ҮММӨТ САЯСИЙ МАЙДАНДАН ЧЕТТЕП КАЛЫШЫНЫН НЕГИЗГИ СЕБЕБИ (4)

326
0

بِسْمِ اللَّهِ الرَّحْمَنِ الرَّحِيمِ

ҮММӨТ САЯСИЙ МАЙДАНДАН ЧЕТТЕП КАЛЫШЫНЫН НЕГИЗГИ СЕБЕБИ (4)

Саясий майданга кирип барууну максат кылган ар бир таквадар момун-мусулмандын исламий саясий пикирлер менен куралданышы шарт. Себеби, Үммөттүн ар бир ишке карата мамилесин үйрөнүп, анын ката же туура экенин билүү үчүн, эгер ката болсо туура мамилени үйрөтүү үчүн ар бир иштеги Ислам чечимин турмуштук, амал кыла турган деңгээлде үйрөнүш керек. Антпесе, ал адам саясий майдандагы жетекчиликти дааба кылуучу жалганчы, жасалма саясатчы болуп калат. Тарыхыбыздагы Мусъаб ибн Умайр(р.а.)ну эстеп көрүңүз, ал Мадинага барганда Расулуллах(с.а.в) таалим берген Исламдан башка куралы жок эле. Ал байлык да алып барбады, ал жердеги адамдарды да тааныбайт эле. Коомго жаңы кирип барды да, Ислам көрсөтмөлөрү менен ар кандай адамды, карапайым болобу, же жетекчи болобу өз максатын – бузук түзүмдү жоготуп, анын ордуна Аллах Таала ыраазы боло турган жашоо таризин курууну – көздөй жетектей баштады. Аз гана убакыттын ичинде Исламдан башка ар кандай жетекчи пикирлерди саясий майдандан сүрүп чыгарды.

Алгачкы доорлордо адамдар кимге кулдук кылуу жөнүндө талкуулашкан, бирок сөздөрүнө хужжат келтиришпейт эле. Бул нерсе кафирлердеги табигый абал, себеби бузуку адам кимдиги билинип калбасын үчүн о.э. чакырып жаткан нерсеси токума жалган экендиги себептүү пикирлөөдөн качат. Хужжатсыз болгон сөздөрдү кабыл алуу буйруктарды аткарууга гана адаттанган, пикирлөө эмне экендигинен кабарсыз болгон манкурттарда табигый көрүнүш. А бирок, Ислам буга ыраазы болбойт, себеби, Аллах Таала акыл неъматын берип, аны иштетүүнү фарз кылды. Ошондуктан, Куръан аяттары мушриктерди Лат, Узза же Манат сыяктуу буттары жөнүндө пикирлөөгө чакырды, себеби ошол кездеги саясат негизинен буттарга кулдук кылууга негизделген эле:

أَفَرَأَيْتُمْ اللَّاتَ وَالْعُزَّى()وَمَنَاةَ الثَّالِثَةَ الْأُخْرَى

(Эй мушриктер, өзүңөрчө сыйынып жаткан санамдарыңар) — «Лат», «Узза» жана дагы үчүнчүсү болгон төмөн «Манат» тууралуу эч ойлонуп көрдүңөрбү?! [53:19-20].

Пикирлөөгө чакыруудан тышкары, бул темадагы Акыйкат эмне экендигин да баян кылууда, бул болсо, саясий күрөштөгү негиз болуп эсептелет:

إِنْ هِيَ إِلَّا أَسْمَاءٌ سَمَّيْتُمُوهَا أَنْتُمْ وَآبَاؤُكُمْ مَا أَنزَلَ اللَّهُ بِهَا مِنْ سُلْطَانٍ إِنْ يَتَّبِعُونَ إِلَّا الظَّنَّ وَمَا تَهْوَى الْأَنْفُسُ وَلَقَدْ جَاءَهُمْ مِنْ رَبِّهِمْ الْهُدَى(23) أَمْ لِلْإِنسَانِ مَا تَمَنَّى(24)فَلِلَّهِ الْآخِرَةُ وَالْأُولَى

Ал (наам)дарбир гана силер өзүңөр жана ата-бабаңар коюп алган наамдар. Аллах алар (га сыйынуу) тууралуу эч бир далил түшүргөн эмес. Ал (мушрик)терге (пайгамбар алайхис-салам аркылуу) Жараткан тарабынан хидаят (Куръан) келип турган абалда алар жалгыз күмөнгө жана көңүл-каалоолоруна гана ээрчишти го! Же инсан үчүн өзү каалаган нерсе боло береби?! (Эч андай болбойт!). Анткени Акырет да, дүйнө да Жалгыз Аллахтыкы![53:23-25].

Яхудий жана насронийлер Аллах Таалага ыйман келтиришкени менен, бирок өздөрүнө түшүрүлгөн хидаят китептери болуп туруп да, акыйкатка каршы чыгышып, акыйкатты өчүрүп таштоого аракет кылышат эле. Насронийлер Аллах Таалага Иса (а.с.)ды же рохибдерди шерик кылышып, ошолорго кулдук кылууга умтулушат эле, негизи рохибдер залим кимселер эле. Аллах Таала айтат:

وَقَالَتْ الْيَهُودُ عُزَيْرٌ ابْنُ اللَّهِ وَقَالَتْ النَّصَارَى الْمَسِيحُ ابْنُ اللَّهِ ذَلِكَ قَوْلُهُمْ بِأَفْوَاهِهِمْ يُضَاهِئُونَ قَوْلَ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ قَبْلُ قَاتَلَهُمْ اللَّهُ أَنَّى يُؤْفَكُونَ(30)اتَّخَذُوا أَحْبَارَهُمْ وَرُهْبَانَهُمْ أَرْبَابًا مِنْ دُونِ اللَّهِ وَالْمَسِيحَ ابْنَ مَرْيَمَ وَمَا أُمِرُوا إِلَّا لِيَعْبُدُوا إِلَهًا وَاحِدًا لَا إِلَهَ إِلَّا هُوَ سُبْحَانَهُ عَمَّا يُشْرِكُونَ(31)يُرِيدُونَ أَنْ يُطْفِئُوا نُورَ اللَّهِ بِأَفْوَاهِهِمْ وَيَأْبَى اللَّهُ إِلَّا أَنْ يُتِمَّ نُورَهُ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ(32) هُوَ الَّذِي أَرْسَلَ رَسُولَهُ بِالْهُدَى وَدِينِ الْحَقِّ لِيُظْهِرَهُ عَلَى الدِّينِ كُلِّهِ وَلَوْ كَرِهَ الْمُشْرِكُونَ(33)يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنَّ كَثِيرًا مِنْ الْأَحْبَارِ وَالرُّهْبَانِ لَيَأْكُلُونَ أَمْوَالَ النَّاسِ بِالْبَاطِلِ وَيَصُدُّونَ عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ وَالَّذِينَ يَكْنِزُونَ الذَّهَبَ وَالْفِضَّةَ وَلَا يُنفِقُونَهَا فِي سَبِيلِ اللَّهِ فَبَشِّرْهُمْ بِعَذَابٍ أَلِيمٍ

Яхудийлер: «Узайр Аллахтын уулу», дешти. Насранийлер: «Масих Аллахтын уулу», дешти. Бул алардын ооздорундагы (далилсиз) сөздөрү. Алардын бул сөздөрү кудум мурунку кафир болгон адамдардын сөзүнө окшойт. Аларды Аллах каргасын! Кандай гана адашышууда! Алар Аллахты коюп өздөрүнүн даанышмандарын, рахибдерин жана Масих ибн Марямды кудайлар деп билишти. Акыйкатта болсо, жалгыз Аллахка гана пенделик кылууга (буюрулушкан) эле. Эч бир илах жок, Анын Өзү гана бар. Ал Зат алардын шериктеринен аруу. Алар Аллахтын нурун ооздору (т.а. пайдасыз сөздөрү) менен өчүрмөкчү болушат, Аллах болсо, (кафирлер) каалашпаса да Өз нурун толук жаюуну каалайт. Ал (Аллах) Өз Расулун хидаят жана хак дин менен – мушриктер каалашпаса да – бардык диндерге үстөм кылуу үчүн жиберген зат. Эй момундар, ошол даанышмандар, рохибдердин көпчүлүгү адамдардын малдарын бузукчулук (жол) менен жешет жана (аларды) Аллахтын жолунан тосушат. Алтын-күмүштү жыйып алып, аны Аллах жолунда кайыр-садага кылбай турган адамдарга жан чыдагыс азаптын «кушкабарын» жеткиргин! [9:30-34].

Бүгүнкү күндө бир да адам “кимге кулдук кылсам экен” деген ойго барбайт. Адамдар: “Президенттик башкаруу түзүмү жакшыбы, же парламенттик башкаруу түзүмүбү, же болбосо аралаш башкаруу болгонубу?” – деген суроолор үстүндө талкуу жүрүгүзүп жатышат. Бирок, алар бул пикирлер келип чыга турган негиз – акыйда – жөнүндө пикир жүргүзүүнү каалашпайт, себеби аларды “Кандай түзүм менен жашоону элдин өзү белгилейт” деген бузуку пикирлер алдап койгон. Экономикада да, экономика илими менен экономика түзүмүн ажыратпастан, негизинен өндүрүштү көбөйтүүнү максат кылган түзүм туурасында талкуу болуп жатат. Ижтимада эркек менен аял адамдыгында айырмаланбаса да, эркектик жана аялдык тармактарда өзүнө таандык жаратылган вакиъге этибар каратпаган абалда бардык тармакта теңдик принцибинде тартиптештирүүчү түзүм айланасында талкуулар жүргүзүлөт. Тышкы саясатта болсо, жетекчи мамлекеттер “дүйнө тынчтыгы” сыяктуу сырты кооз аталыштар аркылуу, өз пайдалары үчүн дүйнө калктарына зулум өткөрүүчү, зордукчул системаларды мажбурий киргизиши дүйнөнү жардын кырына алып келип коюуда ж.б.у.с…

 Ошондуктан, саясий майданга кирмекчи, эки дүйнө кордугунан сактанмакчы болгон ар кандай адам, алгач, башкаруу, экономика, ижтима, жаза-чара, тышкы саясат жана башкалар түпкүлүгүндө кандай тартипте болушу керектигин жакшылап үйрөнүшү керек. Бул нерсе шарияттын талабы. О.э. Үммөткө туура жашоо таризи – Аллах Таала ыраазы боло турган жашоо таризи – кандай экендигин түшүндүрө турган жамаатты даярдоого шашылуусу шарт. Муну четке какпаган абалда башка жолду карманган адамдар кафир болушпаса да, катуу күнөөкөр болушат. Себеби Расулуллах(с.а.в) ширк-куфр, фиску- фужурларга, мункарларга толуп-ташкан Меккеде Аллах Таала түшүргөн өкүмдөрдү өкүмдар кылуу үчүн алгач тирүү Куръандарды – асхабдарынан бир жамаатты – түзүү менен үч жыл алектенди. Башка иштерге олуттуу көңүл бургандыгы риваят кылынган эмес.

Исламдын турмушта, айрыкча саясий майданда болушу – Исламдын башкаруу, экономика, ижтима, таалим-тарбия сыяктуу түзүмдөрүн жакшылап үйрөнүүдөн башталат. Андан соң жакындарыбызга: тааныш-билиштер, кошуналар, туугандар менен апталык, айлык чогулуштарды уюштуруу, жок дегенде учурашып калганда Исламга даъват кылуу аркылуу Исламды Үммөткө үйрөтө турган жамаатты даярдап алуу керек. Бул Расулуллах(с.а.в)дын жолу жана Куръандын талабы о.э. эң сооптуу фарз болуп эсептелет. Мунун сообун т.а. Исламды жашоого кайтаруу үчүн болгон аракеттердин сообун элестетүү үчүн Исламды коргоочу-Муробиттерге убада кылынган соопторду баяндаган хадистерди келтиремин. Рибаттын фазилети жөнүндө бир топ насстар келген. Мисалы, сахих Муслимде Салман (р.а.)нун төмөнкү сөзү келген: Мен Расулуллах(с.а.в)дын мындай дегенин уктум:

«رِبَاطُ يَوْمٍ وَلَيْلَةٍ فِي سَبِيلِ اللَّهِ خَيْرٌ مِنْ صِيَامِ شَهْرٍ وَقِيَامِهِ، وَإِنْ مَاتَ جَرَى عَلَيْهِ عَمَلُهُ الَّذِي كَانَ يَعْمَلُهُ، وَأُجْرِيَ عَلَيْهِ رِزْقُهُ، وَأَمِنَ الْفَتَّانَ»

«Аллах жолунда бир күн бир түндүк рибат бир ай күндүз орозо кармап түнү намаз окугандан жакшыраак. Эгер өлсө кылып жүргөн амалы ага жазыла берет, ырыскысы да жазыла берет, фитналардан аманчылыкта болот». Табароний марфуъ хадисте ишенимдүү кишилердин санады менен риваят кылды:

«… وَمَنْ مَاتَ مُرَابِطاً فِي سَبِيلِ اللَّهِ أَمِنَ مِنَ الْفَزَعِ الأَكْبَرِ»

«… Кимде-ким Аллах жолунда муробит болуп өлсө эң чоң коркунучтан аманчылыкта болот». Абу Умамадан риваят кылынышынча, Пайгамбар(с.а.в) мындай деди:

«إنَّ صَلاَةَ الْمُرَابِطِ تَعْدِلُ خَمْسَمِائَةِ صَلاَةٍ، وَنَفَقَةُ الدِّينَارِ وَالدِّرْهَمِ فِيهِ أَفْضَلُ مِنْ سَبْعِمِائَةِ دِينَارٍ يُنْفِقُهُ فِي غَيْرِهِ»

«Муробиттин намазы беш жүз намазга барабар. Муробиттикте жумшала турган бир динар жана дирхам башка убакта жумшала турган жети жүз динардан жакшыраак». Бул хадисти Байхакий «Шуабул иман»да риваят кылган. Фазала ибн Убайддан мындай дегени риваят кылынды: Мен Расулуллах(с.а.в)дын мындай дегенин уктум:

«كُلُّ مَيِّتٍ يُخْتَمُ عَلَى عَمَلِهِ إِلاَّ الَّذِي مَاتَ مُرَابِطاً فِي سَبِيلِ اللَّهِ فَإِنَّهُ يَنْمُو لَهُ عَمَلُهُ إِلَى يَوْمِ الْقِيَامَةِ، وَيَأْمَنُ فِتْنَةَ الْقَبْرِ»

«Ар бир өлгөн адамдын амалы жабылат. Болгону, Аллах жолунда муробит болуп өлгөн кишинин амалы жабылбайт. Себеби, анын амалы кыямат күнгө чейин өсүп барат жана ал кабыр фитнасынан аманчылыкта болот». Термизий риваяты.

Даъват – бул Исламдан таалим берүү, тарбиялоо болуп, анын мааниси мусулмандарга алардын туйгуларына таасир кыла турган жана Аллахтын азабы менен каарынан коркута турган көрүнүштө диндеги иштерди үйрөтүү болуп, мусулман адам Аллахтын аяттарын үйрөнүү жана үйрөтүү тарыйкаты натыйжасында туйгулары акылына байланган убакта таасир кылуучу күчкө айланат. Исламды саясий майданга кайтаруу үчүн даъват негизги иш болуп эсептелет. Даъват шаръий истилах (термин) о.э. фарз амал болуп, ал шарият талабына ылайык болсо гана даъват фарзы аткарылган болот. Анда негизинен үч фарз бар: Исламды кандай болсо ошондой бойдон үйрөтүү, ар бир айтылган пикирге хужжат келтирүү о.э. пикирге байланган абалда туйгаларды калыптандыруудан турат. Ушундай жол менен Ислам дарагынын тамырларын зыянкечтерден арылтуу – пикир­лерди жана өкүмдөрдү Ислам акыйдасына байлоо менен о.э. буларды Куран жана Сүннөттөн келип чыккандыгын баяндоо менен ишке ашат. Бул пикирлердин, өкүмдөрдүн Куран жана Сүннөттөн келип чыгуусу ар бир пикирдин жана ар бир өкүмдүн шаръий далилин келтирүү менен болот т.а. ар бир нерсеге – ал Ислам же Исламдан деп саналышы үчүн – далил келтирүү зарыл.(“Дусия” китебинен). Эгер каршы пикир билдирген адам болсо, анда көркөм көрүнүштө талкуу кылуу менен даъват фарзы аткарылат. Аллах Таала айтат:

ادْعُ إِلَى سَبِيلِ رَبِّكَ بِالْحِكْمَةِ وَالْمَوْعِظَةِ الْحَسَنَةِ وَجَادِلْهُمْ بِالَّتِي هِيَ أَحْسَنُ

إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعْلَمُ بِمَنْ ضَلَّ عَنْ سَبِيلِهِ وَهُوَ أَعْلَمُ بِالْمُهْتَدِينَ

– «(Эй Мухаммад), Роббиңдин жолу-динине дааналык-хикмат жана көркөм насаат менен даъват кылгын! Алар (т.а сени менен талашып-тартыша турган адамдар) менен эң көркөм жол менен далилдешип-тартышкын!  Албетте, Роббиңдин Өзү Анын жолунан азган адамдарды абдан жакшы билет жана Ал Зат хидаят табуучу адамдарды да абдан жакшы билет».        [16:125]

Хикмат – бул аклий хужжат, чырайлуу насаат болсо көркөм эскертме. Т.а. адамдардын акылдарына хытаб кылган убакта алардын туйгуларын, туйгуларына хытаб кылганда болсо алардын пикирлерин козгоо керек, анткени ушул аркылуу туйгулар пикирлер менен байланып, толук көрүнүштөгү амал келип чыксын. Көркөм көрүнүштөгү талкуу болсо – бул фикратка чектелген жана шахстарга, нафсаниятына өтпөй турган талкуу. Даъват тарыйкатындагы бул үч абал тууралуу пикирлеп көрүү шарт. Бул жол – акыйкатка, эки дүйнө бактысына алып баруучу жол, Үммөт саясий майданга кирип барышынын, ал тургай дүйнө жетекчилигин колго алышынын негизги шарты. Ушуга көңүл бурбай койгон күнүбүздөн баштап кор болдук, саясий майдандан четтеп калдык. Аллах Таала айтат:

وَمَا يُؤْمِنُ أَكْثَرُهُمْ بِاللَّهِ إِلَّا وَهُمْ مُشْرِكُونَ()أَفَأَمِنُوا أَنْ تَأْتِيَهُمْ غَاشِيَةٌ مِنْ عَذَابِ اللَّهِ أَوْ تَأْتِيَهُمْ السَّاعَةُ بَغْتَةً وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ()قُلْ هَذِهِ سَبِيلِي أَدْعُو إِلَى اللَّهِ عَلَى بَصِيرَةٍ أَنَا وَمَنْ اتَّبَعَنِي وَسُبْحَانَ اللَّهِ وَمَا أَنَا مِنْ الْمُشْرِكِينَ

“Алардын көптөрү Аллахка жалаң мушрик болгон (т.а. өздөрүн «кудай» деп түшүнгөн залим акимдерге моюн сунуп, алардын адамзатты кыйроого алып баруучу «кониституцияларына» ээрчиген) абалында гана ыйман келтиришет. Же алар Аллахтын азабынан, бирер балээ-апаат келип калышынан, же кокустан алар сезбеген абалдарында кыямат кайым болушунан көңүлдөрү ток, бейпил бекен?! Айткын: Менин жолум ушул. Мен Аллахка даъват кыламын. Мен жана мага ээрчиген кишилер анык хужжатка-ишенимге ээбиз. Аллахты аруулаймын. Мен мушриктерден эмесмин”. [12:106-108].

Гариб Муслим

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here