Хусийлер режими Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүн камакка алышы – кылмыш, бул үчүн Азиз жана Жаббар Зат алдында албетте жооп берет

35
0

بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ

Хусийлер режими Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүн камакка алышы – кылмыш, бул үчүн Азиз жана Жаббар Зат алдында албетте жооп берет

2022-жылы 13-октябрь күнү шам маалында Хусийлер режими Хизб-ут-Тахрир мүчөлөрүнүн бири 57 жаштагы устаз Мухаммадмусъад Варракийди Иб районундагы Хикмат мечитинде баян кылып жатканда камакка алды. Ал баянда Расулуллах ﷺ:

«ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةً عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот», деп башарат берген Халифалыктын дастур долбоорун түшүндүрүп жаткан.

Хизб-ут-Тахрир–Яман вилаятынын маалымат бөлүмү билдирүү жарыялап, билдирүүдө «эй Масирати Куръан иш-чарасын өткөрүүнү айтып жаткандар, мусулмандарды исламий жашоону кайра баштоого о.э. Батыш жана анын малай режим өкүмдарларына кул болуудан азат болууга даъват кылуу кылмыш болуп калганбы, эмнеге аларды камакка алып жатасыңар?!» деген суроо ташталды.

Билдирүүдө кошумчаланып мындай делет: «Иб шаарынын калкы устаз Мухаммадмусъад Варракийди Хизб-ут-Тахрирдеги даъваты жана аракети менен таанышат. Ал ушул жолдо өмүрүн сайган жана залимдердин зулумуна карабастан, Ислам Умматын бириктирүү жана исламий жашоону кайра баштоо аркылуу жер жүзүндө Аллахтын башкаруусун тикелөө үчүн күнү-түнү аракет кылып жаткан даъватчылардын бири. Аллах Таала айтат:

﴿وَاللَّهُ غَالِبٌ عَلَى أَمْرِهِ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ

«Аллах Өз ишинде үстөмдүк кылуучу бирок, адамдардын көпчүлүгү (муну) билишпейт»  [12:21]

Ага кирген ар кандай адам кооп-коркунучтан аман боло турган Аллахтын үйлөрүнүн биринде устазды камакка алуу менен Хусийлер режими ар кандай баалуулук жана ахлакты жоготушту. Режим анын оорулуу экенине, майыптыгына жана жашы улуулугуна да карап отурган жок. Негизи, устаз шам намазынан кийин адамдарга баян кылып, Халифалык мамлекети дастуру долбоорун түшүндүрүп жаткан. Исламга даъват кылып жаткан адамдарды камакка алуу уят, күнөө жана кылмыш. Эй кылмышкерлер, бул кылмышыңар үчүн эртең Аллах Азза ва Жалла алдында кандай шылтоо айтасыңар, акыры, муну менен Аллахка, Анын динине жана даъватын көтөрүп чыгып жаткандарга согуш жарыя кылбадыңарбы?!».

 

Роя гезити, №414, 2022-жыл, 26-октябрь.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here