Халифалызсыз жүз жыл! Ражаб айынын кирип келиши менен Халифалыктын кулатылганына жүз жыл болду

306
0

Басма сөз баянаты

Халифалызсыз жүз жыл!

Ражаб айынын кирип келиши менен Халифалыктын кулатылганына жүз жыл болду

Мусулмандар халифасыз жүз жыл жашашты. Акыйкатта болсо, Халифасыз жашоо эң оор күнөөлөрдүн бири болуп саналат. Анткени, Расулуллах ﷺ айтат:

«… ومَنْ مَاتَ وَلَيْسَ فِي عُنُقِهِ بَيْعَةٌ مَاتَ مِيتَةً جَاهِلِيَّةً»

«Ким мойнунда байъаты болбогон абалда өлсө, жахилият өлүмү менен өлүптүр». (Муслим риваяты).

Жүз жыл башкарууда, экономикада, жаза-чарада жана тышкы саясатта Аллахтын шарияты аткарылбады. Аллах Таала айтат:

﴿أَفَحُكْمَ الْجَاهِلِيَّةِ يَبْغُونَ وَمَنْ أَحْسَنُ مِنَ اللَّهِ حُكْماً لِّقَوْمٍ يُوقِنُونَ﴾

«Динсиздик өкүмдар болуусун каалашабы, ыйманы толо болгон коом үчүн Аллахтан да жакшы өкүм кылуучу ким бар?!»                                                                                   [5:50]

Жүз жыл мусулман өлкөлөрү колонизатор кафир Батышка көз каранды болуп келди. Батыш өз таасирин жана кызыкчылыктарын коргоодо мусулман өлкөлөрүнөн пайдаланды. Аллах Таала айтат:

﴿وَلَنْ يَجْعَلَ اللَّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلاً﴾

«Аллах момундар үстүнөн кафирлерге эч качан жол бербейт»                                [4:141]

Жүз жылда Умматтын бийлиги тартып алынып, бир ууч топтор, аскерийлер, үй-бүлөлөр жана партиялар тарабынан монополия кылынды. Акыйкатта болсо, Аллах Таала салтанатты Умматка берген. Расулуллах ﷺ айтат:

«الْأَمْرُ إِلَى اللَّهِ يَضَعُهُ حَيْثُ يَشَاءُ»

«Бу иш Аллахтыкы, аны Өзү каалаган жайга коёт». Умар Фарук айтат: «Силерден ким мусулмандар менен кеңешпей өзүнчө амир болуп алса, аны өлтүргүлө».

Халифалыксыз жүз жыл. Умматтын абалы эч кимге сыр эмес. Бул арада Хизб-ут-Тахрир Умматка Халифалык турган күндө ал азиз болгонун эстетип жатканы да, Халифалык кулагандан кийин кордукка жүз тутканын – өзгөчө ушул берекелүү Ражаб айында – түшүндүрүп жатканы да баарына белгилүү. Хизб Америка жетектеген колонизатор кафирлерди жеңүүгө – Аллахтын уруксаты менен – Уммат кудуреттүү экенин ага эстетип келүүдө. Кантип кудуреттүү болбосун, акыры, Америка ушул убакытка чейин күчсүз куралдарга, бирок, күчтүү акыйдага ээ болгон аз сандагы мусулмандарга гана жолукту. Мына ушул аз эле кубат Американы Ирак жана Афганистан баткагынан чыгуу стратегиясын издөөгө мажбур кылды го. Бул мусулмандарды сапарбар кылган Ислам мамлекети жок убактагы абал. Эгер алардын иштери тартиптештирилип, саптары бириктирилсе жана аларга жетекчилик кылынса, канчалык күчкө ээ болорун элестете бергиле!

Хизб-ут-Тахрир Умматка кушкабар айтат, Хизб Халифалыкты тикелөөгө багытталган нусрат талап кылууда жана даъват аракетинде олуттуу аракет кылууда. Расулуллах ﷺ залим падышалыктан кийин Халифалык кайра тикелениши жөнүндө кушкабар айтып мындай деген:

«… ثُمَّ تَكُونُ خِلَافَةٌ عَلَى مِنْهَاجِ النُّبُوَّةِ»

«… Кийин Пайгамбарлык минхажы негизиндеги Халифалык болот». (Имам Ахмад риваяты).

Аллахым, өлкөбүздөгү жана башка исламий өлкөлөрдөгү мусулмандарга Халифалык үчүн аракет кылуу важибдиги акыйкат экенин көрсөткүнүң. Ошондо гана алар Халифалык мамлекетине кошулууга, бул жолдо аракет кылып жаткандарга жардам берүүгө шашылышат. Оо, Роббибиз, мусулмандарга адамдар тарабынан чыгарылган демократиялык конституциялардын батылдыгын көрсөт жана аларды четке кагууну насиб кыл.

Хизб-ут-Тахрирдин Кувейттеги

маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here