Кыргызстан Азия өнүктүрүү банкынан дагы карыз алып жатат
Кабар: Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстандын бюджетин колдоого 50 миллион доллар карыз берет. Тийиштүү келишим Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин 31-октябрдагы жыйынында каралды.
Аталган комитет “Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик жана гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун карады. Кабарда айтылышынча, каражат соода жана инвестицияда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жолу менен Кыргызстанда туруктуу экономикалык өсүштү колдоого багытталат о.э. Баткенди калыбына келтирүүгө жумшалат.
Бул мыйзам долбоорун алып чыккан каржы министринин орун басары Руслан Татиков: “Азия өнүктүрүү банкы бюджетти колдоо үчүн 50 млн доллар жардам көрсөтүүдө. Анын 25 млн доллары грант болсо, 25 млн доллары кредит. Бул каражаттын 1,3 млрд сому Бала-Саруу ГЭСинин курулушуна жумшалат, бул бюджеттик кредит. Баткенди калыбына келтирүүгө 3 млрд сом жумшалат”, – деди.
Маалыматка ылайык, бул каражаттын кредиттик бөлүгү 24 жылга берилет. Т.а. Кыргызстан бул каражатты 2045-жылга чейин төлөшү керек. Анын алгачкы 8 жылы 1% жана 1,5% жеңилдетилген мөөнөт болуп эсептелет.
Комментарий: Акыркы он айда кыргыз бийлиги бюджетти колдоо үчүн эл аралык каржылык уюмдардан жалпы эсепте 180 млн. доллар карыз алды. Азия өнүктүрүү банкынан келиши күтүлүп жаткан кезектеги 50 млн. доллар карыз кошулса Кыргызстан дагы да көбүрөөк карызга батат.
Президент болгонго чейин “бир жылда мамлекеттин экономикасын бутка тургузам, Кыргызстанды беш жылдын ичинде карыз алуучу мамлекеттен карыз берүүчү мамлекетке айландырам” деген убадаларды берген Садыр Жапаров Кыргызстанды карыздан куткармак тургай, тескерисинче күн өткөн сайын карызга батырып бара жатат.
Кыргызстандын карызга батып барышына негизинен колонизатор мамлекеттер тарабынан түзүлгөн эл аралык башкаруу түзүмү себепкер. Сүткордукка негизделген капиталисттик түзүм жана анын колонизатордук куралы болгон эл аралык каржылык уюмдар үчүнчү дүйнө мамлекеттерин карызга батырып, алардын карыздан кутулушуна эч кандай мүмкүнчүлүк беришпейт. Бул жердеги үчүнчү дүйнө мамлекеттеринин, анын ичинде, Кыргызстандын саясий чөйрөсүнүн ролу – алардын коррупцияга батып калышында. Бул коррупциялык схемага да тышкы колонизатор мамлекеттер шыктандырып турушат. Аларга Кыргызстан көбүрөөк карызга батып калышы үчүн, берилген карыздардын бир бөлүгүн өздөштүрүп алуу жөнүндө ойлоно турган коррупционер чиновниктер керек. Эл аралык саясат өкүлдөрү мына ушул арам тамак саясий топтон пайдаланат. Себеби, аталган топ мамлекет үчүн карыз алып жатканда бир жолу болсо да “оор өнөржайды өнүктүрүү үчүн, же болбосо, буга чейин сатып, жок кылынган ири ишканаларды калыбына келтирүү үчүн” деп карыз алган эмес.Кыргызстандын проблемасы, эл аралык капиталисттик система үстүбүздө турганында жана ушул система түзгөн эл аралык саясатта. Материалдык пайдадан башкасын эсепке албай турган капиталисттик түзүм үстүбүздө турган соң, Кыргызстан эч качан карыз жүгүнөн кутула албайт.
Туркистон