон ийгиликтүү өтүп, алкыштанып жаткан бир мезгилде яхудий вужудунун аскерий учактары Газадагы мусулмандарды кыргын кылып жаткан эле. Бул согуштук учак эгер мусулмандардын каны, жаны жана ар-намыстарын коргобосо, анда мунун үммөткө эмне кереги бар.
Ансыз деле фйык жерде 76 жылдан бери уланып жаткан яхудий вужудунун кыргындары Газада бир ирмем да токтобой уланып жатканына мына алты айдан ашты. Мусулмандар күн сайын жаңы-жаңы акылга сыйгыс зулумдарга жана кылмыштарга дуушар болууда. Бомбалоолор алдында калып өлгөн бүтүндөй үй-бүлөлөр, бейтаптар менен кошо урандыга айланган ооруканалар, кыйноого алынып өлтүрүлгөн жай тургундар, кыйноо себептүү таанылгыс болуп калган маркумдар, Газа калкына жардамы тийбесин деп кырып ташталган жаныбарлар, ачкарчылыктан өлүп жаткан жаш балдар, муң-зары Аллахтын аршына көтөрүлүп жаткан энелер жана башка ушул сыяктуу зулумдардын эсебине жетүү мүмкүн эмес. Ал тургай, бул зулумдар мубарак Рамазан айында да үзгүлтүксүз уланды.
Ал эми Исламий өлкөлөрдүн урмат жана сыймык эмне экендигин элестете албай турган жетекчилери “KAAN” сыяктуу учактары сыноодон ийгиликтүү өткөнүнө сыймыктанышып, ал эми яхудий вужудунун кыргындарына карата болсо, бир жерге чогулуп “катуу каралоо” менен чектелип жатышат. Негизи “KAAN” Исламий өлкөлөрдүн армиялары үлкөн аскерий кубатка ээ экендигин дагы бир жолу тастыктап турат.
Ислам Үммөтү өз тарыхында эч качан бүгүнкүдөй кор абалга түшкөн эмес, эч бир заманда душмандарынын каршысында азыркыдай алсыз болгон эмес. Бул кордук жана алсыздыктын бирден-бир себеби – Үммөттүн башына күч менен орношуп алган жана мусулмандар армияларынын тизгини колунда турган жасалма акимдер. Ушундай болгон соң, Ислам Үммөтү бул кордуктан кутулуу үчүн ушул акимдерден баш тартып, Аллахтын өкумдөрүн колдоно турган жана мусулмандардын күчтөрүн бириктире турган Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн аракет кылышы керек. Бул нерсе бардык мусулмандардын милдети. Дүйнөдөгү мусулмандардын абалы, айрыкча Газадагы мусулмандардын өтө аянычтуу абалы Халифалык мамлекетин тикелөө мусулмандар үчүн өмүр-өлүм маселеси экендигин көрсөтүп турат.
Зохид Заргар