УКРАИНАДА РОССИЯЧЫЛ КҮЧТӨР САМОЛЁТТУ АТЫП ТҮШҮРҮШТҮ

276
0

Украинада россиячыл жикчилдер жүк ташуучу аскерий самолётту атып түшүрүштү. Самолёт кулашынын натыйжасында 49 киши өлдү.

Украинанын коргоо министрлиги Луганск шаарында самолёт атып түшүрүлгөндүгүн тастыктады. Министрлик тарабынан чыгарылган билдирүүдө, буюмдарды жана кызматкерлерди ташуучу самолёт чабуулга дуушар болгондугу кабарланды.

ИЛ-76 тибиндеги транспорттук самолёт жикчилдер тарабынан оор куралдар менен атып түшүрүлгөндүгү айтылган билдирүүдө, чабуул түнкүсүн самолёт аэропортко жакындаган убакта ишке ашырылгандыгы билдирилди.

Билдирүүдө: “13-июндан 14-июнга өткөн түнү самолётко каршы колдонулуучу оор куралдар менен куралданган террористтер конууга даярданып жаткан ИЛ-76 тибиндеги аскерий жүк ташуучу самолётту атып түшүрүштү”, – деп айтылат.

Билдирүүдө бул окуядан көз жумгандар жөнүндө толук маалымат берилбеген болсо да алардын жакындарына көӊүл айтылды.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here