Жапаров жана Путин “Жерүй” кениндеги алтын рудасын иштетүүчү комбинаттын ачылышына катышат

334
0

Жапаров жана Путин Жерүй” кениндеги алтын рудасын иштетүүчү комбинаттын ачылышына катышат

Президент Садыр Жапаров 17-мартта Талас облусундагы “Жерүй” кениндеги алтын иштетүүчү комбинаттын ачылышына катышат.

 О.э. президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек кабарлагандай, ачылышка Россиянын президенти Владимир Путин да теле-көпүрө аркылуу катышат.

“Жерүй” кени алтындын өлчөмү боюнча Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөргө ылайык кенде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар экени кабарланган.

Комментарий: Кыргызстан өкмөтү алгач мамлекеттеги эң ири кендердин бири болгон Жерүй кенин өздөштүрүү укугун “Кыргызалтын” жана Британиянын “Оксус голд” компанияларына берген эле. Бирок, арадан көп убакыт өтпөстөн, өкмөт алтын кенин өздөштүрүү талаптары аткарылбай жатат деген шылтоо менен “Оксус”тун лицензиясын жокко чыгарган. 2005-жылы өкмөттүн токтому менен кенди өздөштүрүү укугу Австралиянын “Глобал голд” холдингине берилген. А бирок, Курманбек Бакиевдин буйругу менен кенди иштетүү укугу кайрадан британиялык комнпанияга берилген.

 Кийинчерээк, “Жерүй” алтын кенин “Жерүй алтын” жабык акционердик коомунун 60 пайыз акциясына ээ болгон “Visor Holding” компаниясы иштетти. Бирок, 2010-жылы мамлекетте бийлик алмашкан соң, ошол жылдын ноябрь айында “белгиленген иш пландар” аткарылбай жаткандыгы себептүү компаниянын лицензиясы жокко чыгарылды. Мунун артынан “Visor Holding” компаниясы кыргыз өкмөтүнүн үстүнөн эл аралык сотко кайрылып, инвестиция жаатындагы талаш-тартышты тартипке салуучу эл аралык борбордон компаниянын пайдасына 400 миллиондон ашык доллар өндүрүп берүүнү суранды.

2013-жылы Кыргызстандын геология жана минералдык запастар боюнча мамлекеттик агенттиги “Жерүй” алтын кенин иштетүү үчүн конкурс жарыялады. Анда лицензияга ээ болуу үчүн башталгыч баа – 300 млн доллар өлчөмүндө белгиленди. 2015-жылы кенди казып алуу укугу үчүн аукциондо лицензия Россиянын “Платинум” корпорациясынын курамына кирген “Восток-Геолдобыча” компаниясына 100 миллион долларга сатылды. Ошентип, бул кен колдон-колго өтүп отуруп, акыры Россиянын компаниясына берилди.

Өнөржай, энергетика жана жер ресурстары боюнча мамлекеттик комитет 2019-жылдын аягында жарыялаган отчётко ылайык, Кыргызстанда кендерди чалгындоо жана казып алуу үчүн бардыгы болуп 2415 лицензия берилген. Лицензиялардын 471и алтын казуу үчүн, 102си уран жана башка кендер үчүн,337 лицензия көмүр казып алуу үчүн, 1039 лицензия курулуш материалдары үчүн берилген болсо, булардын көпчүлүгү чет элдик компанияларга берилген.

471 лицензиянын көбү жеке менчик ишканаларга берилген. Анын да көбүрөөк бөлүгү чет элдик ишканаларга тийиштүү. Бирок, ал ишканалардын кыргыз ишканаларына тиешелүүсү да чет элдик ишканалар менен кызматташтыкта иштетилет же аларга ижарага берилет. Себеби, Кыргызстанда алтын казып алуучу жабдыктарды чыгара турган өнөржай жок. Ошол себептен да жаңы келген ар кандай президент Кыргызстандын кендери чет элдиктерге берилбейт деп айтканына карабастан, жер алдындагы байлыктарды чет элдиктерге берүүгө мажбур. 

Мындан тышкары, эл аралык уюмдар кыргызстандык ишкерлердин эмес, эл аралык инвесторлордун кызыкчылыгынан келип чыгып т.а. алардын кызыкчылыгы негизинде эл аралык мыйзамдарды иштеп чыгышат. Эл аралык мыйзамдар Кыргызстан өз кендерин өзү иштете албай турган жана аны чет элдик компаниялар менен инвесторлорго көз каранды кыла турган негизде иштелип чыгат.

 Абдурахман Адилов

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here