Атамбаев Москвага жөнөп кетти, бирок кыргыз жарандары кабатырда

308
0

Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) Жогорку кеңешинин жыйынына жана КМШга мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн 7-май күнү Москва шаарына барды. 8-май күнү болуп өтүүчү Евразия экономикалык биримдиги Жогорку кеңешинин ушул жыйыны биримдик түзүлгөндөн бери биримдикке мүчө болгон мамлекеттер башчыларынын толук курамдагы биринчи жолугушуусу болот. Мындан тышкары, Атамбаев 9-май күнү болуп өтө турган жеӊиш майрамына байланыштуу иш-чараларга да катышат.

 Атамбаев Москвага сапар кылышынан бир аз мурда расмий Москва Кыргызстанды Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуу шарттарын бузгандыкта айыптап чыкты. Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаковдун билдиришинче, Кыргызстан биримдикке мүчө болушунда пайда болуп жаткан кыйынчылыктар ЕАЭБ саммитинин негизги темасы болот.

 “Ыктымал, негизги тема Кыргызстандын биримдикке кошулуу маселеси болот. Акыркы кездерде бул жолдо кыйынчылыктар пайда болду жана бул нерсе талкуу кылынышы анык”, – деди Ушаков.

 Акыркы кездерде Кыргызстандын негизинен түштүк бөлүгүндө жашаган жарандар арасында улутчулдук согуштарына үндөп жибериши мүмкүн болгон атайын провокациялык аракеттер болуп кетишинен тынчсыздануулар күчөгөн. Бул тынчсыздануулар мамлекеттик аппараттар тарабынан да, Кыргызстандын жетекчи тобунун өкүлдөрү тарабынан да жана улуттук жетекчи топтор тарабынан да күчөтүлүп жатат. Карапайым жарандар сарсанаа жана түшүнбөстүк абалында. Эки улут бири-бири менен эски душмандыктарды унутуп, өздөрүнүн бир Үммөт экендиктерин дагы кайрадан сезе баштаган эле.

 Албетте, бул сыяктуу террордук иш-чаралардан коркутуу үчүн негиздер бар. Бирок, бул күмөндөр жана негиздердин бири да, мисалы, Ош же Жалал-Абад областтарында жашап жаткан өзбек же кыргыз улутундагы жарандар тарабынан атайын уюштурулушу мүмкүн эмес! Себеби, мурунку улуттук согуштардын натыйжасынан калган жарааттар дээрлик айыгып кетти. Эми кандайдыр бир күчтөр бул жарааттарды кайрадан чукулай башташты. Бул карамүртөз күчтүн өкүлдөрү кимдер болушу мүмкүн?

 Мына ошол провокациячыл күчтөр ким болушу мүмкүн экендигин биз сиздер менен аныктап алууга жетишсек, бул айла-амалдары менен бизди жана өкмөттү шантаж кылышына жол бербейт элек!

 Өкмөт өкүлдөрү бул сыяктуу ызы-чуу же шантаждарды уюштуруп жаткан күчтөр кимдер экендигин өтө жакшы билишет. Бирок, алсыздыгынан жана ошол күчтөргө байланып калышкандыктан, бул акыйкатты жашырууга мажбур болушат. Андан да жаманы бул провокациялык жүрүштөргө кошулуп, ыпылас күчтөр тарабынан түзүлгөн пландарды түздөн-түз ишке ашырып берүүдө да активдүүлүк көрсөтүшөт.

 8-май күнү кол коюлушу керек болгон документтердин кол коюлбай калуу ыктымалы Россия тарабынан уюштурулушу мүмкүн болгон ар түрдүү провокациялык жардыруу иштери, же башка күтүүсүз окуялар коркунучун пайда кылды. Кыргызстан президенти жана өкмөтү үчүн бул коркутуулар таркатылышы, Евразия экономикалык биримдигине кошулуу үчүн акыркы документтерге кол коюлушу үчүн бир басым өткөрүү болду деп айтууга болот.

 Демек, террордук иштердин ишке ашуусу же анын алдын алуу мүмкүнчүлүгү азыркы кырдаалда президент жана өкмөттүн колунда турат деп айтууга болобу? Албетте, жок!

 Алар да биз сыяктуу кырдаалдын курмандыгына айланышты! Кырдаал болсо Россия же АКШнын кызыкчылыктарынан бирин тандашыбызды талап кылып турат. Кумтөр маселеси да, Эл аралык соода уюму келишиминин бузулушу да, Кытай жана башка мамлекеттер менен Кыргызстан өз кызыкчылыктары жолунда кол койгон бир катар келишимдердин тагдыры да, алардын бузулушу себептүү келе турган бир нече финансылык жана башка зыяндар да Кыргыз мамлекетинин мойнуна түшүп барууда.

 Биз, Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Хизб ут-Тахрир жамаатынын атынан оболу мусулмандарды, калкты жана бийлик өкүлдөрүн кадыржамдыкка чакырабыз. Себеби, куфр системасы жана анын жетекчи мамлекеттери биздин үстүбүздө иш жүргүзүп жатышат. Алар бизди коркутуу аркылуу эӊ алсыз чекиттерибизди үйрөнүп чыгышкандан кийин, дал ошол алсыз чекиттерибизде сокку беришмекчи. Улутчулдук, тайпачылык, мазхабчылык, уруучулдук, диндер аралык душмандык… жана башка өз ара душмандык о.э. келишпестиктерибиз куфр мамлекеттери үчүн өтө пайдалуу болушу мүмкүн. Ошондуктан, куфрдун пландарынын ийгиликтүү ишке ашып барышында, жогоруда келтирилген шаръий жактан арам болгон душмандыктардын бирөө-жарымы негизинде бири-бирибиз менен мамиле кылышыбыз мүмкүн эмес. Айрыкча, өкмөт жана күч органдары жарандарга болгон мамилесин өзгөртүшү керек!

 Алар жогорудагы тышкы күчтөр тарабынан уюштурулуп жаткан же күтүлүп жаткан кыргындардын баарын ачык баян кылып, өз элине зулум кылуудан тыйылышы керек. Себеби, жарандар менен бийликтин ортосундагы жараканы кеӊейтип баруу Кыргызстандын кызыкчылыктарына тескери келет. Тескерисинче, мына ушул кескиндик жана жарака куфр мамлекеттери үчүн пайдалуу болушу анык.

 Хизб ут-Тахрирдин атынан төмөнкүнү да айтабыз, Кыргызстанда Хизб тарабынан ушул күнгө чейин бир жолу да материалдык (куралдуу, жардыруу…) иштери болгон эмес, мындан кийин да болбойт.

 Элдин арасында исламий кыймыл же жамаатар арасында да мындай материалдык иштерди уюштурууга кызыкдар бирер кыймыл жок. Болгону, куфр мамлекеттер (үчүнчү күчтөр) тарабынан уюштурулушу мүмкүн. Ошондуктан, биз сиздерди бул сыяктуу иштерден эскертип, бул аракеттерге туура баа берүүгө чакырабыз. Себеби, куфр баскынчылары алгач бизди “ушул иштерди аткара алышы мүмкүн болгон исламий же улуттук кыймылдар бар” деп ишендирип алышат. Ийгиликке жете алшса, жардыруу иштерин уюштуруп, кийин аны белгилүү бир исламий же башка күчтөргө шылтоого аракет кылышат.

 Демек, абалды оӊдоо дагы деле өзүбүздүн колубузда. Келиӊиздер, биригели! Себеби, алар биздин бири-бирибизге болгон жек көрүүбүздөн пайдаланып калышмакчы. Куфр дүйнөсү мындай өз ара душмандыктарсыз бизге эч кандай зыян жеткире албайт. Себеби, ошондо алар бизди бир-бирибизге каршы аракеттендире алышпайт. Жалгандан уюштуруу үчүн жүргүзүп жаткан ар кандай жийиркеничтүү аракеттеринен алар күтүп жаткан натыйжа чыкпайт, инша Аллах.

 Хизб ут-Тахрирдин Кыргызстандагы басма сөз бөлүмүнүн төрагасы

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here