Жээнбеков:Кыргызстанда уран казылбайт

340
0

Жээнбеков:Кыргызстанда уран казылбайт

 Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда уран казып алынбастыгын убада кылды. Президент бул тууралуу Конституциялык палатанын судьялары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Буга чейин, Кызыл-Омполдогу геологиялык чалгындоо иштери  жөнүндөгү маалыматтардан кийин уран кенин казууга каршы акциялар болуп өткөн. 22-апрелде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ал жердеги бардык иштерди токтотууга көрсөтмө берген.

“Биз кийинки муунга ынтымагы бекем коомду, укуктук мамлекетти калтыруубуз зарыл. Урпактарга ата-бабадан калган таза табиятты, жашыл жаратылышты жеткирүүгө милдеттүүбүз. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айта кетейин, Ысык-Көлдө Кызыл-Омполдо уран казуу маселеси коомдо кызуу талкууланып, элибиз кабатыр болуп жатат. Так кесе айтам — Кыргызстанда уран казылбайт!” – деген Жээнбеков.  

Жээнбековдун айтымында, ал 2018-жылы лицензия берүүнү кылдат анализдеп, инвентаризация кылууну сунуштаган.  Башкача айтканда, лицензияларды берүүгө мораторий жарыяланган.

 Периздент Кызыл-Омполдогу абалды  кен казуу тармагындагы башаламандыктын, өзүмбилемдик саясаттын жыйынтыгы деп баалады. Жээнбековдун айтымында, эгемендик жылдарында жалпысынан жер казынасын пайдаланууга 2, 5 миӊден ашык  лицензия берилген. Акыркы 8 жылдын ичинде тоо-кен тармагына тийиштүү  жүзгө жакын кылмыш иши козголгон, бирок көпчүлүгү аягына чыгарылган эмес. Бул багытта Коопсуздук кеңишинин чечимине ылайык учурда жумушчу топ иштөөдө. 

Президент: “Дагы кайталайм, Кызыл-Омполдо уран казылбайт. Ачыгын айтканда, Өкмөттүн бул маселеге болгон кайдыгер мамилесинен улам коомчулук дүрбөлөң түштү. Баса белгилеп айтам, жөн жерден дүрбөлөңгө түштүк. Керемет Ысык-Көлүбүз кезектеги туристтик сезонго даярдык көрүп жаткан кезде мындай дүрбөлөң  туризм тармагына балта чапкан кыянаттыкка барабар. Ошондуктан, мекендештериме, жарандык коом, массалык маалымат каражаттарына айтаарым, тынчсызданууга эч негиз жок”, – деди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here