Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 600 миллион доллар берет
Жакынкы беш жылда Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 600 миллион доллар каражат берүүгө ниеттенип жатат. Бул туурасында Дүйнөлүк банктын операциялар боюнча башкаруучу директору Аксель ван Троценбург маалымдады.
Аксел ван Тротсенбург өкмөт, жарандык коом, эксперттер сыяктуу бардык кызыкдар тараптын сунуштарын угуу маанилүү экендигин белгиледи. О.э. 30 жылдан бери Кыргызстан Дүйнөлүк банктын ишенимдүү өнөктөшү болуп келгендигин, бул аралыкта 2,7 млрд доллар өлчөмдөгү каржылык жардам көрсөтүлгөндүгүн эске салды.
Ал: “Биз мындан ары да Кыргызстандын өнөктөшү болуп калууга кызыкдарбыз. Бул жаатта өлкөнүн министрлер кабинети менен биргеликте 5 жылдык стратегия иштелип чыкты, анда өлкөгө 600 млн доллар бөлүү каралган”, – деди.
Комментарий: Оппозицияда жүргөн кезинде да, президент болуп келгенден кийин да Садыр Жапаров көтөрүп чыккан эң негизги темалардын бири Кумтөр алтын кенин улутташтыруу болчу. Садыр Жапаров “эгер Кумтөр алтын кени Кыргызстанга өтсө, Кыргызстан эл аралык каржы уюмдарынан карыз албай калышына” ишендирип келди. А бирок, Кумтөр кени улутташтырылып, тышкы башкаруу киргизилишине карабастан, Кыргызстан чет өлкөдөн карыз алууну токтотпой келет. Кечээ күнү эле, кыргыз өкмөтү бюджетти колдоо үчүн 10 айдын ичинде эл аралык каржылык уюмдардан жалпы эсепте 180 млн. доллар карыз алганы кабарланды. Бул дагы жылдын соңу эмес. Эгер кыргыз өкмөтү Дүйнөлүк банк менен 600 миллион доллардык келишим түзсө, анда мындан кийинки беш жылдын ичинде мамлекеттин жыл сайын 120 миллион доллар “жардам” алышы анык болуп калат. Бул “жардам” кандай шарттар негизинде жана канча мөөнөткө берилери, үстөк пайызы канча болору анык эмес.
Быйыл апрель айында да Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 150 миллион доллар берери кабарланган болчу. Ошол кезде АКШга сапар кылган министрлери кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда жаңы каржылык келишимге кол коюлган. Ошол карыздын 50 миллион доллары Боткен облусун өнүктүрүү долбооруна жумшалары айтылган, каражаттын жарымы гранттык негизде, калганы жылдык үстөгү 0,75 пайыз менен 38 жылга берилери кабарланган. Суу чарба жана климат өзгөрүшүнүн алдын алуу үчүн бериле турган 100 миллион доллар кандай шарттар негизинде берилери айтылбаган, болгону каражаттын 50 миллион доллары грант экендиги гана айтылган.
Белгилүү болгондой, эл аралык каржы уюмдары дүйнөлүк колонизатор түзүмдүн негизги куралына айланып калган. Ал уюмдардан алынган карыз жана “жардамдар” мамлекеттин өнүгүүсү үчүн эмес, тескерисинче, мамлекеттин кол-бутун байлап, алардын кызыкчылыктарын ишке ашыруу максатында гана берилет. Айрым гранттар, жеңилдик катары көрсөтүлгөн келишимдер болсо көз боёмочулук болуп, анын артында жашыруун талаптар турат.
Абдурахман Адилов