Түркия кылымы

40
0

Түркия кылымы

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкарада уюштурулган жыйында Халифалык мамлекети кулатылып, республика курулгандыгынын 99-жылдыгына байланыштуу Түркия калкын куттуктады. Президент Эрдоган республиканын негиздөөчүсү Мустафа Кемелди урмат менен тилге алып, демократия, эркиндик жана тең укуктуулук кепилдене турган кийинки жүз жыл “Түркия кылымы” болоруна өзгөчө басым жасады.

2023-жылы Түркия республикасы биринчи кылымын бардык кыйынчылыктары жана утуштары менен артта калтырып, жаңы доорго кадам коюшуна көңүлдү бурган Эрдоган “Түркия кылымы” ишеним жана туруктуулук кылым, тынчтык жана ийгиликтер кылымы, өндүрүш жана жемиштүүлүк кылымы, күч жана цифралар кылымы, диалог жана илим-билим кылымы, өнүгүү жана баалуулуктар кылымы, укук жана ырайымдуулук кылымы,  көз карандысыздык жана жаштар кылымы болорун убада кылды.

Комментарий: Англистердин малайы болгон наалаты Мустафа Кемел тарабынан Халифалык мамлекети кулатылып, анын ордуна Түркия республикасы түзүлгөнүнө бир кылым болгон болсо, ошол күндөн бери ататүркчүлөр жана алардын тарапкерлери, анын ичинде президент Эрдоган “жетиштик” деп мактанып жаткан “утуштар” төмөндүктөн башка нерсе эмес. Себеби, Ислам Үммөтү калканынан айрылып калган соң, Батыш жана анын жергиликтүү малайлары Үммөттү Исламий жашоодон алыстатуу үчүн болгон күчтөрүн аяшпады. Шарият мыйзамдары жокко чыгарылып, анын ордуна Батыш мыйзамдары тыгыштырылды, Ислам хазараты “эскиликтин калдыгы” катары сыпатталып, Батыш хазараты таалим-тарбия программаларына киргизилди, бул иштерге каршылык көрсөткөндөргө аёосуз чаралар колдонулду. Натыйжада Аллах Таала “Эң жакшы Үммөт” деп сыпаттаган жана дүйнөгө нур тараткан Үммөт караңгылык туткунунда калды. Азиздик жана улуулук бул Үммөт үчүн түшкө айланды.

 Бүгүнкү күндө бир гана Түркиянын аймагында эле болуп жаткан кылмыштын деңгээлин, Ислам өкүмдөрү иш жүзүндө колдонулган Халифалык доорундагы учу-кыйырсыз мамлекетте болгон кылмыштардын деңгээли менен салыштырсак, Халифалыксыз Ислам Үммөтү бузукулук баткагына канчалык батып калганы айкын болот. 1560-1610-жылдар аралыгындагы кылмыштар боюнча изилдөөлөр көрсөткөндөй, Түркия эле эмес, Шам өлкөлөрү, Хижаз жана башка бир нече аймактарга жайылган Халифалык мамлекетинде бир жылда орточо эсеп менен 25 кылмыш болгон. Бүгүнкү күндө болсо, Түркиянын өзүндө эле бир күндө 1600 кылмыш катталууда. Бул болсо, бир жылга эсептегенде 584 000 (беш жүз сексен төрт миң) кылмыш дегени.

Мындан тышкары, жийиркеничтүү ЛГБТнын мусулмандар арасында бузукчулугун кеңири улантышы, рибанын кеңири жайылышы, арак заводдорунун күндөн-күнгө көбөйүшү, мыйзамдуу сойкукана жана кумарканалардын ачылышы, жаштар арасында атеист жана деисттердин жамгырдан кийинки козу карындай көбөйүп кетиши, улутчулдук жана расачылык түшүнүктөрүнүн жайылышы сыяктуу демократияда кылмыш болуп эсептелбей турган нерселер жөнүндө айтып отуруунун да кажети жок.

Халифалык мамлекетин кулатып, ордуна республика жарыялоо бир гана Түркияны ушундай абалга салды. Ал эми башка Исламий өлкөлөрдөгү абал тууралуу өзүңүз иликтеп көрүңүз. Ушунча төмөндүк жетишпегендей, республиканын мындан кийинки жүз жылында т.а. Эрдогандын сөзү менен айтканда, “Түркия кылымында” бул Үммөт дагы жүз жыл төмөндүк баткагында калабы?! Албетте жок! Инша Аллах, Ислам Үммөтүнүн ушул төмөндүктөрдөн кутулуу убагы келди. Мындан кутулуунун бирден-бир жолу – Ислам өкүмдөрүн иш жүзүндө колдоно турган Халифалык мамлекетин тикелөө жана Исламий жашоону кайрадан баштоо. Мындан башка жол жок, болушу да мүмкүн эмес. Себеби, бул Үммөттүн башы эмне менен оңолгон болсо, аягы да ошол нерсе менен оңолот. Инша Аллах, бул кылым “Түркия кылымы” эмес, “Халифалык кылымы” болот жана Түркия үчүн эле эмес, дүйнө жүзү үчүн рахматка айланат.

 Зохид Заргар

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here