ЭМНЕ ҮЧҮН ЖЕТЕКЧИ ТАНДООДО АДАШЫП ЖАТАБЫЗ

277
0

بسم الله الرحمن الرحيم

ЭМНЕ ҮЧҮН ЖЕТЕКЧИ ТАНДООДО АДАШЫП ЖАТАБЫЗ (2)

Темага дагы бир мисал кылып “жакынкы келечекте, Орто Азияда чоӊ коркунуч бар” деген пикирди алсак. Бул пикир бир тараптан туура, бул пикирге мен да кошуламын. Болгону, биз өздүгүбүздү тааныбастан, күн өтсө болду деп жашоону улантсак, туура азыркы кыйын абалыбыздан да өткөн коркунуч болушу мүмкүн. Бирок, өздүгүбүздү таанысак жана абалды оңдоо үчүн көпчүлүк болуп аракет кылсак, андай коркунуч болушу мүмкүн эмес, анын алдын алса болот. Эми муну далилдеп беришиме туура келет. Себеби, пикирди башкалар кабыл алышы же ага олуттуу маани берилиши үчүн айтылганда, далилсиз куру раъйдын өзүн берүү жетиштүү болбойт, тескерисинче бул раъйды угуучу адам аны туура далил менен түшүнүп жетиши да албетте зарыл болот.

Биздин өлкөлөр колонизатор мамлекеттер көз арткан, учурда Россия жана АКШ ортосунда талаш болуп жаткан жер. Бул талашуунун себептери туурасында кыскача токтоло турган болсок, мурдагы СССРдин курамындагы өлкөлөргө өзүнүн мүлкү сыяктуу карап жаткан Россия, чыгыш Европадагы кызыкчылыктары сыяктуу биздеги кызыкчылыктарынан да акырындап айрылып жатканынан улам  аларды сактап калууга, айрыкча, шал болуп калган экономикасын жаӊыдан тикелөөгө жана эл аралык саясаттагы деӊгээлин дагы кайрадан тикелөөгө олуттуу аракет кылып жатат. АКШ болсо бул жерлерге орношуп, өз кызыкчылыктарына ээ болуп жатат, айрыкча, Өзбекстанга жакшылап орношуп о.э. 2001-жылдагы “11-сентябрь” окуясын шылтоо кылып, Кыргызстанга кирип алганы Россиянын тынчтыгын бузган болсо да, бирок, АКШ бул өлкөлөрдү оӊойлук менен таштап кетпейт. Себеби, дүйнө жетекчилигин дааба кылып жаткан АКШ үчүн Борбор Азияда өз таасирин бекемдөөдө жана Чыгыш Азияга саясий таасир өткөрүүдө, айрыкча, Кытайды өзүнө көз каранды кылуу үчүн Кыргызстан өтө чоӊ стратегиялык мааниге ээ. Бул жерде калуу максатында Кытайга да кээ бир орундарда убактылуу жан тартышы мүмкүн. Өзбекстанды аны менен экономикалык алакаларын күчөтүүгө шыктандырышы о.э. учкучсуз самолётторду андан сатып алышына мүмкүнчүлүк бериши Кытайга белек катары болуп, Россиянын мүмкүнчүлүктөрүн азайткандыгын мисал кылууга болот. Т.а.  АКШдан пайда көрүп жатканы себептүү Кытайга Россия олуттуу басым өткөрө албайт.

Россия дүйнө бөлүштүрүлүшүндөгү өзүнүн олжосу катары карап жаткан бул өлкөлөрдү сактап калуу үчүн кандай жолду карманышы мүмкүн. О.э. дүйнө жетекчилигинде жеке акимдикти дааба кылып жаткан АКШ да бул жерлерди таштап кетпестик үчүн эмне кандай иштерди кылышы мүмкүн? Элге таянабы? Жок, эл Россияга да, АКШга да кул болууну т.а. алардын колониясында болууну каалабайт. Демек, алар биздеги өз малайларына таянат. Малайлар материалдык кызыкчылыктар менен шыктандырылат, болбосо калкты аларга каршы козгоо менен коркутулат. Калкты аларга каршы козгоо үчүн биздеги саясий жана экономикалык кырдаал аябай ыӊгайлуу т.а. тиричиликтен кыйналып жаткан калкты аз гана материалдык шыктандыруу менен бийликти кулатууга болот. Акаевдин бийликтен кетишинде Россиянын максатын ишке ашыруу үчүн АКШнын таасирин чыгарып жиберүүдө кыйналды. Буга аракет болуп жатканын сезген АКШ Акаевди коркутуп коюу, коркпосо башка малай өкмөттү түзүү максатында ага каршы өз малайларын ишке түшүрө баштады т.а. 2005-жылдын баштарында АКШ бийликке каршы козгогон калкты Россия “малайлыкты” мойнуна алган Бакиев аркылуу тездетип, өкмөттү алмаштыргандыгын мисал кылууга болот. Бирок, мыйзамдуу жол менен көздөлгөн максатка алып барышына акылдары жетпесе, экинчи жолду т.а. ички кагышууларды пайда кылуу менен пландарын ишке ашырат. Калктын аӊ-сезимсиздигинен пайдаланып, ички согуштарды кылып болсо да пландарын ишке ашырууга аракет кылышат. Бул пландарынын жүзөгө чыгышында биздин чыныгы жигиттерибиз курман болушу, тынчтыгыбыз жоголуп, жашообуз изден чыгышы аларды кызыктырбайт. 2010-жылы да АКШга ыктап жаткан америкапарасттардын, өзгөчө өзүнүн уулу Максим Бакиевдин аракеттерин токтото албаган К. Бакиевди бийликтен кетирип, өз пландарын көздөй багыттоо үчүн убактылуу өкмөттү колдоо максатында жана Өзбекстанга басым өткөрүү үчүн Россия улутчулдук жаӊжалын чыгарды. Муну малайлары аркылуу ишке ашырды. Алгач, Инамжан жана Кадыржандар жалган убадаларга ишенип, кыянат негизинде өзбектерди козгоду, андан кийин малай чыккынчылар аркылуу кыргыздардын туйгуларына катуу таасирин тийгизе  турган видеотасмалар  жетиштүү болду. Карапайым калкты козгоо үчүн аз гана провокация жетиштүү. Натыйжада миңдеген бейкүнөө адамдардын курман болуп, турмуштун агымы изден чыкты. Россия бул аркылуу түштүктө кара тизмеге кирген Бакиевге ыктагандарды улутчулдук балээси менен алек кылган болсо, түндүктө болсо, өзүнө көз каранды болгон малай өкмөттү орнотту….

1990-жылдарда Россия улутчулдукту козгогондо да улуу жаштагылар кудум ушул кыйынчылыктарга күбө болушкан. Анда СССР таркашынын натыйжасында өздөрүнчө эгемендүү болуп калдык деп ойлогон Орто Азия калктарында беш республиканы бириктирген “Түркстан” мамлекетин түзүү туурасындагы пикир баарына таасирин тийгизип жаткан эле. Себеби, ар бири өзүн-өзү эгемендүү башкаруудан чочулаган жетекчилерге ушул пикир туура көрүнгөн, себеби буудай, пахта, мал-чарба, эгинзарлар, газ, жана алтын кендерине ээ болгон бул территориядагы жаңы мамлекет чыныгы эгемендүүлүккө жетиши мүмкүн, ал тургай СССРдин ошол кездеги 8% курал-жарагы мурас болуп калган Казакстан да бар экендигин эсепке алса, бул мамлекет эгемендүү эле эмес, жетекчи мамлекеттер катарынан орун ээлеши да мүмкүн болчу. Бул пикир Россияга да жана башка колонизатор мамлекеттерге да жакпайт. Ошондуктан, Россия анда да бул пикирди талкалап таштоо максатында улутчулдукдан пайдаланган. Оштон баштап, Кыргызстандын түштүк аймагында өнүктүргөн. Түндүк тарапта маркум Чыӊгыз Айтматов жана түштүктө Т. Араббай жана К. Садык кары сыяктуу кээ бир таасирдүү жетекчилердин таасири менен бул жаӊжалдардын кескиндиги бир аз солгундаган болсо да, негизги майдан Өзгөн болгон эле. “Оштогу студент кыздарды өзбектер зордуктап жатат” деген провакация, негизинен Өзгөн жана Совет райондорунда өтө күчтүү болгон. Пландаштырылган күнү айланадан провакацияга ишенип, кыздарын коргооо үчүн чогулган эл Мырзаке борборунда наша кошуп даярдалган плов жана адамды жырткыч кыла турган химикаттар кошуп даярдалган атайын ичимдиктер менен көзү канга толтурулган жана белгисиз адамдар тарабынан вертолёттордо таркатылган куралдар менен камсыздалган атчандар Өзгөн шаарына жөнөтүлгөн. Мындан, бул аламан ушундай бир жырткычтыктарды кылып, натыйжада мындан кийин бул элдер ортосунда биргелешкен күчтүү мамлекет куруу туурасындагы пикир таптакыр кайтарылбасын деген максат көздөлгөн. Бул пландын бир тармагы катары Казакстандын Ташкент областына чектеш жерлеринде “өзбек-казак” жана Душанбеде “өзбек-тажик” жаӊжалдарын чыгарган. Бирок, Душанбедеги иштери пландаштыргандай болбостон, өзбек-тажик биригип орустарга каршы жүрүшкө айланып кеткенде, аны тез арада токтотушкан…

“Батыш лагер”деги жетекчи мамлекеттердин Орто Азияга кирип келишин токтотууда да Россия улутчулдуктан пайдаланган, себеби, эми эле Россиядан кутулганын “эгемендүүлүк” деп белгилеп жаткан калкка АКШнын кирип келиши макул эмес эле. Ошондуктан, Өзбекстанга кирип келүү үчүн АКШ Түркияны ишке салды т.а. күн сайын өз ара алакалар күчөп барды. Түркия жардамында АКШнын кирип келиши Россияга жакпады жана Өзбекстандагы месхет түрктөр менен өзбектер ортосунда “өзбек-түрк” улуттук жаӊжалын чыгарды. Натыйжада канчалаган бейкүнөө адамдардын өлүшү, эки калктын кыйналышы, айрыкча, куугунтукка дуушар болгон түрктөрдүн азап тартышы жана башкалар жүз берди. Жаӊжалдан кийин Түркиянын “жаш эгемендүү болгон Өзбекстанга жардам” деген байрак менен өнүгүп жаткан алакалары токтотулду, өкмөтүнө карата ички нааразылыктар күчөшүнөн корккон Түркия бул алакаларын токтотууга мажбур эле. Россиянын максаты, АКШга “бул менин олжом, андан колуӊду тарт” деп коюу жана жаштарынын шаарларга кетип калышы себептүү бош калып жаткан айылдарын месхет түрктөрдөн турган жумушчу күчү менен камсыздоо эле. Натыйжада, Россиянын планы ишке ашты, ал эми курман болгондор, кыйналгандар жана жырткычтар биз болуп калдык. Демек, улутчулдукту каражат кылып колонизатор кафирлер өз таасирин сактап калууда. Ислам диярларынын башка жерлеринде да абал ушундай. Мисалы: АКШ Түркияда “күрт жана түрк” туйгусунан, араб диярларында болсо, “сунний-шия” туйгуларынан, илгери халифалыкты жок кылуу үчүн “араб-түрк” пикиринен пайдаланган.

Бул раъйыма кошулгандарга кандай иштер кылынышы керектигин айтуу менен бирге, тез арада ишке киришүү кеӊешин беремин.

  1. Колонизатор мамлекеттердин тыӊчыларын өлкөлөрүбүздөн чыгарып таштоону талап кылуу. Себеби, кафирлер өз максаттарына жетүү үчүн жүргүзүп жаткан тышкы саясатын жана өз малайларын багыттоону –тыӊчыларынын жардамында биздин ички абалыбызды жакшылап үйрөнүп чыккандан кийин – белгилейт. Буга АКШ жана Кыргызстан ортосундагы 5 жылдык визаны киргизгендигин мисал кылып келтирүүгө болот. (Туура максатта жүргөндөрдүн зыяны жок).
  2. Батышчыл малайлардын оозун жабуу. Алар кафирлер пайдасына үгүттөө иштерин жүргүзүшөт. О.э. керек болгон жерлерде кафирлердин пландары ишке ашуусу үчүн билип-билбестен, алардын көрсөтмөлөрү боюнча иштерди жүргүзүшөт.
  3. Улутчулдук чөйрөнү жок кылуу. Улутчулдук ар бир адамда табигый болсо да, бирок, аны өз максаттарында пайдалануу үчүн колонизаторлор күчөтөт же малай акимдер анын күчөшүнө кайдыгерлик менен карашат.
  4. Исламий чөйрөнү күчөтүү. Бул чөйрө көлөкөсүндөгү миӊ жылдык тарыхыбызда бул калктардын тынч-таттуу, эч кандай өз ара жаӊжалсыз жашагандыгы биздин бул пикирибизди кубаттайт. Буларды кандай ишке ашыруу туурасындагы раъйымды кийин баян кыламын.

Жетекчи тандоодогу акылдын маанилүүлүгүн түшүндүрүү үчүн анын жемиши болгон пикир-раъйды аз гана шархтап коёмун, себеби, кээ бир пикирлердин хис кылына турган (сезиле турган) вакиълиги болсо да, пикирлөөгө үйрөнбөгөн адам түшүнө албастан, аны куру эле бейпайда сөз деп ойлойт, себеби, анын вакиъсин хис кылуу үчүн да пикир керек болот. Ошондуктан, татаал пикирлерди кайра-кайра окуу максатка ылайык болот.

Раъйдын хис кылына турган вакиълиги бар болсо пикир болот, эгерде андай болбосо бейпайда куру сөз болуп кала берет. Мындайда ал эч бир негизге ээ болбогон арзыбас нерселер, куру-кыялдар, фараз-божомолдор жана токума-жалгандар үстүнө курулган болот.

Бул пикирге анын ээси өзүндөгү маалыматтар жана Аллах ага неъмат кылып берген байланыштыра алуу кубаты т.а. ошол маалыматтарды вакиъликке байлай алуу кубаты аркылуу жетишет. Айтылган пикир болсо, ээсинин ким экендигин билдирет. Себеби, адам сүйлөгөндө дароо эле анын шахсияты (өздүгү) белгилүү болуп калат. Анткени, бул шахсия же урандыга айланган үй сыяктуу о.э. ичи бош идиш сыяктуу эч нерсеге арзыбаган, өтө майда шахсия болуп чыгат же суусу мол дарыя сыяктуу илим-билим жана маалыматтар менен гүлдөгөн, чыгармачыл, туура жолду көрсөтүп берүүчү шахсия болуп чыгат. Ошондуктан: «Адамдын кыйроосу эки жаагынын ортосунда», – деп бекеринен айтылбаган.

Албетте, пикирдин адамдын үстүнөн болгон өкүмдарлыгынан башка бирер өкүмдарлык үстөм боло албайт. Ошондуктан, анын өкүмдарлыгы кылычтын өкүмдарлыгынан күчтүүрөөк жана таасир көлөмү да чоӊураак болот. Бул болсо, пикирдин Аллах адамды башка махлуктардан жогору көтөрүүгө себепчи болгон акыл үстүндөгү өкүмдарлыгынан келип чыгат. Себеби, пикир себептүү адам бийиктейт жана адамдар арасында жогорку даражага көтөрүлөт о.э. эң жогорку өнүгүү даражаларына жетип барат. Пикирсиздик менен болсо айбандын даражасынан да төмөндүккө түшүп өтө эле төмөндөп кетет.

Аллах өзүнүн Расулу Мухаммад (с.а.в)ды Пайгамбар кылып жиберген кезде ал кишини пикир негизинде, Куран жана Сүннөт менен жиберди. Башка Пайгамбар жана Расулдарды жиберген кезде да аларга акыл жолу аркылуу хытаб кылды жана мейли алардын муъжизалары материалдык муъжизалар болгон болсо да, аларды пикир менен элчи кылып жиберди. Аллах биринчи инсан болгон Адам алайхисаламды жараткан кезде аны преиштелерден пикир менен абзел кылды. Себеби, Аллах Адам алайхисаламга периштелерге бербеген пикирлөө негиздерин үйрөттү. Натыйжада, Аллах Адам алайхисаламды алардан жогору кылышы менен о.э. аларды ага сажда кылдыруу менен Адам алайхисалам алардан абзел болду. Анткени, пикир бардык нерселердин жогору жана алдыда турат, андан кийи       н адамдын турмушундагы башка нерселер ушул пикирдин натыйжалары катары келет, ошондон кийин гарыйзаларды жана материалдык, моралдык жана рухий муктаждыктарды кандыруу келет. Пикирдин жок болушу менен болсо бардык нерсе жок болуп кетет.

Раъйдын маанилүүлүгү – темасынын  ар түрдүү болушу жана айтуучунун ар түрдүү болушу менен бири-биринен айырмаланат. Себеби, акыйда сыяктуу негизги пикирлердеги раъй, маани жана татаалдыгы жагынан экинчи даражадагы раъйдан айырмаланат. Саясат туурасындагы раъй болсо тарых туурасындагы раъйдан бүтүндөй айырмаланат, согуш майданындагы раъй болсо аскерий машыгуулардагы раъйдан бүтүндөй айырмаланат ж.б.у.с….

Жетекчи тандоо темасындагы пикир да өтө маанилүү жана татаал болгондуктан бул теманы түшүнүү үчүн күчтүү пикир керек болот. (Туура раъйды билип алууда сизге жардам болушу үчүн “ал-ваъй” журналынын 163-санындагы “ТУУРА РАЪЙДЫ ТЕКШЕРИП ҮЙРӨНҮҮ” темасына караӊыз).(уландысы бар).

Гариб.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here