Инказ өкмөтүнө караштуу «Ватид» компаниясы күйүүчү майлардын бааларын көтөрүп жатканы бул өкмөт зулумдук кылып, салык салып жатканын көрсөтүүдө

196
0

Инказ өкмөтүнө караштуу «Ватид» компаниясы күйүүчү майлардын бааларын көтөрүп жатканы бул өкмөт зулумдук кылып, салык салып жатканын көрсөтүүдө

Хаят Тахрир Шамга караштуу нефть компаниясы доллардын курсу түрк лирасына карата көтөрүлгөнүн шылтоолоп Идлиб вилаятында күйүүчү май продукцияларынын баасы көтөрүлгөнүн жарыялады. Мындай жагдай эки ай ичинде бешинчи ирет болуп жатат. Мурун да бул компания Идлиб вилаятында «тез-тез болуп турган себептерге ылайык, күйүүчү май продукцияларынын баасы көтөрүлгөнүн» жарыялаган. Күйүүчү май продукцияларынын баасы көтөрүлүп бензин 4.60 түрк лирасына, мазут 5.50 түрк лирасына жетти, газ баллондун баасы өтө көтөрүлүп, 65 түрк лирасына жетти. Бул дагы да оорлошуп жаткан жашоо шартын дагы да оорлоштурду.

Роя:

Өзүн «Инказ» деп атаган өкмөткө караштуу «Ватид» компаниясы күйүүчү май продукцияларынын баасын көтөрүшү жана башка кылмыштары ушуну анык далилдеп турат: бул өкмөт атайылап жана «колдоочу» мамлекеттердин буйругу менен зомбулук жана репрессия кылышууда, ушул аркылуу адамдарга басым кылып, америкача саясий чечим аркылуу аларды кайра Сирия режиминин кучагына кирүүгө ыраазы кылышмакчы. Баса белгилөө зарыл, Хаят Тахрир Шамдын мурунку жетекчиси Абу Абд Ашда уюмдун жетекчилерин сындап, өз абройлорун Батыш алдында эмес, эл алдында жакшылап алууну талап кылды. Шаршемби күнү Абу Абд Ашда Телеграм байланыш каражаты аркылуу ушуларды айтты: «Хаят Тахрир Шамдын жетекчилери азат кылынган жерлердин калкы алдында өз абройун тикелеп алышсын. Бул Батыш алдында тикелеп алуудан көрө маанилүүрөөк». Абу Абд Ашда уюмдун жетекчилери «ырайымдуулукту, таквалыкты карманышы жана насаатты кабыл алышы керектигин о.э. адамдарды «пайдасыз, зыянкеч, оңдобой, тескерисинче жалаң гана бузгунчулук кылган сотко» тапшырбашы керек деди. Ал уюмдун жетекчилеринен «казыятты сот бийлигине тапшырып, ага эч ким аралашпай турган толук укуктарды берүүнү о.э. камактарды сот жана көзөмөлгө тапшыруу аркылуу региондо сот реформасын өткөрүүнү» талап кылды.

 

Роя гезити, №306, 2020-жыл, 30-сентябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here