Улутчулдукка чакырган бизден эмес
Кечетен бери хижаб кийген эже-карындаштарыбызга карата айрымдар тарабынан “кыргыздар хижаб кийген эмес, кыргыздын кийимин киели” деген сөздөр айтылууда. Албетте, мында каапырлар тарабынан Исламга каршы улутчулдук идеясы ишке салынууда. Арабыздагы жасалма “улутчулдар” каапырлардын кызматын кылып, буга курал болуп беришүүдө. Келиңиздер, Ислам арам кылган, Пайгамбарыбыз с.а.в. хадистеринде айткан “улутчулдук” пикирин бир талдап көрөлү.
Энциклопедияда улутка – “адамдын тилинин, маданиятынын, психологиясынын, каада-салттарынын, жашоо ыңгайынын өзгөчөлүктөрү менен айырмаланган кишилердин белгилүү бир этностук жалпылыгына таандыктыгы” деген аныктама берилген.
Ал эми, Исламда улутчулдукка карата араб тилиндеги “асабият” термини колдонулат. Асабият сөзү арапчада “асаба” уңгусунан алынып, атанын өз уругуна, уруусуна ашыкча камкордугу, алар айыптуу болсо да башкалардан коргоо үчүн кылган аракети маанисинде колонулат. Ислам бул жахилияттан калган түшүнүктү четке каккан. Пайгамбарыбыз с.а.в.дын “асабиятчылыкка чакырган бизден эмес”, “улутчулдук үчүн согушкан бизден эмес”, улутчулдугу себептүү өлгөн бизден эмес”, “кимде ким улутчулдукка чакырган абалда өлсө, улутчулдугу себептүү ачууланса, жахилият өлүмү менен өлүптүр” деген хадистери риваят кылынган.
Бирок, бул мусулман өз туугандарын, жашап жаткан коомун жек көрүшү керек дегени эмес. Тескерисинче, Ислам үй-бүлөсүнө, коомуна жакшы мамиледе болууга буйруйт. Аллах Таала Ниса сүрөсүндө “Аллахтан жана туугандарыңардан мамиле үзүлүп калышынан этият болгула” деген.
Исламдагы арам кылынган улутчулдук – бул мусулмандардын бурадарлык мамилесинин ордуна курулган, өзүнүн гана жакындарын туура же туура эмес иш кылышына карабай коргогон, алардын гана жетекчи болушун каалаган түшүнүк. Мындай түшүнүктөгү адамдар бир улуттун баалуулуктарын бардык нерседен өйдө коёт. Өз улутундагылар кылмыш кылса да башка мусулмандардан артык көрүлөт.
Улутчулдук пикири кантип пайда болооруна келсек, адамдын табиятында бако (жашоо үчүн күрөш) инстинкти бар. Бул инстинктин вакыйын адам төрөлгөндөн кийин жакындары менен бирге чоңойгон үй-бүлө, өзү жашаган аймактагылар менен байланышынан көрө алабыз. Бул байланыш т.а. үй-бүлөлүк жана мекендештик байланыш адам өзүнүн жашоосун улантышы үчүн шарт кылып коет. Мына ушул инстинкт адамды өз үй-бүлөсүн жана мекенин коргоого үндөйт. Бул инстинкт адамдарда болгону сыяктуу айбанаттарда да бар. Маселен, карышкырдын үңкүрүнө же балдарына кол салсаңыз ал да сизге кол салат.
Ошондуктан, адам кайдан келгенин, кайда бараарын, бул жашоодогу максатын белгилеп берген куллий пикирге ээ болбосо, айбандын деңгээлиндеги инстинктер түрткү берген төмөн пикир менен жашап калат. Мына ушундай төмөн пикирдеги адамдардын ортосундагы байланыштан келип чыккан, өзүнүн кызыкчылыгын гана алдыга коюу тар пикир деп аталат да ал улутчулдукка негиз болот. Мындай тар пикирдеги адам жеке жыргалчылыгы үчүн лидерликке умтулат. Алгач үй бүлөсүнүн айылда жетекчи болушун, кийин райондо өзүнүн туугандарынын, өлкөдө өз уруусунун жетекчи болушун, дүйнөдө болсо улутунун жетекчи болушун каалайт. Мындай лидерликке умтулуу бардык пикир ээлеринде болгондуктан, башка үй-бүлөлөр, уруулар, улуттар арасында күрөш, согуштарды келтирип чыгарат. Ошондуктан, Расулулла с.а.в. “улутчулдукту таштагыла, анткени ал жийиркеничтүү” деп айткан.
Улутчулдук пикири саясий майданда алгач Француз революциясы мезгилдеринде Европада пайда болгон. “Вестфалия” келишими аркасынан Европада улуттук мамлекеттер түзүлүп, чиркөө кызматкерлери менен императорлордун ролу азайтылган. Маселен, Наполеон Бонапарт башка европа элдерин чиркөө жана императордун зулумдугунан боштондукка чыгарам деген ураандар менен, улуттарды өз өкүмдарларына каршы үндөгөн. Европадагы улуттук мамлекеттер саясий жактан бириккенден кийин, улутчулдук пикирин Усманий мамлекетке каршы колдоно баштаган. Халифалыктын акыркы доорлорунда Европада даярдалган миссионерлер арабдарга барып, алардын улутун үстөм болууга чакырды. Мында, Куран араб тилинде түшкөнүн, пайгамбар арабдардан чыкканын шылтоо катары пайдаланышты. Түрктөргө келип, алардын үстөм болушуна байланыштуу улутчулдук пикирлердин үрөөнүн септи. Мында түрктөр арабдарды багып жатканы, аларга көп каражат кетип жатканы шылтоо кылынды. Францияда “жаш түрктөр” жана “жаш арабдар” деген уюмдар пайда болду. Бул пикирди ташыган миссионерлер Балкан өлкөлөрүн улутчулдукка чакыруу менен Халифалыктан бөлүп алышты. Акыры улутчулдук пикири Халифалыктын борборундагы жаштар арасында кең жайылып, анын кулашына, үммөттүн чачырашына алып келди.
Жыйынтыктап айтканда, кайсы бир коом куллий пикирден келип чыккан мабда аркылуу байланбаса, алар улутчулдук сыяктуу тар пикирлердин айланасында байланып калат. Натыйжада алар бири-бири менен арааздашып, башка элдерге малай боюнча өтүп кетет. Бүгүнкү күндө Кыргызстан да мына ушул улутчулдук пикиринин мөмөсүн терип жатат. 1990; 2010-жылдардагы “Ош окуялары” буга мисал боло алат. Тарыхтагы Сарыбагыш – Бугу чабыштары сыяктуу окуялар да ушул улутчулдуктун тар формасы болгон уруучулук пикиринен келип чыккан. Түпкүлүгүндө, бүткүл адамзат бир ата-энеден тарабады беле?!
Улутчулдук улуттарды өзара кырылыштырып жатканда, анын каршысында, Ислам мусулмандарды бир үммөт катары, бир улут катары жарыялаган. Бирок, бүгүнкү күндө мусулмандарды бир үммөт болууга чакыруу кылмыш катары бааланууда. Ислам үммөтү жер шарынын төрттөн бирин түзсө да, жер шарынын чар тарабына жайылса да, эч бир саясий күчкө ээ эмес абалда. Анткени, аларды бириктирбей, тескерисинче, согуштуруп жаткан нерселердин бири – мына ушул улутчулдук пикири. Бул уу-заарлуу пикирди үммөттүн ичинен сууруп ыргытпасак, мусулмандардын өз-ара чыр-чатагы, аларга карата колонизаторлордун зулумдугу токтобойт. Анын ордун Исламдын мусулмандарды бир дене сыяктуу бириктирген бурадарлык пикирлери менен толтурушубуз шарт. Ошондо гана Пайгамбарыбыз с.а.в арабдарды уруучулук пикиринен арылтып, улуу Мамлекетти тикелегениндей, биз үммөттү бириктирип, Халифалык мамлекетин тикелей алабыз.
Мумтаз Маверанахрий