СИЛЕР СӨЗСҮЗ ТҮРДӨ АМРУ МАЪРУФ, НАХИЙ МУНКАР КЫЛЫШЫҢАР ВАЖИБ

265
0

Силер сөзсүз түрдө амру маъруф, нахий мункар кылышыңар важиб

Аллах Таала адамзатты хидаятка баштоо үчүн пайгамбарларды жөнөткөн. Пайгамбарлар өз милдетин аткарышып, инсандарды амру маъруф, нахий мункар кылышты (жакшылыкка чакырышты жана жамандыктан кайтарышты). Пайгамбарлардын акыркысы Мухаммад саллаллаху алайхи васаллам да бул милдетти аткарып, адамдар топ-топ болуп Исламга киришти. Пайгамбарыбыз саллаллаху алайхи васаллам айткандай, андан кийин пайгамбарлар болбойт, ошондуктан мусулмандар амру маъруф, нахий мункар милдетин өз мойнуна алышып, бул ишти Кыяматка чейин улантышат.

Мусулмандар кылымдар бою бул милдетти аткарып келишкен. Жана аны аткарганы үчүн ийгиликтерге жетишти. Себеби Умматтын ийгилиги, жакшылыгы дал ушул милдетке байланышкан эле. Аллах Таала айтат: «Силер Аллахка ыйман келтирип, маъруфка буюрган, мункардан кайтарган адамзат үчүн жиберилген умматтардын эң жакшысы болдуңар». (Аль Имран:110). Демек амру маъруф, нахий мункар кылуу ар бирибизге важиб.

Амру маъруф, нахий мункар жөн гана милдет болуп калбастан, бул Исламды жашоого алып келүүгө кызмат кылат. Бүгүн мусулмандар бул милдетти жеке абалдарда аткарып жатышат. Бирок ошондой болсо да амру маъруф, нахий мункарга кайдыгер карагандар бар. Бул кайдыгерликтен улам, башкача айтканда амру маъруф, нахий мункарга кайдыгерлик кылуу Исламдын жандануусуна зыянын тийгизүүдө. Маселен, азыркы учурда толеранттуулук, эркиндик, мээлүүндүк, светтик деген Батыш тыгыштырган пикирлер амру маъруф, нахий мункар милдетин солгундатууда, кала берсе, бул пикирлер амру маъруф ва нахий мункарга каршы багытталган десек жаңылышпайбыз. Бул пикирлер себептүү «негизгиси жүрөк таза болгону», «анын өз эрки, таңуулаганга акың жок» деген түшүнүктөр пайда болгон. Ошондуктан амру маъруф, нахий мункарга кайдыгер болуу Исламдын чегинүүсүн, куфр пикирлеринин жайылуусун кепилдөөдө.

Жалпы мусулмандардын ахвалын ала турган болсок, бүгүн Ислам Умматы элүүдөн ашык мамлекеттерге бөлүнүп кетишкен. Алардын баары колонизаторлордун таасири астында. Арийне, бул өлкөлөрдөгү акимдер ушул колонизаторлордун буйругун аткарышып, алар көрсөткөн мыйзамдар менен өкүм жүргүзүшүүдө. Ал мамлекеттердин экономикасы капитализмге, финансысы сүткорлукка, мыйзамчылыгы парламентке, бийлиги демократияга негизделген. Мусулман акимдери Исламды башкаруудан четтетишкен. Көрүнүп тургандай, алардын иш-аракети Исламга ачык-айкын тескери. Демек, мусулман адам аларды тергеп-тескеши, аларды амру маъруф ва нахий мункар кылышы важиб. Ал тургай, Ислам бул милдетти жогору даражага көтөрдү. Пайгамбарыбыз саллаллаху алайхи васаллам айтат: «Шахиддердин саййиди – Хамза ибн Абдулмутталиб жана залим акимдин алдына барып, аны (маъруфка) буйруп, (мункардан) кайтарган, натыйжада, ошол залим аким тарабынан өлтүрүлгөн киши».

Бирок, Пайгамбарыбыз саллаллаху алайхи васалламдын ушундай көрсөтмөлөрү турса да, акимдердин башкаруусу Исламга ачык-айкын тескери келип жатса да, бүгүн мусулмандар акимдерди Ислам негизинде амру маъруф ва нахий мункар кылышпайт, а түгүл, ар кандай суу кечпеген шылтоолорду айтып, акимдерге сөз тийгизүүдөн качышат. Албетте, мындай түшүнүктүн калыптануусунда сарай уламаларынын орду чоң. Пайгамбарыбыз саллаллаху алайхи васалламдын хадистерине кайрылсак, ал амру маъруф ва нахий мункар кылууга үндөп, аны аткарбай коюудан эскерткен. Расулуллах саллаллаху алайхи васаллам айтат: «Маъруфту кылууга шашылгыла, себеби ал жаман кырсыктан сактайт»; «Инсандар залимди көрүп, анын зулумдан тыйышпаса, Аллах алардын баарына азап жибериши мүмкүн»; «Албетте маъруфка буйруп, мункардан кайтарасыңар. Антпесеңер, Аллах үстүңөргө жаман кимселерди өкүмдар кылып коёт, мына ошондо, жакшыларыңар дуа кылышса да, дуалары ижабат болбойт».

Бул амру маъруф ва нахий мункар жөнүндөгү көптөгөн хадистердин айрымдары гана. Ошондуктан биз бул амру маъруф ва нахий мункар милдетин толук аткаруубуз шарт. Мына ошондо Исламды жашоого алып келүүдө ийгиликке жетебиз жана Исламдын важиб милдетин аткарган болобуз, Аллах жакшы көргөн Уммат болобуз.

Аллах Таала айтат: «Силер Аллахка ыйман келтирип, маъруфка буюрган, мункардан кайтарган адамзат үчүн жиберилген умматтардын эң жакшысы болдуңар».

Харун Абдулхак

#أقيموا_الخلافة
#خلافت _ کو _ قائم _ کرو
#YenidenHilafet
#ReturnTheKhilafah
#Халифалыкты_кайра_тикелегиле
#Установите_Халифат

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here