بِسْمِ اللهِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِيمِ
Суроо–жооп
Сауд Арабиянын нефть казып алууну кескин кыскартуусунун артында эмне турат?
Суроо:
Эмне үчүн Американын малайы болгон Сауд Арабия АКШнын каалоосуна тескери түрдө нефть казып алууну – баалардын көтөрүлүшүнө себеп боло турган даражада – кескин кыскартуу үчүн «ОПEК+» уюмунда Россия менен кызматташты? Мындан ачууланган АКШ Сауд Арабия менен мамилелерин кайра карап чыгарын билдирди. “Байден Сауд Арабия нефть казып алууну кыскартууда Россиянын тарабында турганы үчүн Вашингтон жана Эр-Рияд ортосундагы мамилелерди кайра карап чыгууну убадалап, мунун «акыбеттеринен» эскертти”. (“Франс 24”, 2022-жыл, 16-октябрь). Сауд Арабия жана анын учурдагы өкүмдары Ибн Салман Американын малайы экени эсепке алынса, бул аракеттерди кандай түшүндүрүү жана мындан эмнени күтүү мүмкүн?
Жооп:
Оболу, моюнга алуу керек, Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмираттары Россия менен келишип «ОПEК+» уюмунун алкагында нефть казып алуу көлөмүн күнүнө 2 миллион баррелге азайтышы Байден жана Европа үчүн сокку болду. Себеби, бул мамлекеттер Россиянын энергия ресурстарынан баш тартуу жана аларга муктаж болбоо үчүн чоң күч жумшап жатышат. Ушул себептен улам, ресурстардын дефицити бааларга, айрыкча, Европада абдан көтөрүлүп кеткен бааларга таасир кылбашы үчүн алар дүйнө базарларында Россиянын энергия ресурсунан башка энергия ресурстарын көрүүгө көбүрөөк муктаж болушууда… Сауд Арабиянын бул кадамдан көздөлгөн максатын билүү үчүн ушул кадамдын айланасындагы эл аралык чөйрөнүн акыйкатын үйрөнүп чыгуу зарыл:
Биринчи: Европадагы энергия кризиси:
- “Бир нече ай мурун Европа Союзу Россиянын Украинадагы аскерий аракеттери себептүү ага каршы декабрь айынан баштап Россиядан келчү нефть импортуна тыюу салууну өз ичине алган алтынчы санкциялар пакетин тастыктады. Чынында, Европа Союзуна Россиядан чийки нефть импорту кыскарып, өткөн август айында күнүнө 1,7 миллион баррелге төмөндөп кеткен. Январь айында бул көлөм күнүнө 2,6 миллион баррелди түзгөн…”. (“Индепендент арабий”, 2022-жыл, 12-сентябрь). Европанын бул санкциялары Россия нефтисинин деңиз аркылуу импорт кылынышын өз ичине алат, кээ бир түтүктөр аркылуу өткөрүлө турган нефть импортун өз ичине албайт. АКШ Европага жардам берүү үчүн Европа Союзу (алтынчы санкциялар пакетинен мурда) баш тарткан Россия нефтисинин жарымынын ордун алда качан толтурган.
- Башка жактан караганда, Европа күн сайын күчөп жаткан энергия кризисин башынан өткөрүүдө. Газ жана электр энергия баасы эки эсеге көтөрүлгөн. Бул, Украина согушунан мурун Европа Россиянын энергия камсыздоосуна чектен тышкары көз каранды болгонунун натыйжасы болуп саналат. Ушул күндөрдө Европа менен Американын ортосундагы табигый газдын баасы төрт эсеге айырмаланып жаткан болсо да, бул нефтиге тиешелүү маселе эмес. Себеби, дүйнөдө нефтинин баасы дээрлик бирдей. Ал эми, газдын баасы газ түтүктөрүнүн же суютулган газды кайра иштетүү заводдорунун бар экенине карап айырмаланат. Башкача айтканда, Европанын Россияга каршы 6-санкция пакети Европада 1,4 миллион баррель нефть дефицитине алып келет. Бул өтө чоң өлчөм болуп, нефть баасынын дагы көтөрүлүшүнө себеп болушу күтүлөт. Эгер буга «ОПEК+» уюмунун нефть казып алуу көлөмүн күнүнө 2 миллион баррелге азайтуу жөнүндөгү токтому негиз кылынса, баалар чектен тышкары кымбаттайт.
Экинчи: бул нерсе Россияга кандай таасир кылат?
- Америка менен Европа мамлекеттери Россиянын экономикасын курчоого алып, аны акчадан куру калтырууга аракет кылышууда. Ушул себептен улам, алар Россиянын нефть кирешелерин азайтуу үчүн дүйнө базарларына өтө көп көлөмдө нефть чыгышын каалап жатышат. Бирок «ОПEК+» уюму нефть казып алууну кыскартуу боюнча кабыл алган акыркы токтому нефть дефицитине жана баалардын көтөрүлүшүнө, натыйжада Россиянын финансылык пайда көрүшүнө жол ачып жатат. Америка менен Европа мамлекеттери болсо, муну каалашпайт. Туура, Американын узак мөөнөттүү максаттары бар. Анын бул максаты Европанын Россия менен болгон алакаларын үзүүдө т.а. энергия менен камсыздоо чынжырын өзгөртүүдө көрүнөт. Бирок, Москваны финансылык жактан бууп таштоо да – АКШнын негизги максаттарынын бири. Ошондуктан, Сауд Арабия тарабынан АКШнын бул максатына каршы аракеттердин жасалышы таң калычтуу туюлат.
- АКШ менен Европа мамлекеттери ушул максаттарынын алкагында Россиянын нефтиси жана газы үчүн эң жогору баанын чегин белгилөөнү активдүү талкуулап жатышат. Себеби, алар санкциялар себептүү Россиянын энергия ресурстары Европа базарынан тосулгандан кийин Москва өз нефтиси үчүн Индия, Кытай жана башка Азия мамлекеттеринде жаңы базарларды ача алганына күбө болушту. Россия бул мамлекеттерге нефтини арзан бааларда сатып жаткан болсо да, бирок, санкциялардан кийин дүйнө бойлоп нефть баасынын көтөрүлүшү Россияга ортодогу айырманы каптоо мүмкүнчүлүгүн берди. Башкача айтканда, дүйнөдө нефть баасынын кымбаттагандыктан нефть сатуудан Россиянын казынасына түшкөн киреше Украина согушунан мурунку доорго салыштырмалуу өзгөргөн жок. Ошондуктан, Москванын нефтиден ала турган кирешелерин чектөө максатында Россия нефтиси үчүн эң жогору баанын чегин белгилөө максаты пайда болду. Бирок, муну менен бирге, дүйнө базарларында нефть жеткирип берүү жетиштүү даражада калышы керек, муну менен баалар бул мамлекеттер үчүн алгылыктуу болушу кажет. Россия нефтиси үчүн жогорку бааны белгилөө дале пландаштыруу баскычында турат. Россия анын нефтиси үчүн эң жогорку баанын чегин белгилеген мамлекеттерге нефть жеткирүүдөн баш тартканда – бул жагдай дүйнөлүк бааларга таасир кылышын этибарга алып – Америка менен Европа мамлекеттери Россия нефтиси үчүн эң жогору баанын чегин белгилөөгө батына алышпады.
Үчүнчү: АКШ Конгрессине шайлоолор:
- 2022-жылы 8-ноябрда АКШ Конгрессине арадагы шайлоолор болуп өтөт. Мурунку президент Дональд Трамп таандык болгон Республикачылар партиясы бул шайлоолордо жеңишке жетишип, Конгресстин эки палатасын тең: Өкүлдөр палатасы менен Сенатты көзөмөлгө алууга үмүт кылууда. Бул шайлоолор өтө маанилүү. Себеби, анын натыйжалары бийликке кайтууну пландап турган Республикачылар партиясы үчүн 2024-жылдагы президенттик шайлоого жолдонмо болуп эсептелет. Америкада Демократтар партиясы жана аны колдоп-кубаттаган технологиялык компаниялар менен Республикачылар партиясы жана аны колдогон нефть компаниялары ортосунда кескин бөлүнүү болгон соң, «ОПEК+» уюмунун нефть казып алууну сезилээрлик даражада кыскартуу чечими ушул шайлоолорго таасир көрсөтүшү табигый. Бул маселеде Сауд Арабиянын «ОПEК+» уюмун колдоо чечими болсо маселенин негизги нуктасы.
- Маселенин маңызына келсек, Америка өтө оор доорду башынан өткөрүүдө. Т.а. Конгресс шайлоолоруна бир ай калганда: “5-октябрь күнү нефть экспорттоочу мамлекеттер алянсы «ОПEК+» келерки ноябрь айынан баштап күнүмдүк нефть казып алуу көлөмүн 2 миллион баррелге азайтууга чечим кылганын жарыялады. Бул абал нефть баасынын 10 % көтөрүлүшүнө алып келди. Кийин бул апта бир аз төмөндөдү”. (“Анадолу агенттиги”, 2022-жыл, 12-октябрь). «ОПEК+» чечиминин ушул табигый натыйжасы т.а. нефть баасынын кымбатташы Сауд Арабиянын ушул чечимди колдоодон көздөгөн негизги максаты эле. Себеби, Америкада күйүүчү май баалары америкалык шайлоочулар үчүн өтө назик маселе. Баалардын көтөрүлүшү АКШ шайлоочуларынын маанайына таасир кылып, аларды президент Байденден жана анын демократтар партиясынан баш тартып, Республикачылар партиясынын талапкерлерин шайлоого үндөшү мүмкүн. Америка расмийлери «ОПEК+» чечимин бир айга т.а. Конгресстин арадагы шайлоолорунан кийинкиге кечиктирүү үчүн Сауд Арабия жана Фарс булуңу мамлекеттери менен байланышканы да ушуга далалат кылат. “«Уолл Стрит Жорнал» гезити «ОПEК+» уюмунун нефть казып алууну кыскартуу чечимин бир айга кечиктирүү жөнүндөгү АКШ расмийлеринин талабына Сауд Арабия макулдук бербегени жөнүндө кабарлады. Гезит сүйлөшүүлөрдөн кабардар булактарга таянып баса белгилешинче, АКШ расмийлери «ОПEК+» чечиминен мурун, бешинчи октябрь күнү Сауд Арабия жана Фарс булуңундагы нефть казып алуучу башка союздаш мамлекеттер менен байланышып, алардан бул маселе боюнча чечимди болгону бир айга кечиктирип турууну сураган. Бирок, бул мамлекеттер өтүнүчтү четке кагышкан. Абалдан кабардар адамдардын айтымында, АКШ расмийлери бул планды кечиктирүүгө көндүрүү үчүн Сауд Арабига күчтүү басым кылуу кампаниясын алып барууда. Гезит маалымдагандай, Ак үй расмийлери канзада Мухаммад ибн Салман менен бир нече ирет сүйлөшүүлөрдү өткөргөн жана АКШ финансы министри Жанет Йеллен болсо Сауд Арабиянын финансы министри менен сүйлөшкөн”. (“Хурра”, 2022-жыл, 11-октябрь). Ошентип, талкууланып жаткан нефть казып алууну кыскартуу чечими Демократтар партиясы жана Байден администрациясы үчүн шайлоолор алдында өтө назик маселе экендиги жана Байден администрациясы бул чечимди кечиктирүүгө аракет кылганы, бирок, ийгиликке жетпегени белгилүү болду.
- Жогорудагылардан көрүнүп тургандай, Сауд Арабия «ОПEК+» уюмунун нефть казып алууну чоң көлөмгө (күнүнө 2 млн. баррелге) кыскартуу чечимин катуу колдошу артында Батышка каршы Россия казынасына финансылык жардам көрсөтүү жана Европадагы энергия кризисин тереңдетирүү планы жок. Себеби, эгер Вашингтондогу кожоюндары талап кылбаса Саудия Европага каршы турууга алсыздык кылат. О.э. Сауд Арабия Америкадагы кожоюндары менен биргеликте Трамптын партиясы болгон Республикачылар партиясынын добуштарын көбөйтүүнү пландап жатканы да анык. Бул окуялар Америкадагы саясий турмуш бөлүнүү таасири астында жамандашканына далалат кылат. А түгүл, бир партия башка бир партиянын – ал мамлекетти башкарып жаткан болсо да – кызыкчылыктарына сокку берүү үчүн чет мамлекеттер менен кызматташууга да даяр!
- Байден администрациясы Сауд Арабия жана анын чечимине ачууланганын ашкере кылды. “Шейшемби күнү кечинде Байден «CNN» телеканалына берген интервюсунда: «Алардын (саудиялыктардын) Россия менен жасаган иштери кээ бир «акыбеттерге» алып келет», – деди, жана: «Мен эмнени баалап жатканым жана оюмда эмне бар экени жөнүндө киришпейм. Бирок, акыбеттери болот», – деп кошумчалады. Президент Байден Сауд Арабия менен мамилелерди кайра көрүп чыгуунун убагы келгенине ишара кылды”. “Анадолу” агенттиги, 2022-жыл, 12-октябрь). “Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьер шейшемби күнү берген билдирүүсүндө президент Жо Байден администрациясы башынан эле Сауд Арабия менен башкача мамилелерди түзүү зарылдыгы бар экендиги жөнүндө ачык айтып келгенин билдирди. Маалымат катчысы Вашингтон менен Эр-Рияд ортосундагы мамилелер кайра каралып жатканы жана Конгресс менен кеңешүүнүн негизинде келерки апталарда эмне болушун күзөтөрүн баса белгиледи. Ал кошумчалап: “«ОПEК+» уюмунун чечими Сауд Арабия энергетика саясатында Россия менен союздаш экендигин көрсөтөт”, – деди”. (“Ал-Жазира”, 2022-жыл, 12-октябрь).
Төртүнчү: мындан эмнени күтүү мүмкүндүгүнө келсек, ал ушул көрүнүштө болот:
- «ОПEК+» уюмунун нефть казып алууну күнүнө 2 миллион баррелге азайтуу чечими нефть камсыздоого чоң таасир кылары табигый. Ал тургай, бул чечимден мурун Байден администрациясы АКШда күйүүчү май баасынын кымбатташына каршы чара катары жана Конгресс шайлоолорунда зыян көрбөө үчүн АКШ стратегиялык нефть запасынан 6 ай аралыгында күнүнө 1 миллион баррель нефть чыгарууга чечим кылган. “АКШ президенти Жо Байден АКШ запастарынан базарга болуп көрбөгөндөй даражада нефть чыгарылышын жарыялады. О.э. Байден мамлекет жерлерин ижарага алган, бирок, нефть жана газ казып алууну көбөйтпөгөн компанияларга жаза колдонушун билдирди. «Союздаштар жана шериктештер менен кеңешкенден кийин президент тарыхта эң ири өлчөмдө нефть запастарынан базарга чыгарылышын билдирди. Келерки алты айда базарга күндө кошумча бир миллион баррель нефть чыгарылат» деп айтылат Ак үйдүн билдирүсүндө”. «CNN Arabic», 2022-жыл, 31-март).
- Бул нерселерден – Байдендин нефть өндүрүүнү көбөйтүү талабы Сауд Арабия тарабынан четке кагылып жатканда – АКШ президенти Конгресс шайлоолору алдында жергиликтүү күйүүчү май базарларын кантип тынчтандырууга аракет кылып жатканы белгилүү болот. Сауд Арабия Конгресс шайлоолоруна болгону бир ай калганда «ОПEК+» уюмунун нефть казып алууну сезилээрлик даражада азайтуу жөнүндөгү чечимди колдоду. Ал тургай, Саудия мындан башка көп иштерди да жасады, Россиядан импорт кылына турган нефть көлөмүн эки эсеге көбөйттү. «Рефинитив Эйкон» кемелерди күзөткөн компаниянын маалыматтарына ылайык, “Сауд Арабия үстүбүздөгү жылдын апрель-июнь айларында Россия жана Эстония порттору аркылуу Россиядан 647 миң тонна (күнүнө болжол менен 48 миң баррель) нефть импорт кылган. Бул көрсөткүч мурунку 2021-жылдын ушул учурунда импорт кылынган нефтиден эки эсе көп”. (“Хурра”, 2022-жыл, 15-июль). Бул – Сауд Арабия Республикачылар партиясы жана АКШ нефть компаниялары менен кызматташып президент Байдендин Россияга жана дүйнөлүк нефть баасына карата саясатына каршы күрөшүү максатында жасап жаткан ири фитнадан кабар берет.
Эгер, бул нерселерге мурунку Трамп администрациясындагы Жаред Кушнер сыяктуу таасирдүү адамдардын Сауд Арабия менен алакаларын эсепке ала турган болсок, Сауд Арабия өзүнүн нефть саясатын Республикачылар партиясы, айрыкча, мурунку президент Трамптын командасы жана Республикачылар партиясына колдогон Америка нефть компаниялары менен шайкеш алып барып жатканы ачыкталат. Бул компаниялар Сауд Арабиянын нефть өнөр жайында терең тамыр жайган.
- Шексиз, жакын күндөрдө Саудиянын бул саясаты Байден администрациясынын басымына дуушар болот. Негизи, Байден «ОПEК+» уюмунун нефть өндүрүүнү сезилээрлик даражада кыскартуу чечиминен кийин Сауд Арабия менен мамилелерди кайра карап чыгуу жараянында экенин билдирди. Ал тургай, Байден администрациясынын расмийлери алда качан Сауд Арабия менен Россияны байлоого өтүштү: “АКШ президенти Байден «ОПEК+» уюмунун нефть казып алууну кыскартуу чечими себептүү Сауд Арабияга «акыбеттери» болорун айтып, Сауд Арабия менен мамилелерди «кайра карап чыгуунун» убагы келгенин баса белгиледи. Ошол эле учурда, Ак үй Улуттук коопсуздук кеңешинин сүйлөөчүсү Жон Кирби президент Байден АКШ жана Сауд Арабия ортосундагы мамилелерди «кайра карап чыгуу» жөнүндө буйрук бергенин билдирди”. (“Хурра”, 2022-жыл, 12-октябрь). Демократтар партиясынын сенатору жана тышкы алакалар комитетинин төрагасы Боб Менендес “«Россиянын Украинага ырайымсыз бастырып киришин активдүү колдоп жатат» деп Саудияны айыптады. Иллинойс штатынын сенатору Ричард Дурбин шейшемби күнү «Сауд Арабия Украинадагы согушта Россиянын жеңишке жетишин каалашы анык» деди. Дурбин «CNN» телеканалына берген интервюсунда «Ачыгын айталы, Путин менен Сауд Арабия АКШга каршы», деди жана Сауд Арабия ишеничтүү союздаш эместигин баса белгиледи”. (“Хурра”, 2022-жыл, 12-октябрь). Шексиз, Сауд Арабиянын бул аракеттери Россиянын кызыкчылыктарына туура келбейт. Саудия 2020-жылы Трамп администрациясы доорунда Россияны нефть казып алууну кыскартууга мажбурлоо үчүн Москванын кызыкчылыктарына катуу сокку бергени белгилүү. (Бул жөнүндө 2020-жылы 29-апрелде жарыяланган «Нефть кризиси жана анын акыбеттери» деген суроо-жоопто кеңири айтылган). Ошондуктан, Сауд Арабия Америкага каршы Россияны колдоп жатат деп ойлоо куру кыялдан башка нерсе эмес. Американын малайы болгон Саудиянын жетекчилери мындай ишке батына алышпайт.
Бешинчи: Сауд Арабиянын учурдагы нефть саясатынын акыйкаты мына ушундай. Бул саясат Байден администрациясынын каалоолоруна анык тескери болсо да, Республикачылар партиясы жана аны колдоп жаткан Америка нефть компанияларынын каалоолоруна туура келет. Бир жактан алганда, АКШ нефть компаниялары өз кызыкчылыктары үчүн бааларды көтөрмөкчү болсо, экинчи маанилүү жактан алып караганда Республикачылар партиясы Конгресстин эки палатасын тең көзөмөлдөө үмүтүндө, жакындашып жаткан Конгресстин арадагы шайлоолорунда президент Байдендин Демократ тарапкерлерин сүрүп чыгарууга умтулууда. Бул болсо, алардын 2024-жылдагы президенттикке кайтышын жеңилдетет.
Эгер, Сауд Арабия жана нефтиге бай Фарс булуңу мамлекеттери нефть сатуу жана баа белгилөө жагынан көзөмөлдү колго алууну каалашса, муну өздөрүнүн жана элинин кызыкчылыгы үчүн кылышы мүмкүн эле. Бирок, мындай пикирлер бул малай өкүмдарлардын оюна да келбейт. Себеби, алар тыңчылык жана чет элдиктерге моюн сунуу о.э. Ислам жана мусулмандарга душмандык кылууну кесип кылып алышкан. Жакында Аллахтын уруксаты менен тикелене турган Халифалык мамлекети гана мусулмандардын нефтисин душмандардын колундагы курал эмес, мусулмандар колундагы куралга айлантат.
﴿وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ * بِنَصْرِ اللَّهِ يَنْصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ﴾
«Ошол күндө момундар Аллахтын нусраты себептүү шаттанышат. (Аллох) Өзү каалаган кишилерге нусрат берет. Ал Зат кудуреттүү жана ырайымдуу» [30:4-5]
21-робиулаввал, 1444-х.
17-октябрь, 2022-м.