Батыш мубарак Шам козголоңун бүтүндөй жок кылууну пландаштырууда

286
0

Батыш мубарак Шам козголоңун бүтүндөй жок кылууну пландаштырууда

Малай өкүмдарлар болсо аны ишке ашырууга шашылып жатышат

444Шам козголоңу исламий өлкөлөр өкүмдарларынын малай экендиктерин, кээде малайлык жана көз карандылык жолунда желип-жортуп жүрүшсө, кээде Ислам чүмбөтүн тагынып, Шам өлкөсүн сатууга жана ал жердеги мусулмандардын канын төгүүгө  жан үрөп умтулуп жатышканын бүт дүйнөгө ачып таштады. Кезектеги Вена конференциясында болгон иштер да бул өкүмдарлар ойноп  жаткан ролдун канчалык ыпылас экендигин ашкере кылды. Айрыкча, бардык Ислам душмандары Шам козголоңун муунтуп таштоо стратегиясын кабыл алышкандан о.э. өздөрүнүн ыпылас ыкмаларын өзгөртүшкөндөн кийин алардын бул ойноп жаткан ролдору канчалык ыпылас экени ашкере болду. Алар мурдагы ыкмаларынын бардыгы ийгиликсиз болгон соӊ, негизинен, эл аралык өкүл Стефан Де Мистуранын согушту тоӊдурууга болгон демилгеси таптакыр иш бербеген соӊ ыкмаларын өзгөртүштү.

2015-жыл, 15-ноябрь, жекшемби күнү БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мундун Нью-Йорктогу расмий сүйлөөчүсү тарабынан берилген билдирүүдө айтылышынча, Вена жыйынынын катышуучулары Сирия туурасында бир күн мурда бир нече негизги маселелерде ортоктош келишимге жетишишкен т.а. качан Сирия өкмөтүнүн өкүлдөрү менен оппозиция өкүлдөрү БУУ көзөмөлү астында жана Женева билдирүүсүнө таянган абалда, өзгөрүүнү көздөй биринчи кадамды таштаса, жыйындын катышуучулары да Сирияда ок атууну токтотууну ишке ашыруу жана аны колдоп-кубаттоо максатында аракет кылууга келишип алышкан.

Ооба, бул өкүмдарлар Ислам душмандарынын келишимин ишке ашырууга шашылышты. Мисалы, үстүбүздөгү жылдын 16-ноябрь күнү Араб Мамлекеттери Лигасынын башкы катчысы Набил Арабий Саудия эмдиги айда муътадил оппозиция делегациясын чакырмакчы экендигин, бул жыйында декабрь айында тогуттун өкмөтү менен өткөрүлүшү белгиленген сүйлөшүүлөргө бара турган делегация мүчөлөрүнүн аттары белгилеп алына тургандыгын ачыктады. Белгилүү болгондой, бул сүйлөшүүлөрдөн Шам козголоңун жок кылуу жана Америка чечимин ишке ашыруу көздөлгөн. «Кудсул Арабий» гезитинин Сирия оппозициясындагы бир булакка таянып кабар беришинче, Саудиянын иш-аракеттери Түркия жана Катар менен ылайыкташкан абалда ишке ашырылат. Мындан бардык саясий, аскерий уюмдар жана топторду улуттук конгресске бириктирүү о.э. аларды бир жетекчиликти калыптандыруучу саясий коалиция алкагында бириктирүү көздөлгөн. Ошентип, сауддар үй-бүлөсүнүн өкүмдарлары менен Катар жана Түркия өкүмдарлары биргеликте аракет кылып, Сириядагы топторду батыштык кожоюндары ыраазы боло турган саясий малай жетекчилик астына бириктиришмекчи, мусулмандардын кандары жана жандары акысына Батыш кызыкчылыктарын ишке ашыруучу жогорку комиссарлар ролун аткаруу менен кафир Батыштын ишенимине кирмекчи болушуда. Иордания режиминин ролу болсо, Шам өлкөсүндөгү калыс адамдарга каршы бүт дүйнө биригип турган бир учурда, Америка ыраазы болбогон т.а. террорчу деп бутага алынуучу уюмдар тизмесин түзүүдөн турат. Мисалы, Россия тышкы иштер министри Сергей Лавров террорчу уюмдар тизмесин даярдоого келишип алышканы жана бул тизмени даярдоо жараянында ок атылган убакыт истисна кылынышы (т.а. ок атылган убакыт эсепке алынбастыгы) туурасында билдирүү берди. Анын орун басары Михаил Богданов да Иорданияда алдыдагы эки же үч аптанын ичинде террорчу уюмдар тизмесин даярдоо менен алектенүүчү жыйын өткөрүлө тургандыгын айтты.

Эй Ислам диярынын борбору болгон Шам диярындагы мусулмандар!

Шек-күмөнсүз, Аллах түшүргөн өкүмдөр менен өкүм кылуучу жетекчиӊер жоктугу себептүү бул рувайбиза өкүмдарлар Батыш пландарын ишке ашыруучу куралдарга айланышты. Батыштын исламий өлкөлөрдөгү өкүмдарлыгынан жана колонизатордугунан азат болууга каратылган бардык аракеттерге тосук болушту. Ал тургай, алар Батыштын динди мамлекеттен ажыратуу негизине курулган хазаратын коргоочуларга о.э. ушул хазараттан келип чыккан мамлекеттик түзүм жана коомдун сакчыларына айланышты.

Мына, ушунча курмандыктар берилди, пакиза кандар дарыя болуп акты, үй-жайлардын күлү көккө сапырылды. Өкүмдарлардын мусулмандарды жаман көрүшү, Аллахка жана Исламга каршы душмандар тарабында турганы белгилүү болду… Ушундай болгон соӊ келгиле, Шам козголоңун тизгиндеп, жок кылуу үчүн ташталган бардык аркандарды үзөлү, мындай кутурган чабуулга каршы бир муштум бололу. Анткени, мындай чабуул динибизди, акыйдабызды о.э. Роббибиздин шарияты негизине курулган турмуштук түзүмүбүздү бутага алган. О.э. бул чабуулдан мусулмандарды чөгөлөтүү максаты көздөлгөн. Алар мусулмандардын Америкача саясий чечимди ишке ашырууга жана кыянаттыкка негизделген сүйлөшүүлөр базарында шейиттерибиздин каны сатылышына сүкүт сакташын каалап жатышат.

Мусибатыбыз өтө чоӊ, кайгы-капабыз ушунчалык оор. Бирок, Аллахтын ыраазычылыгы үчүн сабыр кылышыбыз, бекем туруп, Расулуллах с.а.в.дын жолу менен жүрүшүбүз керек. Аллах Таала мындай деди:

قُلْ هَذِهِ سَبِيلِي أَدْعُو إِلَى اللَّهِ عَلَى بَصِيرَةٍ أَنَا وَمَنِ اتَّبَعَنِي وَسُبْحَانَ اللَّهِ وَمَا أَنَا مِنَ الْمُشْرِكِينَ

«Айткын: Менин жолум ушул, Мен Аллага даъват кыламын. Мен жана мени ээрчиген адамдар анык-таасын далилге-ишеничке  ээбиз. (Ар кандай шериктен)Аллахты аруулаймын. (Анткени) мен мушриктерден эмесмин»   [12:108]

Аллахтын бекем арканын жакшылап кармашыбыз, Расулу с.а.в.дын шариятына амал кылышыбыз керек. Расулуллах с.а.в. мындай деген:

«…قَدْ تَرَكْتُكُمْ عَلَى الْبَيْضَاءِ لَيْلُهَا كَنَهَارِهَا لاَ يَزِيغُ عَنْهَا بَعْدِي إلاَّ هَالِكٌ…»

«… Мен силерди түндөрү күндүздөн  айырмаланбай турган ачык-айкын жолдо калтырдым, менден кийин бул жолдон кыйроого учураган кимсе гана адашат…».Качан Аллахтын арканын бекем кармасак курсант боло бергиле. Албетте, Аллахтын нусраты жакын. Себеби, кыйынчылыктын артынан албетте жеӊилдик келет, караӊгы күндөрдөн кийин, албетте жарык күндөр келет. Нусрат ачкычтары колунда болгон Зат мындай деген:

وَلَا تَهِنُوا وَلَا تَحْزَنُوا وَأَنْتُمُ الْأَعْلَوْنَ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ

«Куфрга каршы күрөштө (суздашпагыла) жана кападар болбогула! Эгер (чыныгы)ыйман ээлери болсоңор, жалгыз силер үстөм болуучусуңар»   [3:139]

Ырайымы кеӊ жана кудурети улуу Аллах мындай деген:

وَأَنَّ هَذَا صِرَاطِي مُسْتَقِيمًا فَاتَّبِعُوهُ وَلَا تَتَّبِعُوا السُّبُلَ فَتَفَرَّقَ بِكُمْ عَنْ سَبِيلِهِ ذَلِكُمْ وَصَّاكُمْ بِهِ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ

«Албетте, мына ушул Менин туура жолум. Демек, ушул жолго гана ээрчигиле!(Башка) жолдорго ээрчибегиле, алар силерди Анын жолунан үзүп коёт. Балким, таквалык кылаарсыңар, деп силерди мына ушул нерсеге буюрду»  [6:153]

 

Устаз Ахмад Абдулваххоб

Хизб ут-Тахрир-Сирия вилаяты басма сөз бөлүмүнүн төрагасы

 

Skype: TahrirSyria

Электрондук почта: media@tahrir-syria.info – ahmadabdalwahab2@gmail.com

Сирия вилаяты расмий сайтыwww.tahrir-syria.info

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here