Россия Түркия менен согушууга камынбайт

256
0

Россиянын Су-24 бомбалоочу самолёту Түркия аскерий аба күчтөрүнө тийиштүү F-16 самолёту тарабынан 24-ноябрь күнү атып түшүрүлүшү массалык маалымат каражаттарынын негизги темасына айланып калды. Ушул окуяга мамилесин билдирген Россия президенти Владимир Путин муну “аркадан урулган сокку” деп атап, мунун натыйжалары “олуттуу” болушунан Түркияны эскертип өткөн болсо, 25-ноябрь күнү журналисттер менен болгон жолугушуу учурунда Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров: “Бул чабуулдун кокустан болгонуна күмөнүбүз бар, бул алдын ала пландаштырылган провокацияга окшоп жатат”, – деди.

“Мен азыр эле Түркиянын тышкы иштер министри Чавушоглу менен телефон аркылуу сүйлөштүм. Биз түрк тарабынын жогорку даражада айкындык киргизишин кечээ күткөн элек, а бирок эч болбогондон көрө, кеч болсо  да жакшы”, – деди министр бүгүнкү телефон менен сүйлөшкөндөн кийин берген билдирүүсүндө.

Лавровдун айтымында, Түркия ТИМ башчысы Россия тарапка көӊүл айтып, болуп өткөн окуядан өкүнүчтө экендигин айткан, бирок, ошол эле учурда Түркия куралдуу күчтөрүнүн аракеттерин жактаган.

 Мындан тышкары, Сергей Лавров: “Түркия менен согушмакчы эмеспиз, түрк калкына мамилебиз өзгөргөн жок. Түркия жетекчилигине гана суроолорубуз бар”, – деп билдирүү берди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here