Мисир муфтияты Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштү токтотпой жатат

385
0

Мисир муфтияты Ислам жана мусулмандарга каршы күрөштү токтотпой жатат

«Муфтият террористтердин жабык өтмөктөрүн бузуп кирүүдө… Телеграмм ракетадан да кооптуу курал» деп аталган макалада Мисир режиминин муфтияты «терроризм» сөзүнө түшүндүрмө берүүдө да, аны Исламга жабыштырууда да Батыш көз карашына негизделди. Муфтият түзүмдү өзгөртүү жолунда маддий аракетти кабыл албаган Хизб-ут-Тахрирди да түзүмдү өзгөртүү үчүн куралдуу аракет алып барган «террористтик» жамааттардын сабына кошту. «Хизб-ут-Тахрирге жана анын тарапкерлерине таандык каналдардын көпчүлүгү жабылгандан кийин Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнүн Телеграммдан пайдалануусу кыйла кыскарды», – деп айтылат макалада.

Мунун тушунда, Хизб-ут-Тахрир–Мисир вилаятынын басма сөз бөлүмү өз бидирүүсүндө ушуларды баса белгиледи: «Муфтият Хизбге каршы күрөшүүдө, Хизбдин Умматка жолдогон даъватына каршы чыгып, аны жана аракетин каралап көрсөтүүдө… Мындан Хизб-ут-Тахрирдин пикирлери жана сөздөрү башка бардык кыймылдардын жана уюмдардын куралдарынан күчтүү экени дагы бир ирет тастыкталды. Бул нерсе муфтияттагыларды Хизб пикирлери «экстремисттик» пикирлер дегенге үндөдү. Себеби, алар бул пикирлер таза исламий пикирлер экенин жана Хизбдин акыйдасы капитализмдин бардык ыплас пикирлеринен алыс экенин түшүнүп жетишти. Биз, Хизб-ут-Тахрир–Мисир мүчөлөрү, муфитияттагыларга ушуларды баса белгилейбиз, силер жана кожоюндарыңар кыйроого карай бара жатасыңар. Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүндө көөдөлөнгөн Ислам пикирлери жана бул пикирлер Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетинде колдонулушу өлбөйт, камактын дубалдары аларды тосо албайт. Бүгүн – Ислам пикирлеринин күнү, силер жана кожоюндарыңар канчалык урунбагыла, ушул пикирлер тикеленет. Алардын тикелениши менен Батыш жана анын капитализми кулайт… Бул айткандарыбыз – Аллахтын уруксаты менен – ишке ашуу алдында турат.

Роя гезити, №250, 2019-жыл, 4-сентябр.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here