Россия Түркиянын гуманитардык жардам алып бара кербенин жок кылды

262
0

Өткөн шейшемби күнү Түркия тарабынан Россиянын Су-24 самолёту атып түшүрүлгөндөн кийин шашылыш билдирүү берген Россия президенти Владимир Путин бул иштин “олуттуу натыйжалары”  болушунан да эскерткен болчу.

Мындай олуттуу натыйжалар көпкө күттүрбөдү.

 Россия самолёту атып түшүрүлгөндөн эки күндөн кийин Россиянын аскерий самолёттору Түркия чегарасында жайгашкан Аъзаз шаарында Түркиядан келе жаткан 20 жүк машинадан турган гуманитардык жардам кербенин бомбалады. Чабуулдун натыйжасында жети адам курман болуп, 10 адам олуттуу жараат алган.

Кабарларда келишинче, Түркиядан жолго чыккан кербен Сириядагы качкындар лагерине гуманитардык жардам алып бара жаткан.

Авиа соккулардан аман калган айдоочулардын айтымында, кербен 20 жүк машинадан туруп, алар жол тарткан качкындар лагери Түркия чегарасынан 5 км алыстыктагы Аъзаз шаарында жайгашкан эле. Сирия качкындарына болжолдонгон жардам Humanitarian Relief Foundation (Гуманитардык жардам фонду) эл аралык кайрымдуулук уюмунун Түркиядагы штаб-квартирасы тарабынан чогултулган эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here