“ТЕРРОРИЗМГЕ КАРШЫ КҮРӨШҮҮ” ҮЧҮН КЫЗМАТТАШТЫК

273
0

Иран президенти Хасан Роухани Түркия президенти Абдуллах Гүлдүн чакыруусу боюнча Анкарага барды. Иран жетекчиси Роухани менен Түркиянын премьер-министри Эрдаган ортосунда болуп өткөн жолугушуунун артынан берилген кошмо билдирүүдөэки мамлекеттин ортосундагы сооданын көлөмүн көбөйтүү үчүн токтомдор кабыл алынгандыгына басым жасалды. Токтомго ылайык, сооданын көлөмүн 2015-жылга чейин 30 миллиард долларга жеткирүү көздөлгөн

О.э. эки мамлекеттин жетекчилери “терроризм”дин бардык форма жана ыкмаларына, наркотикалык заттар жана курал соодасына о.э. адам сатууга жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүдө кызматташууну күчөтүү жөнүндө сүйлөшүүлөр болгону билдирилди.

Түркия бийлиги өзүн Сирия калкынын досу деп дааба кылат. Иран болсо бүт дүйнөнүн көз алдында Сирия калкын аёосуз кыргын кылып жаткан Асад режимин ачык эле колдоп-кубаттап келе жатат. Кээде минбардан туруп бири-бирин айыптап келе жаткан эки жетекчи бүгүнкү күнгө келип “Терроризмге каршы күрөшүү” үчүн жолугушуу өткөрүүдө.

Түркиядагы Хизбут-Тахрирдин активдүү мүчөсү Махмуд Кар “терроризмге каршы күрөш” маселеси – бул “Исламга каршы күрөш” экендигин ачыктап, кызыкчылык үстүндө бири-бири менен келише албай турган мамлекеттердин бирден-бир душманы ким экендигине көӊүлдү бурду.

Махмуд Кар: “Түркия менен АКШ ортосунда “терроризмге каршы күрөшүү”дө кызматташуу келишими бар экендиги эч кимге жашыруун эмес. Түркия менен Израиль ортосунда да эл аралык алакалар негизинде “терроризмге каршы күрөшүү” келишими бар экендиги баарыбызга белгилүү. Россия жана Орто Азия мамлекеттеринен башбаанек издеп келген жүздөгөн мусулмандар “терроризмге каршы күрөш” келишимине ылайык Түркия өкмөтү тарабынан мекенине кайтарылды, акыйкатта болсо аларды өз мекенинде өлүм же камак күтүп турат. Түркия менен Пакистан жана Афганистан ортосунда кол коюлган “Терроризмге каршы күрөшүүдө” кызматташуу келишимдерин айтпасак да боло берет. Мына эми Иран менен да “терроризмге каршы күрөшүү”дө кызматташуу үстүндө сөз болуп жатат. Ко-ош, бул cтратегиялык кызматташтык кимге каршы ишке ашырылууда?! Бир эле убакта АКШ, Россия жана башка регион мамлекеттери о.э. Иран мамлекети үчүн бирдей душман болгон ким өзү?! Бул суроонун жообу өзүнөн-өзү белгилүү”, – деди.

“Көӊүл буруӊуздар, Иран президенти Түркия министрлер мекемесинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында ага берилген бир суроого “Сирияда кан төгүлүшү токтосун. Согуштар токтосун. Террорчу топтор ал жерден чыгып кетишсин. Сириянын келечеги элдин колуна өтсүн. Ооба, мен Башар Асадды шайлоодо жеӊип чыккандыгы менен куттуктадым” деп жооп берди. Мына ошол убакта премьер-министр Эрдаган ага “бир минутка токтой тур, түпкүлүгүндө сенин өзүӊ террорист мамлекетсин. Сен Сирияда мусулмандардын канын төгүп жатасыӊ. Оболу сен террорист Хизбуллах аскерлерин Сириядан чыгаргын” деп айтышы керек эмес беле?!” – деп кошумчалады Хизбут-Тахрирдин активдүү мүчөсү Махмуд Кар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here