«Pfizer» компаниясы коронавирус эпидемиясын токтотуу жөндөмүн сыноодон өткөрбөй вакцинаны базарга чыгарды

131
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Капиталисттик цивилизациянын мөмөлөрүнөн:

«Pfizer» компаниясы коронавирус эпидемиясын токтотуу жөндөмүн сыноодон өткөрбөй вакцинаны базарга чыгарды

«RT Arabic» веб-сайты хижрий 1444-жылы 16-рабиулаввал, миладий 2022-жылы 12-октябрда жарыялаган кабарда мындай делет: «АКШнын «Pfizer» фармацевтика компаниясынын өнүккөн базарлар боюнча директору Жанин Смолл Европа парламентинин дүйшөмбү күнү өткөрүлгөн угуу сессиясында компания өз вакцинасын базарга чыгаруудан мурда коронавирус эпидемиясын токтотуп калышын же калбашын сыноодон өткөрбөгөнүн моюнга алды.

Сессияда андан голландиялык депутат Роб Росс «Аnti-Covid вакцинасы базарга киргизилишинен мурда вирус жайылышын алдын алууга жарактуулугу сыноодон өткөрүлдүбү, жокпу?», деп сурады жана суроого бир сөз менен «ооба» же «жок» деген жоопту угушун кошумчалады.

Росс: «Мен вакцинаны базарга киргизүүдөн мурда вирустун жайылышын токтотуу жөндөмү бар экенин билгенсизби, деген суроого «жок», деп жооп беремин», – деди.

Ал: «базарда болуп жаткан абалдарды түшүнүү үчүн илим тездигинде аракет кылышыбыз керек болду жана ушул мааниде биз да бардык нерселерде тобокел кылышыбызга туура келди», – деп кошумчалады.

Росс дагы ушуларды баса белгилеп айтты: «Компаниябыздын башкы директору Альберт Бурла «дүйнөдө болуп жаткан окуяларды сезген жана ушул себептүү биз «Pfizer»дин эки миллиард долларлык атайын активин тобокелге салып сарптадык. Себеби, биз вакцинанын эпидемияга каршы күрөштө жардам берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экенине ишенгенбиз».

 

Роя гезити, №413, 2022-жыл 19-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here