Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,5 млрд долларга жакындады

442
0

Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,5 млрд долларга жакындады

2019-жылдын 30-июлуна карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4 млрд 454 млн долларга же 310 млрд 667 млн сомго жетти. Бул тууралуу Каржы министрлиги маалымат таркатты.

Маалыматка ылайык, анын ичинде тышкы карыз 3 млрд 767 млн долларды, ички карыз 686,50 млн долларды түзөт. Тышкы карыздын 2 млрд 181 млн доллары эки тараптуу жеңилдетилген насыялар. Эки тараптуу жеңилдетилбеген насыялар 8,35 млн долларга жетет. Ал эми көп тараптуу жеңилдетилген насыялар 1 млрд 529 млн долларды түзсө, жеңилдетилбегени 48,55 млн долларга жетет.

Мамлекет тышкы карызынын негизги бөлүгүн Кытайдын Эксимбанкынан алган, тагыраагы, 1 млрд 701 млн доллар. Кытай бул карыздарды берүү менен өлкөдө өзүнүн компанияларынын иш алып баруусун талап кылат. Маселен, Бишкектеги жылуулук электр борборун курууга, жолдорду салууга берилген карыздарды Кытайдын компаниялары иштеткен. Мындан тышкары, кендерди казууда кытай компаниялары күн санап өсүп жатат.

Ал эми көп тараптуу алынган карыздардын сап башында Эл аралык валюта фонду турат. Тагыраагы, Кыргызстан ЭВФга 151 млн доллар карыз. Эл аралык уюмдар карыздарды өлкөдөгү “реформалар” эсебине берет. Акыбетте болсо, валюта фонду менен дүйнөлүк банк салыктарды көбөйтүү, электр энергиясына карата тарифти көтөрүү талаптарын коюп келет.

Мына ушундайча, мамлекет карыздардын үстөк пайызын берүү менен бирге алардын талаптарын да аткарууга мажбур болот.

Мумтаз Маверанахрий    

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here