Хижрий 1445-жылдагы мубарек Рамазан айынын жаңырышын күзөтүүнүн натыйжасы

1871
0

Хижрий 1445-жылдагы мубарек Рамазан айынын жаңырышын күзөтүүнүн натыйжасы

Жарыя

Бухарий өзүнүн «Сахихинде» Мухаммад ибн Зияд аркылуу ушул хадисти келтирди. Мухаммад ибн Зияд айтат, мен Абу Хурайра разияллаху анхунун мындай дегенин уктум: Набий ﷺ же Абу Касим ﷺ айтты:
«صُومُوا لِرُؤْيَتِهِ وَأَفْطِرُوا لِرُؤْيَتِهِ فَإِنْ غُبِّيَ عَلَيْكُمْ فَأَكْمِلُوا عِدَّةَ شَعْبَانَ ثَلاَثِينَ»
«Айды көрүп орозону баштагыла, айды көрүп орозону бүтүргүлө. Эгер асман булуттуу болсо, шаъбан айын толук отуз күн кылгыла».
Бүгүн 2024-жылы 10-март, жекшембиден дүйшөмбүгө караган кечте мубарек Рамазан айынын жаңырышы күзөтүлгөндөн кийин жаңырган ай шаръий көрүү менен көрүлгөнү айрым исламий өлкөлөрдө өз тастыгын тапты. Ушуга ылайык, эртең дүйшөмбү күнү бул жылдагы мубарек Рамазан айынын биринчи күнү болуп эсептелет.
…………………….
Хизб-ут-Тахрирдин
Борбордук маалымат бөлүмү

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here