Рамазан – ибадат, нусрат, жихад… фатхтар айы

1989
0

Рамазан ибадат, нусрат, жихад… фатхтар айы

(Бул ушундай бир ай болуп, бул айда нафл амалдарга фарздын сообу берилет, фарз амалдардын сообу болсо жетимиш эселеп берилет)

شَهْرُ رَمَضَانَ الَّذِيَ أُنزِلَ فِيهِ الْقُرْآنُ هُدًى لِّلنَّاسِ وَبَيِّنَاتٍ مِّنَ الْهُدَى وَالْفُرْقَانِ

«Рамазан айы, бул айда адамдарга Туура Жол болуп, хидаят менен фуркандын (акыйкат менен жалганды айырмалоочунун) ачык-айкын аяттары болуп Куран түшүрүлдү»

Бардык ааламдардын Роббиси Аллахка алкыш-мактоолор болсун. Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафага, ал заттын үй-бүлөсү жана асхабдарына о.э. кыямат күнгө чейин Расулуллах ﷺ ды көркөм көрүнүштө ээрчиген заттарга саламдар болсун, амма баъд.

Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатух.

Урматтуу боордоштор!

Мына арадан бир-жыл өтүп, айлардын саййиди жана эң берекелүүсү болгон рамазан айы кайрадан кирип келе жатат. Кыргызстандагы Хизб ут-Тахрирдин маалымат бөлүмү ушул кирип келе жаткан рамазан айын мусулмандар үчүн жакшылык жана нусрат айы кылышын Аллах Тааладан сураган абалда, бүтүндөй Ислам Үммөтүн ушул мубарак айдын башталышы менен куттуктайт. Башы рахмат, ортосу магфират жана аягы тозоктон кутулуу айы болгон бул ай бардык мусулмандар үчүн мубарак болсун. Аллах Таала рамазан айынын айт намазын рошид Халифа имамдыгында окууну насип кылсын

Баарыбызга белгилүү болгондой, рамазан айы – бул айлардын султаны. Бул айда Куръани Карим түшүрүлгөн. Бул ай ибадат, сабыр, жихад нусрат, жеңиш жана фатхтар айы болгондон тышкары, амал, иш-аракет жана эрк-кайрат көрсөтүү айы болуп эсептелет. Бул айда кылынган нафл амалдарга фарздын сообу берилет, фарз амалдардын сообу болсо жетимиш эселеп берилет. Ушундай болгон соң, бул айда бардык амалдардын катарында фарздардын таажысы болуп эсептелген Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетин тикелөө үчүн олуттуу аракет кылганыбыз максатка ылайыктуу болот. Себеби, бүгүнкү күндө мусулмандардын тагдырын чечүүчү эң маанилүү  маселе – бул турмуштан четтетилген Аллахтын өкүмдөрүн кайрадан турмушка кайтаруу. Бул болсо пайгамбарлык минхажы негизинде туура жолду кармануучу Халифалык мамлекетин тикелөө аркылуу ишке ашат. Себеби, Халифалык динди тикелейт, мусулмандардын кол тийбестигин коргоп, каны, намысы жана байлыктарын сактайт о.э. өлкөлөрдү бириктирет. Халифалык Исламды дүйнөгө жакшылык жана хидаят рисолаты катары алып чыгат, натыйжада рамазан айы акыйкат калимасын бийик кылуу айына, фатх жана нусрат айына айланат. Тарыхта муну тастыктаган окуялар аябай көп. Төмөндө рамазан айындагы жеңиш-нусрат окуяларынан мисалдарды келтиребиз.

  • Хижрий 702-жыл, 2-рамазан (миладий 1303-жыл, 20-апрель): Монголдор менен мамлүктөр ортосунда Дамашкка жакын жердеги «Сифр» жайлоосунда согуш болду. Монголдорго Кутлугшах, мамлүктөргө Мухаммад Калавун кол башчылык кылган ал согуш көркөм сыноолорду башынан өткөргөн мамлүктөрдүн нусраты менен аяктады. Монголдордун султаны Махмуд Газан ошол жеңилүүнүн кабарын укканда катуу кайгырды жана көп убакыт өтпөстөн кайгыдан каза болду.
  • Хижрий 996-жыл, 2-рамазан (миладий 1588-жыл, 26-июль): Кубаттуу поляктардын аскерлери Усманийлердин чагылгандай күчтүү аскер бөлүктөрү жардамында «Карфу» согушунда немецтердин аскерин жеңип, немецтердин кол башчысы Зигмундду туткунга айлышты. Ал согуштун себеби, Германия миладий 1592-жылга чейин Усманийлер мамлекетине моюн сунган Польша тактысын ээлемекчи болгонуна барып такалат.
  • Хижрий 1224-жыл, 2-рамазан (миладий 1848-жыл, 2-август): Усманий мамлекет аскерин Румынияга киргизди. Россия Усманийлер мамлекетинин бул кадамына Молдованы басып алуу менен жооп кайтарды. Бул нерсе Балкан аймагындагы ушул эки мамлекет ортосундагы атаандаштыктын алкагында болду.
  • Хижрий 927-жыл, 4 рамазан (миладий 1521-жыл, 8-август): Усманий султан Белград шаарын фатх кылууга жетишти. Ал шаар борбордук Европанын ачкычы о.э. Усманий Венгрия чек арасындагы эң бекем чеп болуп эсептелген.
  • Хижрий 173-жыл, 4 рамазан (миладий 1663-жыл, 12-апрель): Усманий мамлекет Германияга согуш жарыялады. Бул болсо эки мамлекет ортосундагы мурунку согушту токтоткон «Ситватурук» келишиминен кийин болду. Бул ирет согушка немецтер Усманийлер мамлекетинин чек арасына жакын аймакка бекем чеп куруп алышы себеп болгон.
  • Хижрий 666-жыл, 5-рамазан (миладий 1268-жыл, 19-май): Мусулмандар Бейбарс командачылыгында крестүүлөрдөн Антакьяны тартып алышты. Бул шаар 170-жылдан бери крестүүлөр колунда туткунда болуп, анын кайтарып алынышы аябай таасирдүү окуя болду. Себеби, ал жер крестүүлөр миладий 1097-жылы чыгышта негиздеген экинчи Эдесса (Рахо) шаарынын амирлиги болуп эсептелген.
  • Хижрий 960-жыл, 7-рамазан (миладий 1553-жыл, 17-август): Усманийлердин деңиздеги кол башчысы Таргад бек Корсика аралы менен Сицилиядагы Катания шаарын басып алды, алардын сакчылар гарнизонун кырып таштап, туткундагы жети миң мусулманды азат кылды.
  • Хижрий 8-жыл, 10-рамазан, (миладий 630-жыл, 1-январь): Расулуллах A жана асхабдары хижраттын сегизинчи жылы Меккени фатх кылуу аракетин башташты. Ошол жылы фатх жылы деп аталды. Ошол фатх Набий Aдын даъваттагы аракеттеринин негизине айланып, араб жарым аралында Ислам өкүмдарлык кылышынын башталышы болду.
  • Хижрий 961-жыл, 10-рамазан (миладий 1554-жыл, 9-август): Усманий аскер флоту менен португалдардын аскер флоту ортосунда Араб Булуңундагы Ормуз кысыгында күчтүү деңиз согушу башталды. 18 саатка созулган ал согуш тараптар толук жеңишке жетпестен аяктады.
  • Хижрий 1224-жыл, 15-рамазан (миладий 1809-жыл, 24-октябрь): Усманий мамлекет «Татарига» согушунда Россияны жеңип, орустардын 10 миң аскерин өлтүрдү.
  • Хижрий 2-жыл, 17-рамазан (миладий 623-жыл, 13- март): Расулуллах A жетекчилигинде мусулмандар менен мушриктер ортосунда Бадр согушу башталды. Анда мусулмандарга нусрат жар болду.
  • Хижрий 223-жыл, 17-рамазан (миладий 838-жыл, 12-август): Мусулмандар аббасий халифа Муътасим командачылыгы алдында «Умурия» согушунда Византия мамлекетин жеңди. Анда Мутасим мусулман боордоштору жардамга чакырганда учурда Византия мамлекетине «сабак» берип коюу үчүн аскерин аттандырды.
  • Хижрий 1249-жыл, 18-рамазан (миладий 1834-жыл, 29-январь): Россия аскерлери Румынияны беш жыл ээлеп тургандан кийин чыгып кетишти. Орустар Усманий мамлекетке моюн сунган Румынияны 1828-жылы Усманийлер менен болгон согушта басып алышкан эле.
  • Хижрий 941-жыл, 21-рамазан (миладий 1523-жыл, 7-июнь): Халифа Хайриддин Барбаросту Усманийлердин деңиз флотуна кол башчы кылып дайындады. Барбарос улуу мамлекет башчылардан болчу о.э. дүйнөдөгү деңизчилер арасындагы улуу командачы эле.
  • Хижрий 1271-жыл, 21-рамазан (миладий 1855-жыл, 7-июнь): Учурда Украинада жайгашкан Севастополь чебине Усманийлердин чабуулу учурунда орустар 20 миң аскерин жоготушту. Бул окуя Усманийлер менен орустар ортосундагы «Крым согушу» учурунда болду.
  • Хижрий 1182-жыл, 22-рамазан (миладий 1769-жыл, 31-январь): Усманий мамлекетке моюн сунган Крымдын ханы Украинага күтүүсүздөн кышкы чабуулун баштады. Усманийлер жана орустар ортосундагы ошол согушта миңдеген украин аскерлери туткунга алынды.
  • Хижрий 658-жыл, 25-рамазан (миладий 1260-жыл, 3-сентябрь): Палестинадагы Бисон жана Наблус шаарлары ортосундагы «Айни Жолут» согушу башталды. Мусулмандарга Сайфиддин Кутз жетекчилик кылды, монголдорго Кетбука командачылык кылды. Ошентип, мусулмандар Аллахтын жардамы менен менен үлкөн жеңишке жетишти жана жапайы монголдордун чабуулун токтотуп, Ислам хазаратын кыйроодон куткарып калышты.
  • Хижрий 1294-жыл, 25-рамазан (миладий 1877-жыл, 4-октябрь): Усманий командачы Ахмад Мухтар паша орус аскерин жеңди. Ал 34 миң аскери менен орустардын 740 миң аскерине каршы туруп, нусратка жетти о.э. орустардын 10 миң аскерин өлтүрдү.
  • Хижрий 1093-жыл, 27-рамазан (миладий 1682-жыл, 29-сентябрь): Усманий командачы Узун Ибрахим паша Словакиядагы бекем «Волк» чебин басып алды жана буга кошумча, аймактагы дагы башка 28 чепти басып алды. Бул командачы Словакияга толук өкүмдарлык орнотууга жетишти.
  • Хижрий 1107-жыл, 27-рамазан (миладий 1696-жыл, 20-апрель): Усманий султан Европага каршы экинчи чабуулун баштады. Немецтердин аскерине каршы ишке ашырылган жана ошол жылдын 25-октябрына чейин созулган ал согуш Усманийлердин жеңиши менен аяктады.
    • Хижрий 92-жыл, 28-рамазан (миладий 711-жыл, 18-июль): Тарик ибн Зияд жетекчилигиндеги мусулмандар менен Родерих командачылыгы алдындагы готтор ортосунда «Шазуна» же «Лакка» өрөөнү согушу башталды. Ал согушта да нусрат мусулмандарга жар болуп, Исламдын Испанияга кирип барышына о.э. Испания сегиз кылым бою мусулман өлкөсү болуп турушуна шарт түздү.

Бул окуялар Ислам өкүмдөрү менен башкара турган Халифалык мамлекети бар болгон күндөрдөгү жеңиш-нусрат окуялары. Анткени, ал доордогу мусулмандар рамазан айын таква айы жана ибадат айы деп билүү менен бир катарда жеңиш жана нусрат айы деп билишет эле. А бирок өкүнүчтүүсү, 100 жылдан бери мубарак рамазан айы Халифалыксыз кирип келүүдө… Жогорудагы окуяларды эскерүү экинчи рошид Халифалык мамлекетин тикелөө жолунда аракет кылуу үчүн бизге түрткү болот деп үмүттөнөбүз. Анткени, Аллах Таала аракет кылып жаткан момун пенделерине аларды жерде халифа кылууну жана өзү ыраазы болгон динге мүмкүнчүлүк берүүнү убадалаган. Аллах Тааала бул тууралуу мындай дейт:

وَعَدَ ٱللَّهُ ٱلَّذِينَ ءَامَنُواْ مِنكُمۡ وَعَمِلُواْ ٱلصَّٰلِحَٰتِ لَيَسۡتَخۡلِفَنَّهُمۡ فِي ٱلۡأَرۡضِ كَمَا ٱسۡتَخۡلَفَ ٱلَّذِينَ مِن قَبۡلِهِمۡ وَلَيُمَكِّنَنَّ لَهُمۡ دِينَهُمُ ٱلَّذِي ٱرۡتَضَىٰ لَهُمۡ وَلَيُبَدِّلَنَّهُم مِّنۢ بَعۡدِ خَوۡفِهِمۡ أَمۡنٗاۚ يَعۡبُدُونَنِي لَا يُشۡرِكُونَ بِي شَيۡٔٗاۚ وَمَن كَفَرَ بَعۡدَ ذَٰلِكَ فَأُوْلَٰٓئِكَ هُمُ ٱلۡفَٰسِقُونَ

«Аллах силерден ыйман келтирген жана жакшы амалдарды кылган заттарга, кудум мурунку өткөн (итикаддуу) заттарды халифа кылгандай, аларды да жер жүзүндө халифа кылууну убада кылды жана алар үчүн Өзү ыраазы болгон (Ислам) динин үстөм кылууну о.э. аларды көргөн кооп-коркунучтарынан кийин бейпилдикке бөлөп коюуну убада кылды. «Алар Мага гана ибадат кылышат жана Мага бир да нерсени шерик кылышпайт. Ким мына ушул (убада)дан кийин куфрону (ниъмат) кылса, анда, алар фасыктар» [24:55]

Аллах Тааладан аны менен коргонула турган жана артында туруп согуш кылына турган о.э. Ислам Үммөтүнө Аллахтын Китеби жана Расулу ﷺдын сүннөтү негизинде жетекчилик кыла турган туура жолду кармануучу адилеттүү халифаны кайтарып беришин сурайбыз. Бул нерсе Аллахка кыйын эмес.

Кыргызстандагы Хизб ут-Тахрирдин маалымат бөлүмү

11.03.2024

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here