ИРАН “ТЕРРОР”ГО КАРШЫ АКШ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУСУ МҮМКҮН

300
0

Иран президенти Хасан Роухани мамлекеттик телевидениеден чыгып, Ирактагы жана башка жерлердеги “террорчу топтор”го каршы АКШ менен кызматташуусу мүмкүн экендигин билдирди.

Роухани  өз билдирүүсүндө бардык “террорчу топтор”го каршы сөз менен жана иш жүзүндө күрөшө тургандыгын баса белгилеп, Ирактагы топторго каршы АКШ менен кызматташтыкта аракет кылуу же кылбастык жөнүндө берилген суроого: “АКШнын  Иракта же башка жерлерде террорчу топторго каршы күрөшүп жатканын көрсөк бул тууралуу ойлонуп көрөбүз. Ирак бийлиги жана калкы расмий түрдө жардам берүүнү талап кыла турган болсо эл аралык укуктук нормалардын алкагында Иракка ар түрдүү колдоо көрсөтүүгө даярбыз”, – деп жооп берди.

О.э. атын айтууну каалабаган ирандык бир жооптуу “Reuters” маалымат билдиришинче, Иран терроризмге каршы күрөшүү үчүн Кошмо Штаттар менен кызматташуусу мүмкүн.

Ошол жооптуу: “Жакынкы Чыгышта Исламий оппозицияны жок кылуу үчүн америкалыктар менен кызматташтыкта аракет кылышыбыз мүмкүн. Биз Иракта, Сирияда жана башка бир нече өлкөлөрдө таасири бар мамлекетпиз”, – деди.

Дагы бир жактан Иран президенти Хасан Роухани Ирак президенти ал-Малики менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Иран колунан келген ар түрдүү жардамга даяр экендигин о.э. Ирактын бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна “террористтер”дин зыян жеткиришине жол бербестигин билдирди. Роуханинин айтымында, Иран республикасы “террор”ду жаман көрөт жана ага каршы күрөшүүнү улантат.

Туркистон:

Иран өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөттү. Ал мурдатан Хизбут-Тахрир айтып келгендей, АКШнын  шериги жана Жакынкы Чыгышты о.э. Европаны коркутуп туруу үчүн кармап турган куралы болуп келген. Ал өз билдирүүлөрү жана Батышка көбүрөөк АКШга каршы акцияларды жүргүзүү менен бир убакта, иш жүзүндө куфр кызыкчылыктарына ылайык аракеттенет эле.

АКШнын  бул жаңы долбоору, шиъалар менен суннийлер ортосунда чоӊ согуш келтирип чыгарышы мүмкүн. Долббордун негизги максаты болсо, исламий идеологиялык жагы менен куфрга коопсуз болгон Иран Ислам республикасынын региондогу таасирин күчөтүү менен бир катарда, ага тиш-тырмагы менен каршы болгон Саудия баш болгон Араб өлкөлөрүн да бириктирип, исламий кыймылдардын бардыгын Иран сыяктуу террорист деп иш жүзүндө этибар кылууга үндөө. Бул куфрдун исламий Халифалык мамлекетинин пайда болушуна каршы же анын тикеленүү убагын артка жылдыруу максатында, мусулмандарды фитналандыруу жана боордоштор аралык согуштар айлампасына тартуу аракеттеринин бири. Ислам өлкөлөрүнүн жетекчилери ушуну жакшы түшүнгөн абалында, жогорудагы сыяктуу, куфрга жакындык билдиришүүдө. Бул жакындыктарын кээ бирлери ашкере кылышса кээ бирлери жашыруун аракеттерди кылышат. Кээ бирлери болсо, айлакердик менен, ал тургай куфрду акаарат кылган абалда алып барышат дейсиӊ, саясий болбогон адам аларды тааныбай калат.

Шиъаларды Сунийлерге каршы Ирандын өзү жашыруун даярдап келген болсо, Суннийлерди Батыш Саудияда жана дагы бир нече Араб өлкөлөрүндөгү жогорку окуу жайларында ондогон жылдардан бери даярдап келди. Куфр бул билим берүү программасын сакафий колония кылуудагы негизги курал кылып пайдаланып келди. Бул ижтихад илимине тескери болгон бузук билим берүү программасын бүгүнкү күнгө келип мусулмандарды бири-бирине каршы фитналандырууда пайдаланмакчы.

Эй мусулман боордоштор, бул куфрдун кезектеги айла-амалы. Ага кошулуп акыреттерибизди колдон чыгарып алышыбыз мүмкүн! Бул иштер бири-бирибиз менен убара болуп куфрду унутушубуз үчүн кылынууда! Ар кандай өз ара мамилелер, куфрдун үстүнөн Исламдын жеӊишке жетишинен кийинкиге калтырылышы важиб! Бул болсо, ар бир иш-аракетибизди Пайгамбарыбыздын сүннөтү негизине курушубузду важиб кылат. Жихад, даъват, мухасаба, саясат…. ж.б… Мына ошондо үстүбүзгө Аллахтын нусраты келет. Болбосо, куфр бизди өз тарыйкаты менен чалгытып туӊгуюкта темселетип алып жүрө берет. Үстүлөрүбүздөгү жетекчилерибизден дээрлик үмүтүбүз калбады. Демек үммөтүн мойнундагы шаръий мухасаба жана ошого даъват кылуу иштерин активдештирүү зарыл. Исламды маска кылып, мусулмандарды чалгытып келе жаткан ар кандай кыймылдарды акыйкатка чакыруу максатында, Исламды саясий мабдаъ катары үйрөнүп аны үммөттүн үстүнө көтөрүшүбүз керек.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here