Экономикалык өнүгүү кандай жол менен болот?

334
0

Экономикалык өнүгүү кандай жол менен болот?

Ар кандай мамлекеттин өнүгүшү – оор өнөр жайдын өнүгүшүнө көз каранды. Кыргызстанда жүз берип жаткан экономикалык кризистин негизги себеби да, өлкөдө өнөр жайдын өнүгүшүнө эл аралык саясат тыюу салып жаткандыгында.

Мамлекеттин жеңил өнөр жайы, тейлөө тармагы, айыл-чарбасы жана инфраструктуралык тармактардын бардыгы оор өнөр жайга көз каранды! О.э. жеңил өнөр жайдын бардык түрү, жол жана темир жол курулушу, инфраструктура тармактарын куруу жана реконструкциялоо иштери машина куруучу жана станок чыгаруучу оор өнөр жайга муктаж.

Мисалы, Кыргызстанда саясий жана экономикалык көйгөйлөрдүн бардыгы тышкы күчтөргө көзкарандылыктын кесепетинен болууда. Бардык кен-байлыктарыбызды, ал тургай адамдын эмгегине тиешелүү мүмкүнчүлүктөрүбүздү да өзүбүз каалообузга ылайык тартиптештире албайбыз! Коррупциянын кесепетинен унаа жолдорду да башка мамлекеттер куруп жатышат. Темир жолду да өзүбүз кура албайбыз! Себеби, жол курулушуна зарыл болгон техникаларды иштеп чыгара албайбыз. Оор өнөр жайы өнүккөн мамлекеттер өлкөбүзгө өз компаниялары менен кирип келишип, маал-маалы менен инфраструктурабызды жаңылап, миллиондогон каражаттарыбызды алып чыгып кетишүүдө!

Кыргызстандагы жакырчылык проблемасынын себеби дүйнөлүк башкаруу системасынын бузуктугунда, башкача айтканда, жалаң гана ири мамлекеттер кызыкчылыгы негизинде иштелип чыккан эл аралык мыйзамдарда!

Эл аралык мыйзамдар, үчүнчү дүйнө (айыл-чарбасына жана сырьё жеткирип берүүгө негизделген) мамлекеттердин оор жана аскерий өнөр жайы өнүгүшүнүн алдын алуу негизине курулган! Ири мамлекеттер үчүнчү дүйнө мамлекеттери т.а. агрардык мамлекеттер жер бетиндеги жана жер астындагы байлыктарын сырьё катары дүйнөгө алып чыгышына кызыкдар. Муну алар “дүйнөлүк экономикалык глобалдашкан (борборлошкон, тартиптештирилген) башкаруу системасы” деп аташат. Ири жана жетекчи мамлекеттер, дүйнөдө өндүрүлүп жаткан сырьёлор жана казып алынып жаткан кен-байлыктардын эсебин алып, ушуга ылайыктап оор өнөр жай жабдыктарын даярдашат жана өздөрүнүн ишканалары аркылуу оор жана жеңил өнөр жайды күчөтүп барышат. Алар биздин өлкөлөрдөгү жер бетиндеги жана жер астындагы байлыктарыбызды өздөрү казып алып чыгып кетишет!

Кыргызстан экономикалык кризис баткагына батып барууда. Бул жердеги саясий чөйрө болсо, проблеманы инвестор тартуу жолу менен чечүүдөн башка нерсени ойлобойт! Ушул саясий чөйрө Кумтөрдү куфрга берип, кайтарып алмак тургай, өз үлүшүнүн көп бөлүгүн ала албай жатат. Эл аралык саясат жана эл аралык сот түзүмдөрүнүн бардыгы колонизаторлордун кызыкчылыгын коргошот, аларды эл аралык мыйзам аркылуу жеңүү мүмкүн эмес! Ушундай болсо да, Кыргызстандын саясий чөйрөсү жер астындагы жана жер бетиндеги байлыктарыбызды жетекчи мамлекеттерге сатууну улантып жатышат.

Кыргызстандын саясий чөйрөсү жана жетекчи тобу эл аралык саясат менен биргеликте иш алып барат. Алар элди алдоо жана жетекчи мамлекеттер кызыкчылыгы жолундагы айла-амалдарга элди көндүрүү жөнүндө гана пикирлешет. Мисалы, Бишкектен башталган “Коопсуз шаар” долбоорун алсак: өтө чоң өлчөмдө киреше түшө турган бул долбоорду Россия компаниясы ишке ашырат. Жарандардын акыркы тыйынына чейин тартып алып, (Кыргызстанга бериле турган бир бөлүгүнөн тышкары) бардыгы россиялык компанияга берилет. Министрлер бул иш үчүн пара алышып, долбоордун коопсуздукка тиешелүү тарабын көбүртүп-жабыртып айтуу менен куфрдун кызыкчылыгын коргошту жана жарандардын кызыкчылыгына кыянат кылышты. ЖЭБдеги келишимдер, уран кенине байланыштуу жүз берип жаткан иштер, темир жол транзити, Кытай менен Россия ортосундагы талашуулар мына ушулар түркүмүнөн. Президент жана өкмөт ири мамлекеттердин кайсы бирине кыянат кылсак экен деген саясий чөйрө негизиндеги пикир менен убара болуп калды.

Оппозициялык күчтөр да ушул саясий чөйрө өкүлдөрү болуп эсептелишет. Алар бийликке жетүү үмүтүндө башка ири колонизатор мамлекет менен тил бириктирип, бийликке жетери менен ошол мамлекеттин кызыкчылыгына кызмат кылуудан башка жолду билишпейт. Ушул кызыкчылык негизинде өздөрүн мекенчил, патриот кылып көрсөтүүгө аракет кылышат. Бийликтин кыянаттарын ашкере кылуу аркылуу элди көтөрүү жолу менен, же элдин добушун сатып алуу жолу менен  бийликке жеткен соң, алар да кыянаттыкты улантуудан башка чара таба алышпайт. Себеби, бул эл аралык капиталисттик башкаруу системасында эгемендүүлүккө орун жок!

Эгемендүү болуу үчүн учурдагы дүйнөлүк куфр башкаруу системасын четке кагуу керек! Эл аралык мыйзамдарды четке кагып, мамлекет өз жарандарын алар эътикад кылган акыйдага негизиндегеи мабдаъ менен башкарышы керек. Себеби, мамлекет өз калкы эътикад кылган акыйда негизинде башкарылган учурда гана ойгонот! Ошондо мамлекет менен калк өлкөнү башкарат!

Кыргызстандын көпчүлүк жараны мусулмандар болгондуктан, демократиялык эътикад негизиндеги ар кандай түзүмдү колдонуу аны ойгото албайт. Т.а. калк менен мамлекет ортосунда шайкештик пайда болбойт, тескерисинче алардын ортосундагы жарака кеңейип бара берет. Демек, Кыргызстан исламий өкүмдөрдү шаръий жол менен колдонуу аркылуу гана ойгоо жана көзкарандысыз мамлекетке айланышы мүмкүн!!!

Абдураззак.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here